Турдакун Усубалиев: «МЕН ӨЗ ЭЛИМ ҮЧҮН ЭМГЕКТЕНДИМ»

7-сентябрда, 96 жашында советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, элине сиӊирген эмгеги менен кадырман аксакалга айланган Турдакун Усубалиев көз жумду. Тирүүсүндө легендага айланган Турдакун атанын жасаган иши, башкаларга кылган мамилеси, жөнөкөйлүгү эл ичинде узун сабак болуп айтылып жүрөт. Борбор калаабыздагы «Ала-Тоо» аянты, Ак үй, Улуттук китепкана, «Айчүрөк» борбордук дүкөнү, Кыргыз-орус драма театрлары, цирк жана башка мраморго оролгон Бишкектин көркүн ачкан имараттар Турдакун Усубалиев жетекчилик кылган убакта курулган.

«ОЙНОЧУМУН, МУШТАШЧУМУН... БАШКАЛАРДАН АЙЫРМАМ ЖОК БОЛЧУ»
Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Ал өзүнүн балалыгы тууралуу «Слово Кыргызстана» гезитине берген маегинде: «Менин балалыгымда өзгөчө деле эч нерсе болгон эмес. Кадимки эле дыйкандын үйүндө төрөлүп-өскөм. Ата-энем эртеден кечке талаада иштечү. А мен сабактан чыгып ойночумун, мушташчумун, тоого чыкчумун... Теӊтуштарымдан эч нерсем менен деле айырмаланчу эмесмин»,- деп айткан.
1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, 1945-жылы Жогорку партиялык мектепти аяктаган. «1941-жылы республикалык гезиттерге чыккан Кыргызстандан Сталиндик стипендияга татыктуу болгон 6 студенттин арасынан өзүмдүн аты-жөнүмдү окуп аябай таӊ калгам. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла, стипендияма ата-энеме белек-бечкек анан патефон сатып алгам. Патефон анда укмуш болчу. Үйдө жанын тындырбай кайра-кайра койчубуз»,- деп студенттик курагын жылмаюу менен эскерген.
Турдакун ата эмгек жолун 1941-жылы Кочкордо мугалимдик кесипти аркалоо менен баштаган. Ушул эле жылы Коммунисттик партиянын катарына кабыл алынып, саясий карьерасынын эшиги ачылган. 20 жылга чукул талыкпаган эмгектин натыйжасында 1961-жылы алыскы Кочкордон келген, эмгек жолун мугалим болуп баштаган Турдакун Усубалиев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы болуп дайындалган.

УСУБАЛИЕВДИН ДООРУ
Турдакун Усубалиев тууралуу сөз кур болбош үчүн анын тушунда жасалган эмгектерди санай кетпесек болбос. Баса, айрым тарыхчыларыбыз Усубалиев Кыргызстанды жетектеген 24 жылды «Усубалиевдин доору» деп аташары да жөн жерден болбосо керек. Себеби бул жылдар аралыгында 15 союздук республиканын арасында эӊ чабал болгон Кыргызстан агрардык-индустриалдык өлкөгө айланган. Республикада 24 миӊ кишини жумуш менен камсыздаган 40 ишкана ишке берилген. Буга катар айыл чарбасы да болуп көрбөгөндөй өнүгүп, Кыргызстанда койдун саны 12 миллионго жеткени айтылып жүрөт. Борбор калаанын көркүн ачкан Илимдер академиясы, Улуттук китепкана, Улуттук филармония жана башка көптөгөн имараттар, 511 миӊ жаӊы батирлер курулган. 2,5 миллионго чукул адамдын турак жай маселеси чечилген. Энергетикага да өзгөчө көӊүл бурулуп, Фрунзе ЖЭБи, Үч-Коргон ГЭСи, Каракол жана Кайыӊды ЖЭБи, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Муну менен катар «Манас» аба майданына кошо Караколдогу, Оштогу, Лейлектеги, Нарындагы аэропорттор кызмат көрсөтө башташкан.

УСУБАЛИЕВДИ АК ҮЙДӨН УЗАТКАНГА КӨБҮНҮН ЭРКИ ЖЕТКЕН ЭМЕС
1985-жылы Турдакун Усубалиев пенсияга кетиши керек деген шылтоо менен кызматынан алынган. 24 жыл бою Кыргызстанды башкарган Турдакун Усубалиевди Ак үйдөн узатып чыкканга көпчүлүгүнүн даремети жеткен эмес. Кызматтарынан кол жууп каларын Ак үйдөгү көп чиновниктер ойлошуп, иш бөлмөлөрүндө бөгүп отурганын ошол учурдун адамдары эстеринен чыгарыша элек. Жадакалса үйүнө кетүү үчүн кызматтык машинасын чакыртканда, «сизге ал унаа менен жүрүүгө болбойт» деп каршы чыгышканы айтылып жүрөт.

«БАШКАЧА БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС»
Кезинде Турдакун атадан «Кеткен убак кайра артка кайтса, жашооӊузда эмнени өзгөртөсүз?» деп сурашкан экен. Чачын ак баскан Турдакун Усубалиев: «Эч нерсени. Мен өз өлкөм, өз элим үчүн эмгектендим. Башкача болушу мүмкүн эмес»,- деген жооп кайтарыптыр. Бул жообунан анын кандай адам болгону айдан ачык көрүнүп турат.
Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты адегенде Тарых музейинде болору айтылган. Бирок элдин көп келгенине байланыштуу акыркы сапарга узатуу зыйнаты «Ала-Тоо»аянтында болуп өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, санаалаштары, айылдаштары, Бишкектин тургундары жана жакын туугандары катышты. Турдакун Усубалиев Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө, байбичесинин жанына коюлду.

Кыргыз Эл Баатыры менен коштошуу зыйнатынан.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Турдакун Усубалиев жерге берилди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zolushka77
2015-09-14 13:17:10
Кадамжайдагы бир айылды аш жеп олтуруп озбектердин биринчи катчысына белек деп койгон экен.Озбек озунузга май деп кол койдуруп алыптыр.Кыргыз айыл болуп келе жатып эле бир айыл озбектердин пост бар экен.Шаркыраган суу дарактар окунучтуусу озунун менчиги болгонсуп белек бергени туура эмес болгон.
-1
Kroxa
2015-09-14 15:30:39
усубалиев дегенде бут кыргызстан дунгурочу тартип катуу болчубэми андай адам жок жаткан жери жайлуу болсун!!!
+1
Deniza88
2015-09-16 19:59:52
Kroxa,туура айтасын кошулам)))) азыр андай адам бар болсо да кииииир
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан