Супер сынак
Урматтуу окурман! "Капырай, куюп койгондой..." аттуу супер сынагыбыз уланууда. Өзүңүздү белгилүү бир адамга окшоштурсаңыз, анда редакциябызга сүрөтүңүздү алып келиңиз, жеңүүчү болуп чоң белекке ээ болушуңуз ыктымал. Аида Өмүркан кызы өзүн ырчы Гүлзат Байзаковага көп деле окшоштурбайт. Бирок анын жакындары, өзгөчө кайненеси "сен Гүлзатка куюп койгондой окшошсуң" дейт. Аиданын кайненеси үйүнө конок келсе эле: "Ай, бул менин келиним ырчы Гүлзат Байзакова. Азыр силерге ырдап берет",- деп тамашаласа, коноктор чын эле ишенип ырды күтүп отуруп калат экен. Ал эми Аида: "Коюңузчу, апа!"- деп уялып тим болот.