«ТАБЫЛГА» – ТАӉ КАЛТЫРУУНУ ТОКТОТПОГОН ЖАЛГЫЗ СООДА БОРБОРУ!

«Табылга» соода борборунун кардарларынын арасында ойнотулган автоунаалар жана башка баалуу белектерден кийин шаар тургундарын эч нерсе менен таӊ калтырууга болбогондой сезилчү. Бирок «Табылга» соода борборунун администрациясы жетишкендиктер менен токтоп калбай, дагы деле жаӊы акциялар жана белектери менен кардарларды кубантып келишүүдө.
Акыркы жолу ойнотулган лотерея 12-сентябрда өтүп, анда да башкы байгеге автоунаа коюлган болчу. Бул ирет да байгеге коюлган Мицубиси Спейс Стар автоунаасы «Табылга» соода борборунун кардарларынын арасынан өз ээсин тапты. Урматбек Байсылдаев «Табылга» соода борборунан 2 банка сыр сатып алып жатканда мыкты автоунаа утуп алары жана өмүр бою эсте калчу окуянын ээси болору оюна да келбесе керек. Бул ишембиде жалгыз Урматбек гана жеӊүүчү болгон жок, андан сырткары дагы отуздай кардар баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ошондой эле утуш өткөрүү мааракесине катышкан бардык кардарлар бул майрамдык иш-чарадан куру кол кетишкен жок. 50дөн ашуун бала белекке оюнчук алса, дагы бир тобу шоколад менен сыйланды. Мындан сырткары келген коноктордун баары ичине мыкты «Пиала» чайы, даамдуу «Grizzly» чипсылары жана башка жагымдуу майда-чүйдө нерселер салынган баштыктарды белекке алышты. Мындай белектер, жагымдуу аба ырайы жана шаӊдуу музыка «Табылга» соода борборуна жакын жүргөн элге майрамдык маанай түзүп берди десек жаӊылышпайбыз.
Эске салсак, утушка катышуу­нун эрежеси эӊ жөнөкөй, жөн гана «Табылга» соода борборунан 500 сомго же андан жогорку суммага соода кылсаӊыз, утуш лотереясын аласыз. Ал эми 5 миӊ сомдон ашуун суммага соода кылган кардарлар 2 билеттен алышат.
Эгер сиз ойнотулган автоунаанын же башка баалуу белектердин бактылуу ээси болбой калсаӊыз кайгырбаӊыз, анткени 5-октябрдан баштап жаӊы акция старт алмакчы. Бул акцияда да адаттагыдай эле жаӊы автоунаа ойнотулуп өз ээсин күтмөкчү. 5-декабрда Субару Форестер автоунаасы жана башка көптөгөн баалуу белектер «Табылга» соода борборунун кардарларынын арасында ойнотулат. Утушка катышуу үчүн 5-октябрдан 4-декабрга чейин «Табылга» соода борборунан 500 сомго же андан көп суммага соода кылуу керектелет.
«Табылга» соода борборунун аркасы менен укмуштуу Субару Форестер автоунаасы сиздики болуп калышы толук мүмкүн! Анча-мынча гана соода борборлору товарларын ыӊгайлуу баада сунуштап, анын үстүнө автоунаа менен башка көптөгөн баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берерин моюнга алыш керек.

Эрмек Жакыпов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
magic1721
2015-09-28 19:59:19
илгери Дордой Плазада ойнотулат дешип элдер дурбушкон эжем иштейтле ой мунун баары калп эле деп лотерея да ойнотулган эмес
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан