БИР БҮРКҮМ

  • Ырчы Айпери Кулбаева Майрамбек Осмоновдун «Куда күтүү» аттуу ырын жаӊылап ырдап чыкты.
  • Акбар Сүйүнбаев зордук-зомбулукка каршы чакырык жасаган, тарбиялык мааниси тереӊ «Ак тилек» аттуу ыр жаздырды.
  • Ширин Сарыгулова «Урпагыбыз Манастын» аттуу ырына клип тарттырып бүттү.
  • Режиссёр Темир Бирназаров Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына арналган даректүү фильм тартты.
  • Кыргызстандык режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» аттуу тасмасы 27-августтан 7-сентябрь аралыгында Монреалда өткөн «Дүйнө тасмаларынын фестивалы» (World Film Festival) кинофестивалынын лауреаты болду.
  • Актёр Назым Мендебаиров «Мунабия», «Жамгырдан кийин» аттуу тасмаларда роль жаратып жатат.
  • Ырчы Съездбек Искеналиев эми продюсер Арсен Мендебаевдин канаты астында иш алпарат. Чыгармачылыгынын мындан ары өсүшү үчүн ырчы продюсерге чогуу иштешүү сунушун киргизгендигин айтты.
  • Ырчылар Динара Акулова менен Нурлан Насип 10-сентябрда туулган күндөрүн чогуу белгилешти.

 

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан