Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин көпчүлүгү Орусиянын аймагында тиричилик кылып, ар кандай жумуштарда иштешет. Көр тириликтин айынан бирөөнүн жеринде иштеп жүргөн жарандарыбыздын арасында оор кырдаалдарга туш болуп, запкы жегендери да көп. Төмөндөгү окуяда өз жердешинин көрсөткөн зомбулугунан качам деп көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан кулап кеткен кыргыз кызы тууралуу сөз болмокчу.
«ОРУСИЯНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ»
20-сентябрда Орусиянын борбор калаасы Москва шаарынын Демьян Бедный көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен зордуктоо кылмышына шектелип кыргыз жараны колго түшкөн. Анткени андан бир күн мурун ал ушул үйдүн батирлеринин биринен 20 жаштагы кыргыз кызын зордуктоого аракет кылганда, кыз 7-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жергиликтүү полиция кызматкерлеринен кыргыз жарандарына тиешелүү маалымат түшкөн. 19-сентябрь күнү ооруканага К.А. аттуу 20 жаштагы Кыргызстандын жараны оор абалда келип түшкөн. Анын жамбаш сөөгү сынып, көкүрөк сөөгү менен өпкөсү жабыркаган жана башка орчундуу жаракаттарды алган.
Орусиядагы биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин маалыматына караганда, 20 жаштагы кыз 7-кабаттан кулап кеткен жана анын кулап кетишине себепчи болгон адам да Кыргызстандын жараны. 19-сентябрда Шавкат Акимов аттуу Талас облусунун тургуну болжол менен күндүзгү саат 3 менен 6лар аралыгында Москва шаарындагы батирлердин биринен өзүнүн мекендеши, 20 жаштагы К.А. аттуу кызды зордуктоого аракет кылат. Күч колдонуп анын аялуу жерлерин ачып, кийимдерин тытып керебетке сүйрөп барыптыр. Кыйноо жолу менен зордуктап жатканда кыз каршылык көрсөтүп жатып эптеп бошонуп ашканага качып чыгат. Жабырлануучу кылмышка шектүүнүн кайрадан зордуктоосунан коркуп ашкананын балконунан алдыӊкы кабаттын балконуна секирип түшүүнү көздөйт. Бирок ал кармана албай, 7-кабаттан жерге кулап түшкөн. Учурда бейтаптын абалы оор дешүүдө. Окуя болгондун эртеси бул кылмышка шектүү катары Шавкат Акимов аттуу 31 жаштагы жаран окуя болгон батирден колго түшүп, Москвадагы убактылуу кармоочу жайлардын бирине киргизилген. Бул кылмыш боюнча Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 131 (зордуктоо) жана 132-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
«ЭКИ КҮНДӨ 200 МИӉ РУБЛЬ АЛЫП КЕЛБЕСЕӉ, ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП КЕТ ДЕП ЖАТАТ»
Жабырлануучу окуяга кандайча туш болгонун апасы Гүлшан айымдан сурап билдик. Гүлшан Абдиманапова учурда бир буту жумушта, бир буту ооруканада болуп жатканын айтат. «Азыркы тапта кызымдын абалы оор, эсине келип сүйлөп калганы менен кыймылсыз абалда»,- дейт ал.
– 2009-жылдан бери Москвада иштеп, бала-чакамды багып келем. Бул кызым 5 баламдын экинчиси. Атасы Өзгөндө турат, бирок аны менен чогуу жашабайбыз. Атасынын туугандарына да окуя тууралуу кабар бердик. Учурда кызымды кантип Кыргызстанга алып кетебиз деген маселе менен жүрөбүз. Бүгүн оорукананын врачтары «койка үчүн 200 миӊ рубль төлө, мындан сырткары операцияга да 600 миӊ рубль керек. Башка жардам бере албайбыз. Айтылган каражатты бербесеӊер, бейтапты ооруканадан чыгарып кеткиле» дешти. Кызымды сөөктөрү бөлүнгөн абалда каякка алып барарымды билбей жатам. Бул абалында Кыргызстанга алып кетиш үчүн учактын билетине эле 150 миӊ рубль керек экен. Доктурлардын аны алып барып кайра келиши, медициналык жабдууларды кошкондо эсебим жетпей кетет. Кызымды ушундай кырсыкка кириптер кылган адамга наалат! Учурда бутум жеткен жердин баарына арыз жазып, жардам сурап кайрылып жатам.
«ҮЙҮМДҮ ЖЫЙНАП БЕР ДЕП ЧАКЫРЫПТЫР»
– Кызым Москвадагы Туризм институтунда 3-курста окуйт. Ишемби, жекшемби күндөрү кошумча жумуш таап иштечү. Буга чейин кыймылдай албай калган кары-картаӊ адамдардын үйүн жыйнап иштеп жүргөн. «Үй жыйнап берем» деп интернетке жарыя илип койгон экен. 19-сентябрь, ишемби күн болчу. Кызым «үйүмдү жыйнап бер» деген чалуу боюнча айтылган дарекке барса, батирде жалгыз жигит бар экен. Анын ою бузулуп, үй жыйнап жүргөн кызыма кол салып, зордуктоого аракет кылып баштаптыр. Акыры мына ушундай окуя болуп жатат. Кийин ал жигиттин ошол батирдин 1 бөлмөсүн ижарага алып жашаарын билдим. Экинчи бөлмөсүндө башка үй-бүлө жашачу экен. Ошол күнү үйдө андан башка киши болбоптур.
Үч күн кызымдын дайынын билбей, такыр байланыша албай койдум. Сарсанаа болуп издеп жүргөнбүз. 3 күндөн кийин гана мага Москва шаардык Боткин атындагы клиникалык ооруканадан телефон чалып билдиришти. Барсам кызым жандандыруу бөлүмүндө экен. Учурда абалы оор. Эптеп бутуна тургузуп алсам, Кыргызстанга алып кетет элем. Орусиядагы биздин элчилик азырынча тобокелге барбай турушумду айтышууда. Себеби доктурлар «кызды жолдо алып жүргөн учурда ден соолугуна кепилдик бере албайбыз» дешүүдө. Учурдан пайдаланып мекендештеримден жардам сурайм.
«БЕЙТАПТЫ АЗЫРЫНЧА КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕТҮҮ КООПТУУ»
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева маселени жеӊилдетүү иш-аракеттерин көрүп жатышкандыктарын айтат.
– Окуя 19-сентябрда катталган экен. Бизге бул боюнча маалыматты жергиликтүү полиция кызматкерлери билдиришти. Учурда жабыр тарткан жаранга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын жеӊилирээк жолун издеп жатабыз. Орусиянын мыйзамы боюнча, бардык чет өлкөлүк жарандар эгер медициналык камсыздоосу болбосо, жеӊилдетилбеген баалар менен акы төлөйт. Бейтаптын андай камсыздоосу жок экен. Элчиликтин атынан аталган оорукананын жетекчилигине жана Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу катын жолдодук. Эгер жеӊилдетүүлөр же кандайдыр бир жардам болуп калса, бейтапка алгачкы операцияны бул жактан жасатып, андан соӊ Кыргызстанга жөнөтүүгө аракет кылабыз. Коомчулук да бекер турбай, бирин-экин каражат топтоп жаткандыгынан маалыматым бар. Элчилик болгон мүмкүнчүлүгү менен маселенин чечилишине күч жумшоодо. Эгер оорукана жетекчилиги бекер операция жасоого макул болбосо, авиакаттам аркылуу Кыргызстанга алып кетүү жолдорун да сүйлөшүп жатабыз. Бирок кыздын азыркы абалында бул өтө коркунучтуу.
«Учурда окуя боюнча Орусиянын укук коргоо кызматкерлери иш алып барышып, тергөө иштери жүрүүдө»,- дейт ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү. Элчилик болсо тергөө иштерине аралашпаганын билдирди. «Бизге деле тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча маалыматтар берилбейт. Бардык нерсе жергиликтүү мыйзамдардын негизинде ишке ашат»,- дейт элчилик кызматкерлери.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg