«Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат», «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет», «Айтылган сөз – атылган ок»... Бул макалдарды окуп отуруп, ата-бабаларыбыз тээ илгертен эле сөзгө тереӊ маани бергенин байкасак болот. Биз күнүмдүк жашоодо колдонгон сөздөрдүн кайсы бири адамга канат байлап эргүү берсе, айрымдары оору чакырарын билдиӊиз беле?
«Сөздөн да кантип оору жаралсын?» дегендердин оюна каршы атактуу немис психотерапевти Носсрат Пезешкиан изилдөө жүргүзүп, айрым сөздөр чындыгында эле адамды оорутарын аныктаган. Пезешкиан сөздөр организмдеги мурда эле бар ооруларды козгойбу же жаӊысын чакырабы деген суроонун үстүндө иштеген. Бир нече адамга ар түрдүү оору чакырчу сөздөр бөлүнүп, алар жашоосунда активдүү колдоно башташкан. Канча бир убакыттан кийин кимге кайсы «оорулуу» сөз бөлүнсө, ошого жараша дарт да пайда болгон.
Адамдын психологиясын бузуучу бул сөздөрдүн максаты – активдүүлүгүн жоготпой, андан ары «өркүндөп-өсүүгө» шарт түзүү.
Адам – өзүнүн организмине өзү буйрук берип турган машина. Кандай сөз айтылбасын организм буйрук катары кабыл алып, аны ишке ашырууга киришет. Демек, ой жүгүртүүбүздү оӊдоп, жашоого позитивдүү мамиле кылуу ар бирибиздин колубузда.ЖАМАН СӨЗДӨН АРЫЛУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Адамга оору чакырган сөздөр кандай таасир берерине сырттан саресеп салып көрүӊүз. «Башымды оорутту, нервиме тийди»... Ушул сыяктуу сөздөрдү көп колдонгон адамдын кабагы түйүлүп, негативдүү энергия чыгып турат. Мындай адамдын жанына баруунун өзү эле жагымсыз. Ал эми «жаман нерсенин экинчи тарабы сөзсүз жакшы» деп ойлонгон адамдын маӊдайы жарык болуп, өзүнө тартып турат. Кандай сүйлөө керектиги боюнча жыйынтык чыгарыӊыз.
Комплимент! Бирөө сиздин ишиӊизге, келбетиӊизге, жасаган тамагыӊызга, кийимиӊизге карата жакшы сөз айтса, маанайыӊыз көтөрүлө түшөт. Демек, сиз ошол мактоолорго татыктуу адамсыз. Комплимент айткан адам да көзгө жылуу, жагымдуу көрүнөт, бул ыраазычылык сезими. Эгер сиз да бирөөнүн ыраазычылыгын алгыӊыз келсе, башкаларга комплимент айтуудан тажабаӊыз.
Жакшы! Кыргызда эӊ туура жөрөлгө бар, учурашсаӊ «жакшы!» деп жооп берген. Менде баары жакшы деген буйрутма алган организм ошого жараша жакшырат, тазаланат, айыгат. Бул «жакшы» биздин ийгиликке умтулган биринчи кадамыбыз. Күнүгө колдончу сөздөрүӊүздү «болот го, жүрөм эптеп-септеп, кыбырап жатам» эмес, «баары сонун, жакшы, бардыгы жайында!» деген ишенимдүү сөздөргө алмаштырыӊыз. Калп эле жакшы деп койдум деп кыжалат болбой, чын эле жакшы болоруна ишеним артыӊыз.
Лексиконуӊуздагы сөздөрдү «жаман» – «жакшы» деген топторго бөлүп кагазга жазып, көрүнүктүү жерге илип коюӊуз. Ары-бери өткөн сайын «жамандардын» санын кыскартып (өчүрүп салсаӊыз бат унутасыз), ордун «жакшы» менен толуктаӊыз.
СӨЗДҮН КҮЧҮ ТУУРАЛУУ ИКАЯ
Сейил бакта бараткан адам жол жээгинде турган кайырчыны көрөт. Ал көтөрүп турган баракта «мен – сокурмун» деп жазылган экен. Бирок ага көӊүл бурган адам жок, ар ким өз убарасы менен алек. Кайырчынын баштыгында 2-3 эле тыйын жатат. Муну байкаган адам кайырчынын жанына келип:
– Барагыӊа 1-2 сөз кошуп жазып коёюнбу?- дейт. Кайырчы ийинин куушуруп тим болот.
Бир нерселерди чиймелеген адам баракты кайырчыга карматып, өзү жолун улайт. Кечинде ошол эле жол менен келе жатса, баягы тилемчинин
баштыгы тыйынга толуп калыптыр. Кайырчы:
– Баракка эмне деп жаздыӊыз эле?
– «Мен сокурмун, ал эми эшикте жаз...»
Адамдын жүрөгүндөгү жылуулукту ойготкон сөздөр...
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg