«Бир тууганчик», «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Напарник» тасмаларында баш каармандын ролун жараткан актёр, тамашоучу Жеӊиш Майрамбек уулу 1-октябрь күнү сүйүктүүсү Нурайымга баш кошту. Алп каамыт моюнуна салынган Жеӊиш бойдокчулук менен кош айтышып, бир башы эки болгонуна маашыр.