«Республика-Ата Журттун» теӊ төрагасы Камчыбек Ташиев «Өнүгүү-Прогресстин» талапкери Абдуманап Абдывахаповду Сузакта токмоктоду деп шектелип, ал окуя Ташиевди шайлоо жарышынан алып салууга алып келди. Ташиев Абдывахаповго муштум көтөрбөгөнүн айтты. Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкендей, Ташиев жана Абдывахаповдун ортосундагы мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши «бейбаштык» беренесинин негизинде козголду.
Ал арада БШК мүчөлөрү Ташиевди талапкерлер тизмесинен алып салуу маселесин карап, анда Камчыбек мырзанын шайлоо жарышынан четтетилишине 9 адам макул деп, 2 адам каршы чыгышты. Кызыгы БШК мүчөсү катары «Республика» партиясынын квотасы менен барган Айнура Шайымкулова да Ташиевдин тизмеден алынып салынышы үчүн добуш берди. Ал эми «Республика-Ата Журттун» дагы бир теӊ төрагасы Өмүрбек Бабанов: «Ташиевди тизмеден чыгаруу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз»,- деп билдирген эле. 30-сентябрда Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты. 1-октябрда болсо «Республика-Ата Журт» партиясы Жогорку Сотко көзөмөлгө алуу даттануусу менен кайрылды.
Нурлан Абакиров