«Жаӊы толкун-2012» сынагынын катышуучусу Бек Исраилов жакында үйлөнөт. Бектин жубайы болчу селкинин аты Айжаркын, белгилүү ырчы Чолпон Алсеитова менен композитор Аскар Карыбаевдин кызы болот. Бул тууралуу ырчы: «Буюрса, жакында баш кошобуз, бирок той өтчү күндү тактай элекпиз. Айжаркын 21 жашта, кесиби мугалим. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 4 жыл болду. «Ысык-Көл-2011» эл аралык фестивалына катышууга баргам. Айжаркындын эжеси да бул сынакка катышкан эле, сүйүктүүм аны колдоп келиптир. Мына ошондо таанышып калганбыз»,- дейт. Ырчы мырзага бакыт каалайбыз.