КИНО ДҮЙНӨСҮНҮН УЧУРДАГЫ «МАЧОЛОРУ»

Алдыда сөз болчу мырзалар аткарган бир ролу үчүн миллиондогон доллар гонорар алып, айымдардын жүрөгүн бир көз карашы менен багынтышат. Телеэкран аркылуу жылдызы жанган чет элдик көз күйдүргөн мырзалар менен тааныштырабыз.

ӨЗЖАН ДЕНИЗ

Туулган жылы, күнү – 1972-жыл, 19-май
Туулган жери – Түркия, Анкара шаары
Кесиби – Актёр, ырчы, режиссёр
Тартылган тасмалары – «Суу жана от», «Июнь кечтери», «Тагдыр», «Сүйүү жүрөккө чок салат» жана башкалар.

Түркияда атактуу актёрлордун тизмесинде Өзжан Дениздин өз орду бар. Кара каш, кара көздүү сымбаттуу мырза актёрдук чеберчилиги жана мукамдуу үнү менен мекенинде гана эмес, Германия, Франция, Орусия, Борбор Азияда да өз күйөрмандарын топтогон. Күрд улутундагы Өзжан жетишпеген турмуштун айынан 13 жашында мектепти таштап, ырдап үй-бүлөсүн бага баштаган. Кийинчерээк түркиялык сериалдарга тартыла баштайт. Тасма талаасында ага ийгилик алып келген «Коркунучтуу сүйүү» («Опасная любовь») сериалындагы Неджаттын образы болду. 43 жаштагы актёр учурунда башынан нечендеген кыйынчылыктарды, түрдүү сыноолорду өткөргөн. Ошондуктан мүнөзү чыдамкай, чечкиндүү болуп калыптанып калганын актёр өзү айтып келет. «Жумуш издеп канчалаган продюсерлердин эшигин каккылагам. Азыр болсо мени тасмасына тартам деген режиссёрлор толтура, ошого кубанам»,- дейт Өзжан. Ал эми актёрдун жеке жашоосунда айтылган ушак-айыӊдарга кулак төшөсөк, Өзжан «Даӊазалуу доор» сериалында Хүрремдин ролун аткарган Мерьем Узерлиге көз арткан дешет. Ал эми актриса бул тууралуу «Өзжан экөөбүз жакын доспуз» деген жообун узаткан.

ЖЕЙМИ ДОРНАН

Туулган жылы, күнү –1982-жыл, 1-май
Туулган жери – Түндүк Ирландия, Белфаст шаары
Кесиби – Актёр, модель
Тартылган тасмалары – «Антропоид», «Грей мырзанын 50 кыры», «Үйгө учуу», «Күндөгү көлөкө» жана башкалар.
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Жейми Дорнанды азыркы замандын жаӊы секс-символу десек болот. Анткени ал баш каармандын ролун аткарган «Грей мырзанын 50 кыры» эротикалык бестселлери чоӊ экранга чыга электе эле коомчулукта кызыгуу жаратып популярдуу болуп чыга келди. Буга чейин Жейми тартылган 5 фильмди ийгилик жаратты деп айтууга кыйын. Себеби алар тууралуу эч ким деле билбейт. Ал эми акылга сыйбас кылыктарга ээ, миӊ түркүн төшөк оюндарын каалаган жаш миллиардер Кристиан Грейдин образы аны дүйнөлүк атактуулукка жеткирди. Аталган тасма үчүн сакал-мурутун алууга мажбур болгон Дорнан сакалсыз өзүн ыӊгайсыз сезип жатканын, ансыз бети арык, жаш өспүрүмдүн жүзүндөй болуп каларын айтат.
Жейми Дорнан тасма аянтына чейин модель да болчу. 2006-жылы ал гейлерге арналган журналдын башкы бетине чыгып, «өзгөчө ориентациялуу» күйөрмандарын топтойт. Мындан улам аны көпчүлүк гей деп айтып чыгышкан. Бирок Жейми модель Кейт Мосс, актрисалар Кира Найтли, Линдси Лохан, Сиенна Миллер менен мамиле куруп жогорудагы ушактарды четке какты. 2013-жылы Жейми актриса Амелия Уорнерге баш кошуп, кыздуу болушкан. Бактылуу түгөйлөр учурда экинчи наристесин күтүп жатышат. «Мен үчүн эӊ башкы роль – кызыма ата болуу, аны эч кандай жумушка алмаштырбайм» деген Жейми азыркы тапта «Грей мырзанын 50 кыры» тасмасынын уландысына тартылууда.

ПАК Ю ЧОН

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 4-июнь
Кесиби – Ырчы, актёр, композитор
Тартылган тасмалары – «Сонгюнгвандагы дүрбөлөӊ», «Чатырдан түшкөн ханзаада», «Сени сагынам» жана башкалар.

Корей тасмаларынын көркүн ачкан Пак Ю Чон (Микки Ючон) калыӊ элге алгач музыкант катары таанылган. Башында түштүк кореялык TVXQ, андан кийин J.Y.J тобунун мүчөсү болуп жүрүп бир топ атактуу болгон. Жадакалса белгилүү америкалык продюсер Тимбалэнд менен иштешүү мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн. Ал эми тасма талаасына Пак мырза 2010-жылы биринчи жолу «Сонгюнгвандагы дүрбөлөӊ» фильмине тартылып келип калган.
Бул жигиттин мүнөзү тууралуу кеп кыла турган болсок, жакындары «мүнөзү жумшак, бирок ачуусу келип турган учурда ага жолобой эле койгон оӊ» дешет. Үй-бүлөсүнө өтө камкор, муну апасынын кыялын орундатып, ага балмуздак саткан дүкөн ачып бергенинен улам билсек болот. Ал музыкасыз жашоосун элестете албайт. Мындан улам ага тасманы же музыканы танда десе, Пак музыканы тандаары анык.

ДАНИЛА КОЗЛОВСКИЙ

Туулган жылы, күнү –1985-жыл, 3-май
Туулган жери – Москва шаары
Кесиби – Театр жана кино актёру
Тартылган тасмалары – «Распутин», «Духless», «Легенда №17», «Кан соргучтардын академиясы», «Дубровский» жана башкалар.

«Духless» тасмасында баш каармандын ролун жаратып атактуулукка жеткен Данила Козловский учурда орусиялык эӊ сымбаттуу актёрлордун сап башында турат. Ал аталган тасмадагы ролу үчүн 27 жашында «Алтын бүркүт» («Золотой орёл») сыйлыгына татып, мекениндеги эӊ көп гонорар төлөнгөн актёрлордун тизмесине тиркелди. Даниланын өз ролун жеткире аткарганы Голливуд режиссёрлорунун да көзүнө түшүп, голливуддук «Кан соргучтардын академиясы» («Академия вампиров») тасмасына тартылууга жетишкен. Жумушун мыкты аткарганы менен ал тууралуу журналисттер «актёрдун мүнөзү оор, түшүнүксүз» деп көп айтышат. Ал эми режиссёрлор аны миӊ түркүн образды мыкты жарата ала турган профессионал актёр деп эсептешет. Күйөрман кыздары үчүн Данила өӊ-келбети келишкен, иштеген иши ойдогудай, көз карашы жүрөктү өрттөп өткөн ак боз ат минген ханзаада сыяктуу.
Карьерасынын ташы өйдө кулап, ийгиликти багынтып жаткан актёрдун жеке жашоосуна көз чаптырсак, Козловский жубайы актриса Уршула Магдалена Малка менен 3 жыл бирге түтүн булаткан соӊ ажырашып кеткен. Учурда актёрдун жүрөгү бош эмес. Ал «Распутин» тасмасындагы өнөктөшү актриса Юлия Снигирь менен сүйүү романын куруп жаткан кези.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Gulzat86
2015-09-21 11:56:21
Корейлердин кызыбы баласыбы эрке ,бала кыял болгону жакпайт.Оз жашына жараша болсо ар бир адам.Курт улутундагы адамдар негизи сулуу келишет.Бирок кеп сулуулукта эмес акылына сулуулугу айкалышса анда башка кеп.
+1
asia_92
2015-09-21 18:23:34
Мага Пак Ю Чон жагат...Кинолорду катыра аткарат.
0
AyPeKa
2015-09-22 01:47:21
ӨЗЖАН ДЕНИЗ бул актер сулейманды деле катыра ойномок.
+1
jypar.i
2015-09-23 23:16:54
AyPeKa,Өзжан "Даңазалуу доордо" роль аткарды беле? Ошол сериалдан көргөндөй
0
jypar.i
2015-09-23 23:17:14
болуп жатам
0
Alixan-Nookat.2015
2015-09-24 09:58:41
Бизде Кыргызстанда жакшы кинолор тартыла баштады эле акыркы кундору Тамашоунун балдары эптемей кино тартып кайра кинонун баркын кетире баштады.
+1
eldar96
2015-09-25 19:47:10
Alixan-Nookat.2015,

Кошулам
0
jazgul.kg.ru
2015-09-26 17:22:30
Alixan-Nookat.2015, туура айтасын
0
Gulya21
2015-09-26 15:40:31
Озжан Денизди анан Жейми Дорнанды тааныйт экем
0
aygerimka
2015-09-26 19:44:46
Булар аткарган кинолордун бирин да корбогон экенмин.
0
mirbek.apazov
2015-09-27 01:54:14
Курманжан датка киносу тартылдыго
0
Tattybubu93
2015-09-27 15:22:49
Озжан Дениз дин Сейман болуп бир тасмада аткарган ролун коргон элем. Бахардын суйгону. Бирок актёр ж-до маалыматым жок эле.
0
liitle_princess95
2015-12-30 09:41:05
Пак Ю Чон сонун актер
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан