Гезитибиздин бул санында коомдо болуп өткөн кылмыш-кырсык жана аянычтуу тагдырлардын аягы кандай аяктады, каармандарыбыз кандай күн кечирип жатканы тууралуу тааныштырмакчыбыз.
КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП БАШЫН ЖАРГАН КЫЛМЫШКЕР 25 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ 2015-жылдын 28-май күнү Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда «Ататүрк» сейил багында бадалдын арасында башы жарылып, эс-учун билбей бир кыз жаткандыгы тууралуу айтылат. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип Ош облусунун тургуну, 1995-жылы туулган Абдумуталип Мамажанов аттуу жаран кармалган. 28-майда Мамажанов кызды «Ататүрк» сейил багына жолугушууга чакырат. Эл жок жерге келгенде кызды бадалдын арасына алып кирип, күч колдонуп зордуктайт. Андан соң кылмышын жашыруу максатында кыздын башын таш менен жара чапкан. Эсинен танып калган кызды өлүп калды деп ойлоп, чөнтөгүндөгү Нокиа үлгүсүндөгү телефонун жана 20 сомун алып из жашырып кеткен.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 18-сентябрда кылмышка шектүү Абдумуталип Мамажановду Кылмыш жана жаза кодексинин «ден соолукка атайлап оор залал келтирүү», «адам өлтүрүүгө аракет жасоо», «зордуктоо» жана «каракчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыратты. Кылмышкердин мүлкү конфискацияланып күчөтүлгөн режимде жазасын өтөмөкчү.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиевдин билдиргенине караганда, бейтаптын абалы жакшы болуп калган:
– Мындан бир жума мурун бейтап дарылануу курсунан өткөнү келгенде кыйла жакшырып калыптыр. Бетиндеги так, чайкалган баш мээси, жабыркаган сөөктөр акырындык менен калыбына келүүдө, супсулуу болуп калган, кабатыр болбогула. Окуусун улантып жатат.
8 ЖЫЛ КОРДУК КӨРСӨТКӨН АЙЗАДАНЫН КҮЙӨӨСҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЖОКГезитибиздин өткөн сандарынын биринде «Күйөөм мени теридей ийлеп сабап, зордук-зомбулук көрсөтөт. Үйлөнгөнүбүзгө 8 жыл болду. Ай-күнүмө жетип мына көз жарам деп турганда да кызганып сабачу. Бизди балдар менен кошуп камап кетет. Үйгө коюп койгон бидонго заңдап, заара кылабыз да, кечинде келип өзү төгүп коёт»,- деген 27 жаштагы Айзада Мырзалиева аттуу келиндин баянын жарыялаганбыз. Окуядан соң Мырзалиеванын тагдырын укук коргоо кызматкерлерине кабарлаган элек. Ал Ак-Талаа районунан келгендиктен Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери жабырлануучунун күйөөсүн издеп үйүнө барып, аны таппай коюшкан. Милиция кызматкерлери Айзадага Ак-Талаа РИИБине барып арыз жазышы жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек экендигин түшүндүрүшкөн. Эмне болгондугун билүү максатында каарманыбыз менен байланышсак, учурда ал 3 баласы менен төркүнүндө баш калкалап жаткан экен:
– Сиздердин гезитке барган соң Ак-Талаа РИИБине келип арыз жаздым. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүп кел дешти. Бирок ал учурда денемде көгала деле жок болчу. Ошондуктан экспертизадан өтпөй эле үйгө кетип калгам. Арызымдын жыйынтыгын сурап милицияга барсам, «сабалгандыгың боюнча аныктоо жок, эксперттердин далили болбогондуктан кылмыш ишин козгобойбуз» деп коюшту. 2 баламды таштап качып чыккан боюнча көрө элекмин. Аларды сагындым, жаныма алгым келет. Бирок баргандан корком.
Бул боюнча Ак-Талаа РИИБинин ага тергөөчүсү Гүлбарчын Болотова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Айзада Мырзалиева ушул жылдын 13-августунда «8-август күнү күйөөм мени токмоктоду» деген арыз менен кайрылган. Арызды каттоодон өткөрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындаганбыз. Бирок арыз ээси мындай текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып кетип калган. Биз болсо арыздын негизинде Мырзалиеванын жолдошу Желдеңовго жолугуу үчүн Тоголок Молдо айылына барганбыз. Ал чөп жыйнап кечинде келсе келинчеги чоң энесине 2 баласын таштап, 3 баласын жана чөпкө керектелүүчү акчанын жарымын алып качып кеткенин айтты. Арыз берүүчүнүн кошуналарынан да көрсөтмө алдык. Алардын айтымында, бул үй-бүлө эч ким менен киришип-чыгышпайт экен. «Айзада Мырзалиеваны көрчү деле эмеспиз жана чыр-чатакка да күбө болгон жокпуз» дешти. Мындан улам арызды негизсиз деп таап, «окуяда кылмыштын курамы жок» деген чечим чыгардык. Зомбулукту далилдеш үчүн жок дегенде 3 күбө же жабырлануучунун соттук-медициналык экспертизадан өткөн кагазы болушу керек. Эгер арыз ээсине күйөөсү жолугуп, дагы зомбулук көрсөтсө, арыз менен кайрылсын.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg