Бөбөктөр «суусадым» дешкенде дүкөнгө эмес, жер төлөгө чуркап өз колуӊуз менен жасаган нак ширени алып чыгып куюп берсеӊиз кандай ырахат. Андыктан ак төөнүн карды жарылган мезгилде түрдүү жашылча-жемиштен нак шире жасап алалы.
ЖҮЗҮМ ШИРЕСИ
2 килограмм жүзүмдөн 1 литр шире чыгат.
Жүзүмдү таза жууп, шире чыгаруучу аппаратка салсаӊыз, бир заматта ширесин өзүнчө, данегин өзүнчө кылып бөлүп берет. Чыккан ширени сыр идишке куюп, 5 мүнөт кайнатып алып, бууланган банкаларга куя бериӊиз. 1 литрге жетпеген ширенин үстүнө 1 стакан кайнатылган суу кошуп толтуруӊуз, болбосо өтө таттуу болуп калат.
Эгер шире чыгаруучу аппаратыӊыз жок болсо, дакини 3-4 каттап, ага жүзүмдөн аздан салып колуӊуз менен мыжыгып, ширесин сыгып алыӊыз. Анан жогорудагыдай эле банкаларга куюп жаба бериӊиз.
ПОМИДОР ШИРЕСИ
10 килограмм помидордон 5 литр шире чыгат.
Помидорду таза жууп алабыз да, ортосунан теӊ экиге бөлүп кесебиз. Иштегиӊиз келбей турса, шире чыгаруучу аппараттан өткөрүп алыӊыз. Болбосо эт туурагычтан, андан соӊ электен же 3-4 катталган дакиден өткөрүӊүз. Анан сыр мискейге куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатасыз. Татымына жараша туз, кумшекер кошуп жакшылап аралаштырып, таза жуулуп, бууланган банкага куюп беките бересиз. АЛМА ШИРЕСИ
8 килограмм алмадан 4 литр шире чыгат.
Алманы жылуу сууга таза жууп, майда кесимдерге бөлүп алыӊыз. Эгер шире чыгаруучу аппаратыӊыз болсо, андан өткөрүп жибериӊиз. Болбосо алгач эт туурагычтан, андан кийин дакиден өткөрүп аласыз. Чыккан ширени сыр мискейге куюп, жай отко коюӊуз. Канча литр болсо, ошончо аш кашык кумшекер кошуӊуз. 5-10 мүнөт кайнатып, көбүктөрүн алып, бууланган банкага куюп оозун бекитип, одеяло менен жаап коёсуз.
АПЕЛЬСИН ШИРЕСИ4 даана апельсинден 6 литр даярдоого болот.
Апельсиндерди кайнак суу менен жууп кургатып, муздаткычтын тоӊдурмасына 7-8 саатка салып коюӊуз. Муздаткычтан алгандан кийин сырты менен майдалап кесип, эт туурагычтан өткөрөсүз. Чыккан массага кайнатылган 1 литр сууну куюп, 10 мүнөт коюп коюӊуз. Анан 3-4 катталган дакиге салып мыжыгып ширесин сыгасыз. Чыккан ширеге дагы кайнатылган 4 литр суу куюӊуз. Ага 0,5 килограмм кумшекер, 30 грамм лимон кислотасын кошуп аралаштырасыз. Анан бууланган банкаларга куюп салкын жерге коюӊуз. Эгер суусап баратсаӊыз бир саат чыдаӊыз, бир сааттан кийин даамына келет.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg