МАЛАЙЗИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕР КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТЫП ЖАТЫШАТ

Кыргызстанга туристтерди тартуу, бул тармакты кирешелүү деӊгээлге чыгаруу боюнча сунуш айткандар өтө көп. Сөздөн ишке өткөндөр саналуу гана. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов бул жаатта жемиштүү иш баштады. Дегенибиз, быйыл жайында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчисинин демилгеси менен өлкөгө малайзиялык «The Star», «TV3 Malaysia», «Bernama» аттуу ири медиа-мекемелердин журналисттери келип, Кыргызстан менен таанышып кетишкен. Алар мекенине кайткан соӊ биздин өлкөбүз тууралуу репортаждар Малайзиянын алдыӊкы телеканалдарынан көрсөтүлүп жатты. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз жергеси тууралуу түрдүү видеотүрмөктөр Малайзиянын мамлекеттик «BERNAMA TV» телеканалынан көрсөтүлдү. 8-9 мүнөттүк роликтер кыргыз, англис жана малай тилдериндеги ырлар менен коштолуп, күнүнө эки жолудан көрсөтүлүп, эфирден миллиондогон көрүүчүлөр Кыргызстан жөнүндө маалымат алып жатышты. Малайзиянын алдыӊкы NTV7 телеканалынан да Кыргызстандагы туристтерди кызыктыруучу жайлар, кереметтүү Ысык-Көлүбүз тууралуу кенен маалыматтар берилди
    Мындай иш-аракеттер башталган соӊ үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушту. Анвар Юсупов Кыргызстандагы туроператорлордун атынан элчиге малайзиялык журналисттерге пресс-тур уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Кыргызстанды жакындан таанытууга жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү Малайзиянын маалымат каражаттарында чагылдыруу өӊдүү иш-чараларды уюштурууга өзүнүн жардамын сунуштады. Буга катар жолугушууда өлкөгө Түштүк-Чыгыш Азиядан туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрү, Кыргызстан менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн туризм тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү талкууланды. Элчи Кылычбек Султанов туризм боюнча эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшү үчүн кызматташууга даяр экенин, эки өлкө ортосунда түз аба байланышын ачуу боюнча Малайзиянын Маданият жана туризм министрлиги менен жолугушууну уюштурууга аракет кыларын билдирди. Ошондой эле ассоциация президентин мусулмандар маданияты жана кол өнөрчүлүгү даӊазаланып, Малайзияда өтүүчү фестивалга активдүү катышууга чакырды. Фестиваль быйыл октябрь айынын соӊунда Малайзиянын Путраджая шаарында өткөрүлөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Малайзиялык NTV7 каналында Кыргызстан тууралуу
Кыргыз жергеси тууралуу видеороликтер Малайзиянын телеканалынан көрсөтүлдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oruktu_city
2015-09-30 10:57:40
Мен ушул байкени сыйлайм...иштеген Жумушу чет жерде болсода елим деп Жакшы программалар м,н таанытып,тааныштырып атат ,ийгилик каалайм
0
pirim77
2015-10-01 12:39:55
кылыч азамат бала. кылычта мээ бар. кылыч оратордукту уйронушу керек.
0
№ 673, 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан