АСКАТ МУСАБЕКОВ «ҮЙЛӨНСӨМ ӨЗҮМ КАБАРЛАЙМ» ДЕЙТ

Буга чейин эле шоу чөйрөсүндө «ырчы Аскат Мусабеков жубайы, кыл кыякчы Залина Касымова менен ажырашып кетиптир» деген кептер болуп келген. Бирок эки тарап теӊ бул тууралуу ооз ачышпай, кептин чын-бышыгы дайын эмес эле. Жакында эле «Аскат мырза ажырашмак тургай, экинчи ирет үйлөнүп, наристелүү болуптур» деген кабарды кулагыбыз чалды.
Ырчы бул жөнүндө: «1 уул, 1 кызым бар экенин билесиздер. Ал эми 3-балам тууралуу сиздерден угуп жатам. Башканы жашырсам да, баланы кантип жашырмак элем? Алгач үйлөнөйүн, үйлөнсөм сөзсүз сиздерге кабарлайм»,- деп жооп берди. Ырчынын бул жообу анын учурда башы бош экенинен кабар бергендей.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
azhibaeva.2012
2015-09-28 18:20:08
Тамаша тордо мен да кордум эле. Ото эле кызганат деди беле мумкун кызганычтын айынан да ажырашкандыр. Бирок бекер кылат эки баласы бар экен уйлонолек болсон абдан ойлонуп аялына балдарына эле кайтканын жакшы. Экоон тен сахна адамдарысынар оор болушунар керек. Менин оюмча бирок озунор го билесинер
+2
dasta
2015-09-28 18:43:16
КЫРГЫЗДА бир кеп бар емесби ат айланып казыгын табат аскат байке да бир куну ойлонот ошондо кеч боолуп калат
+1
zama1993
2015-09-28 19:06:53
Жаман эле болуптур балдарына жалко
0
Aiym
2015-09-28 19:31:18
Эки ай мурун эле бишкек парктан кордум эле го экоону, балдары болуп чоогу тамактанып отурушкан болчу
+2
kobra86
2015-09-30 09:01:10
Aiym,ошондой эле болгон болсун
+1
.lonely-she-wolf.
2015-09-28 21:00:30
Мумкун жон гана журналисттин суроосуна жараша жооп гылгандыр,тамаша турундо.бактылуу болушсун ечким тугойунон ажырашпасын.
+4
jama9210
2015-09-29 03:14:29
Оздору билишет да. Чужая семья тёмный лес))
+4
briliant87
2015-09-29 10:41:21
Оздору билишетда эми.
+3
deva
2015-09-29 13:43:13
Аскаттын апасы Залинаны башында эле жакшы кабыл албай койгон дешчү. Акыры жеңген го дейм.
+1
Rashinboy
2015-09-29 14:48:45
Аскат аябай кызганчаак, Залина чыдабай кетсе керек да.
0
gulaza
2015-09-30 03:40:47
Кыяк черткен адамдын жан дуйносун баалайм, алар артистерден, актерлордон, шоу дуйнодон башкача адам Залина ак жол ийгилик. Аскат Аруузатым ырына окшотуп Залинадайды таппайсын!
+3
Mercedes202
2015-09-30 08:05:54
Жаман болгон тура. Эми Залинага жакшы адам жолугаар. Бактылуу болсун. А Аскат аял алып балдарды тируулой жетим кылбай, жон эле журо берсинчи.
+1
samka85
2015-09-30 15:40:47
Сонун тугойлор елего емне коз тийдиби сабыр ынсап берсин
+2
Chtc
2015-09-30 17:25:30
Жакшына эле жашап жүрөт деп айтып жатышат.
+1
jikitai
2015-10-01 16:42:38
Аскат мырзага ,Залинага бактыларын тапсын деп каалап кетээр элем.Ал эми буларды обсуждать эткендин кажети жок себеби булар акыркы же биринчи эмес ажырашуулар болуп келген жана боло берет.Анан да Аскат мырзаны керсейген,мерез дегенге кошулбайм,себеби оз козум м.н коргом сопсонун эле жаркыраган кыргыз жигити
0
bellacvetochek
2016-05-18 00:59:58
Жазат десе эле жаза бересинер.азаматсын аскат.унчукпай кутулду
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан