«ТОКЧУЛУК» САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти – 300 грамм
Катуу сыр – 50 грамм
Консерваланган жүгөрү – 150 грамм
Ананас (консерваланганы да жарайт) – 50 грамм
Грек жаӊгагы – 50 грамм
Майонез – татымына жараша
ДАЯРДОО:
1. Грек жаӊгагын көмөч казанга май куйбай эле 1-2 мүнөт кууруп алып, андан соӊ колубуз менен майдалайбыз.
2. Тоок этин сууга бышырып, муздаган соӊ чарчы формасында туурайбыз.
3. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ананасты узун-туурасы 1 сантиметрден кылып чарчы формасында тууроо керек.
4. Идишке тоок этин, жүгөрү, ананас, жаӊгакты салып, майонез кошуп аралаштырабыз. Салатты тарелкага салган соӊ жаӊгактын калганы менен үстүн кооздоп коёбуз.«АЗИЯ» САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уй же кой эти – 100 грамм
Пияз – 1 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз (орточо) – 1 даана
Бадыраӊ – 2 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Кинза – 5-6 тал
Черри помидору – кооздогонго жараша
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз, мурч, соя соусу – татымына жараша
ДАЯРДОО:
1. Этти чарчы же таякча түрүндө туурайбыз. Андан соӊ мискейге салып, туз, мурч, 1 аш кашык соя соусун кошуп 10 мүнөт тыныктырабыз.
2. Этти көмөч казанга салып, жай отто 5 мүнөт бышырабыз.
3. Болгар калемпирин жана бадыраӊды узун ичке, пиязды жарым шакекче түрүндө туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми сарымсакты майдалап туурап өзүнчө идишке сала турабыз.
4. Тууралган азыктардын баарын этке кошуп аралаштырабыз.
5. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп ысытып, биринчи сарымсакты, андан кийин калгандарын салып аралаштырабыз. 2 мүнөттөн соӊ 1 аш кашык соя соусун жана тууралган кинзаны кошобуз. Тарелкага салгандан кийин үстүн черри помидору, күн карама даны менен кооздоп койсоӊуз, салатыӊыз көркүнө чыга түшөт.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg