«Замандаш», «Бир келип кетчи Ош жакка» аттуу ырларды жаӊылап ырдап жүргөн Жумагүл Раимжан кызы кыргыз эстрадасында аздыр-көптүр таанылып, өзүн ырчылык жаатта сынап жүргөн убагы. Өзүн жаӊы отургузулган көчөткө салыштырган ырчы «кыбырап жүрүп кырды ашам» дейт. Анда Жумагүл менен болгон кенен маекке назар салыӊыз.
КААРМАН ЖӨНҮНДӨ
Толук аты-жөнү – Жумагүл Раимжан кызы
Туулган жери – Ош шаары, Жапалак айылы
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 9-август
Кумир туткан ырчысы – Гүлнур Сатылганова
Жигиттердеги баалаган сапаты – Сөзүнө бекем турган, камкор жигиттерди жактырат
Мүнөзүндөгү кемчилиги – Ишенчээк
– Куш келипсиӊ, Жумагүл! Маекке чакырсак, атайын Оштон учуп келдиӊ. Жол алыстыгы чыгармачылыкка тоскоол болбойбу?
– Саламатсыздарбы?! Талант жер ылгабайт экен. Бишкек-Ошко күнүнө учак менен 2-3 жолудан деле барып келсе болот. Мага бул нерсе көнүмүш адат болуп, аэропортто иштегендердин көпчүлүгү мени таанып деле калды окшойт. Бирок борбордо туруп чыгармачылык менен алектенсе жакшы экен. Анткени ыр жаздырып, клип тарттырганга бул жакта шарт көбүрөөк. Азырынча ата-энем менен Ошто турабыз, балким, кийин турмушка чыгып калсам, Бишкекте жашап калаттырмын.
– Аябай жаш көрүнөт экенсиӊ...
–Мени көпчүлүгү 1991-1992-жылкы болсо керек деп ойлошот. Бирок өзүмдүн чыныгы жашымды көбүнө айта бербейм. Ар кандай окуялар болот, жаш жигиттер билбей тийишип алып, анан жашымды айтсам таӊ калышат.
– Үйдөгүлөр турмушка качан чыгасыӊ деп шыбырай элекпи?
– «Ырдап жүрө бербей турмушка чык» деп айтып калышат. Бирок үйдөгүлөр менин мүнөзүмдү жакшы билишет. Убактым келип калды, күйөөгө чыгышым керек деген ойлор менен өзүмдү жей бербейм. Күйөөгө чыгамбы, чыкпаймбы, ал менин тандоом да.
– Сендей татынакай кыздын көӊүлүнө төп келген мырза табыла элекпи ошондо?
– Ушул куракка келип жашоодо чыныгы сүйүүмдү таба элекмин. Мүнөзүм да оор, оӊой менен адам жактырбайм.
– Демек, учурда жүрөгүӊ бош?
– Так айта албайм. Жашоомдогу мырза тууралуу айтканга убакыт келе элек деп ойлойм. Кичинемде эӊ акыркы болуп мен күйөөгө чыгам, ага чейин окуйм, ырдайм, иштейм дечүмүн. Баары ошондой болду. Турмуштан жаӊылбай, адашпай түз жолду тандагым келет. Ошон үчүн азыр тандоо учурундамын.
– Чыгармачылыкка кантип келип калдыӊ эле?
– Музыкага болгон сүйүүм секелек кезден башталган. 5 жашымдан баштап ырдайм, мектепте кароо-сынактарга катышып көптөгөн диплом, медалдарды алдым. 10-класста окуп жүргөндө ошол кездеги «Кыз-Бурак» тобунун ырчысы Гүлнара Калдарова менен телефон аркылуу байланышып турчубуз.
Бир күнү кастингге чакырып калды. Ошто ар бир кыз «Кыз-Бурак» тобунун ырчысы болууну кыялданчу, мен да ошолордун катарында элем. Гүлнара эже мени кастингде ырдатып көрүп, «Кыз-Бурак-2» деп аталган даярдоо тобуна алышкан. Мени менен чогуу Мирана Мамытова, Айпери Сыдыковалар бар болчу. Ал топтун негизги курамында ырдабасам да, Гүлшайыр эженин тарбиясын алып, чыгармачылыкта тажрыйба топтодум. Окуума, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2-3 жыл жүрүп Гүлшайыр эжеден уруксат алып топтон кеткенмин. Чыгармачылык менен алектенип жүргөнүмө быйыл 5 жыл болду. Ал ортодо ырдабай өзүмдү башка тармакта да сынап көрөйүн деп Коргоо министрлигинин аскер кызматында иштедим. Бирок бир жолу сахнага чыккандан кийин аны таштай албайт экенсиӊ.
– Көп ырчылардын көлөкөсүндө калып калам деп чочулабайсыӊбы?
– Башынан эле дүӊгүрөп чыгууну каалаган эмесмин. «Өтө кызыл бат оӊот» деген кеп бар. Андан көрө кыбырап иштей берсем, бүгүн болбосо эртеӊ эмгегим бааланат деп ойлойм. Башка ырчылардан өзгөчөлөнүш үчүн рок ырдап, чачымды кызылга боёп эксперимент кылууга даяр эмесмин. Табияттан берилген талант, өӊ-келбет менен эле жүрөм.
– Шоу чөйрөдө ырчылардын арасында чыныгы ысымын өзгөртүп, псевдоним менен чыккандар бар. Сен ысымыӊды өзгөртүүнү ойлогон жок белеӊ?
– Ырчылыкты жаӊы баштаганда менин атым эски деп жаман көрчүмүн. Өзүм жума күнү төрөлгөндүктөн ата-энем ыйык күндө төрөлдү деп Жумагүл коюшуптур. Апам «элге жылкы союп берип атымды өзгөртөм десеӊ да, Жумагүл бойдон каласыӊ» деп тамашалайт.
– Ырдап тапкан каражатыӊ өзүӊө жетеби?
– Демөөрчүлөрүм башында ата-энем, бир туугандарым болчу. Азыр ырчылыктан тапкан акчам өзүм каалаган клипти тартууга жетет. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин көмөктөшөм, демөөрчү болом дегендер табылат экен. Андай мырзаларга сылык гана «кереги жок, өзүмдүкү жетет» деп коём. Жардам бергиси келген адам айттырбай эле кылат.
– Өзүӊдүн үй-бүлөӊ тууралуу айта кетсеӊ?
– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен үчүнчүсүмүн. Бир туугандарымдын баары үйлөнүп, турмушка чыгышты. Атам он жыл мурун каза болуп калган, ал эми апам учурда неберелерин багып үйдө. Үйдөгүлөр ырдаганымды колдошот. Өзүм музыкалык мектепти бүткөм, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктагам. Чыгармачылыкта мен багындырчу ийгиликтер алдыда деп ойлойм.
– Тойлордогу ставкаӊ кандай, жаӊы чыгып келе жаткан ырчы экенсиӊ деп төмөн баалашпайбы?
– Ставка дегенде өзүмдүн деӊгээлиме жараша эле бааны айтам. Той ээлери шартын түшүндүрүп, суранып калышса, айткан баасында эле ырдай берем. Бирок мага тойдо акча кыстаргандары жакпайт, ыӊгайсыз боло берем.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg