Белгилүү ырчы, обончу Асанкалый Керимбаевдин уулу, «Большие люди» теледолбоорунун актёру Канатбек Керимбаев жана анын бир тууганы Саматбектин МАИ кызматкерлерине баш бербей, сөгүнүп жаткан видеосу интернетке тарап, учурда талкууга алынууда. Аларды милиция кызматкерлери эмне үчүн кармаганы тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди. 