6-октябрда Катардын Доха шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. Анда «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына жолдомо ойнотулуп, бул мелдеште өлкө намысын Азат Усеналиев менен Эркин Адылбек уулу коргойт. Аталган мелдеште алдыңкы 2 орунду ээлеген мушкерлер гана Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.