2015-жылдын 9 айында КОРРУПЦИЯГА байланыштуу 662 кылмыш иши козголгон. Анын 260тан ашууну сотко өткөрүлгөн. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке келтирилген зыян 225 миллион 223 миӊ сомду түзүп, анын 22 миллиону мамлекетке кайтарылган.
«Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салыкты төлөбөй жашырып койгон» деп айыпталып жүргөн экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУ Жогорку Сот күнөөсүз деп тапты.
Адистердин айтымында, Кыргызстандагы УНАА ЖОЛДОРУНУН 20 пайызы гана минималдык коопсуздук жана сапат нормаларына жооп берет. «Кыргызстандын унаа жолдорунун 52 пайызын жол деп айтууга кыйын»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg