ИСЛАМ БАНК ИШИНИН ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргызстандын финансылык кызмат көрсөтүү рыногунун колдонуучуларынын көпчүлүгү ислам каржылоо принциптери тууралуу так биле беришпейт. Айрымдар ислам каржылоо принциби дегенди «үстөк пайызсыз насыя берүү» деп түшүнсө, кээ бирлери «диний ишенимдерге байланышкан финансылык мекеме» катары билишет. Ошондуктан ислам каржылоо принциптери, анын маани-маӊызы тууралуу тагыраак билүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын Ислам каржылоо продуктулары бөлүмүнүн инспектору НАЗАРБАЕВ АЗАМАТ МАМАТИСАКОВИЧ менен маектештик.

– Азамат Маматисакович, ислам банк ишинин принциптери деген эмнени түшүндүрөт?
-Ислам каржылоо принциптери тууралуу сөз болгондо, биз сөзсүз түрдө банктык жана финансылык операцияларды жүргүзүүдөгү айрым эреже жана тартиптер тууралуу айтабыз. Ислам банк ишинин принциптери – бул банктык, финансылык операцияларды шарият стандарттарына ылайык жүргүзүү эрежеси десек болот. Шарият стандарттары – бул атайын эл аралык стандарттарды бекитүүчү уюмдар тарабынан операцияларды жүргүзүү эрежелери. Ислам банк ишинин негизги принциптери төмөнкүлөр:

  •   Насыя же депозит болобу, пайыздык төлөмгө кепилдик берилбейт; 
  •   Келишимде белгисиздиктер (гарар) болбошу керек. Мисалы, товардын баасы, төлөм жана башка шарттары так жана белгилүү болушу керек.
  •   Тамеки, алкоголь, баӊгизат, кумар оюндары жана аларга байланыштуу бизнестерге инвестициялоо уруксат берилбейт.

– Ислам банк ишинин принциптери боюнча иштеген банк салттуу банк ишинен эмнеси менен айырмаланат?
-Банк, аманатчы же кардар болобу алар өнөктөш катары каралышат. Киреше жана чыгаша тараптардын ортосунда алдын ала түзүлгөн келишимдин негизинде пропорционалдуу болуп бөлүштүрүлөт. Ошондуктан банк аманатчыга же кардар банкка пайыз төлөп берүүгө кепилдик бере албайт. Дагы айта кетүүчү нерсе – бул ислам банкы болобу же ислам финансылык уюму болобу, алардын кызматы менен жеке гана мусулмандар эмес, бардык эле адамдар колдонсо болот. Башкача айтканда, ислам финансылары «ислам» деген аталышта болгондуктан шарияттын нормаларына туура келиш керек.  
– Исламдык принциптеги каржылоо инструменттери тууралуу айта кетсеӊиз?

-Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) капитал (акча каражаттарды) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (ишкер) бул капиталды кабыл алуу менен пайда алуу максатында аны тескейт. Тараптар түшкөн пайданы өз ара бөлүштүрүү тартибин алдын ала келишимде аныктоого тийиш.
Мурабаха келишим шарттары боюнча банк кардардын билдирмеси менен кандайдыр бир товарды үчүнчү тараптан сатып алат жана ошол эле товарды кардарга сатат. Төлөмү болсо бир нече мөөнөткө бөлүнөт. Сатуу баасы товардын башкы сатып алуу баасынан жана келишимде эки тарап (банк жана кардар) макулдашылган үстөк баадан турат.
Иджара – бул кардардын билдирмеси боюнча жабдуулардын же башка мүлктү банк тарабынан сатып алуу жана анын кардарына макулдашылган мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө келишим.  
Иджара мунтахийя биттамлик – бул келишимге ылайык, кардар банктан ижарага алган мүлктү (активди) келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин же болбосо келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде бөлүп төлөө аркылуу сатып алууга милдеттенет. 
Салам – келишимди түзүү учурунда товардын наркын толук төлөө шартында, кийин жеткирип  берүүнүн  негизинде товарларды сатып алуу боюнча милдеттеме.
– Ислам банк ишинин этикалык нормаларына дагы кыскача токтоло кетсеӊиз...
-Ислам банк ишинин негизги аспектилеринин бири ушул сиз айткан этикалык нормаларда жатат. Жогоруда айткандай, ислам банкы кумар оюн, ичимдик жана тамеки бизнестери боюнча же алар менен байланыштуу ишканага инвестиция кыла албайт. Ошондой эле исламдык каржылоонун үлгүсүндө ислам банкынын же башка бир ислам финансылык мекемесинин жалгыз максаты – киреше табуу болбошу керек. Киреше табуу максатынан тышкары ислам банкы же ислам финансылык уюму болобу алар коомдун бакубат турмушу, калктын толугу менен камсыздалышы сыяктуу максаттарды көздөшү тийиш. Бирок ошол эле учурда ислам банкын пайда табуу максатын көздөбөгөн – кайрымдуулук уюм катары кабыл алууга да болбойт.
– Ислам банк ишинин принциптери өлкөбүздө кандай өнүгүп жатат?
-Ислам банк ишинин принциптери Кыргыз Республикасында 2006-жылы пилоттук долбоор катары бир банктын негизинде башталган. Ошондой эле пилоттук банктан тышкары башка финансылык кредиттик мекемелерге мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн 2009 жана 2013-жылдары банк ишине жана микрофинансылык уюмдарга тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ислам банк иши жана каржылоо принциптери менен бир банк жана 3 микрокредиттик компаниялар иш алып барып жатышат.
– Өлкөбүздө ислам банк ишинин принциптеринин өнүгүү келечеги кандай?
-Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Улуттук Банк тарабынан www.finsabat.kg деген сайт ачылып, анда жалпы банк иши жөнүндө жана ислам банк иши боюнча маалыматтар жарыяланып жатат. Кыргыз Республикасында ислам банк ишинин принциптери эл аралык принциптерине жана шарият стандарттарына ылайык келиш үчүн Улуттук Банк ислам финансылоо кызматынын туруктуулугун жана бекемдигин камсыздай турган, стандарттарды аныктоочу The Islamic Financial Services Board уюмуна кирүү чечимин кабыл алган.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
daniel87
2015-10-13 23:32:11
Мен такыр тушунбодум жатык тилде тушундуруп бергилечи???мен кредит алсам мисалы Кандай шартта берет?
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан