ЗАРИ

Тааный жүрүңүз

Учурда “Кыз жүрөгү” аттуу ыры менен элдин назарын буруп келе жаткан жаш ырчы Зари менен тааныштыралы деп чечтик. Бул сулуу азыр Москвада окуп жаткандыктан, аны менен интернет аркылуу баарлаштык.

Зари 1989-жылы 27-апрелде Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн.
Үч бир туугандын улуусу.
Учурда юридикалык факультетте 4-курста окуйт.
Англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөй алат.

– Салам, Зари. Ден соолугуң кандай?
– Баары жакшы, рахмат.
– Зари сенин чын атыңбы?
– Чын деп эсептей бериңиздер.
– Макул, Зари. Москвага кандайча барып калдың, дегеле өзүң тууралуу айта кетпейсиң­би?
– Менин ата-энем үчүн балдарынын татыктуу билим алуусу дайым маанилүү. Бир нече жыл мурун апам Москвага иштөө үчүн барып,кийинчерээк мени алып кеткен эле. Мен анда 10-класста окучумун. Мектепти аяктагандан кийин Москва финансы өнөр жай академиясына тапшыргам. Буюрса келерки жылы окуумду аяктайм. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Мен улуусумун. Ошондуктан ата-энемди кыйнабайын деп окуумдан сырткары иштейм.
– Ырга болгон кызыгууң качан пайда боло баштады?
– Кичинемден эле ырчы болсом деп кыялданчумун. Ырдоо мен үчүн абадай, суудай керек. Кыргыз шоу дүйнөсүнө аябай кызыгып, бул жакта жүрсөм да дайым жаңылыктардан кабардар болуп турам. Ал эми продюсер Динара Эсенгулова менен интернет аркылуу таанышкам. Эже менин ырга кызыгуумду билип “Кыргызстанга келгенде чалсаң, жолугуп сүйлөшөлү” деген эле...
– Анан чогуу иштешип калдыңар. Бирок сен ал жакта болсоң чыгармачылык кандайча өнүгүп жатат?
– Сопсонун. Буюрса, жакында Динара эже аранжировка жасатып жөнөтүп жиберет, мен бул жактан ыр жаздырам. Ошентсе да мурдагыга караганда эми Бишкекке тез-тез барып турам го.
– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
– Бош убактым болуп калса, досторум менен шаар сыртына чыгып мылтык атканды жакшы көрөм. Кээде курбу кыздар менен кафеде отуруп акыркы кабарлар менен бөлүшөбүз.
– Баса, Орусиянын жарандыгын алган жоксуңбу?
– Жок, мен бул жерде убактылуу гана болгондуктан, жарандыктын мага кереги жок. Мен өз өлкөмдү сүйөм.
– Азаматсың! Алдыда кандай пландар бар?
– Ырдайм.
– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.

P.S. Маек убагында байкалганы Зари “буюрса” деген сөздү аябай көп колдонот экен. Анан да бир нече жылдан бери Москвада жүргөнүнө карабастан, кыргызча сөз байлыгы жакшы экени кубандырбай койгон жок.

Махабат Догдурбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Samus
2010-01-27 11:36:09
Заринин кандай ырлары бар? Буга чейин уккан эмес экенмин...
0
сокол
2010-01-28 00:58:36
мен дагы биринчи жолу Зари деген атты ушул жерден окудум
0
kuppher
2010-01-29 13:36:50
men bul kizdin emgegin ayabai urmattadim, yry da ayabai sonun eken..
0
Flowergirl
2010-02-06 17:11:32
Мага да жакты ыры да клибида озу да супер экен
0
Raketa
2010-03-13 04:45:54
Бул кыздын ырын кантип уксам болот?Айтып коюнуздары,мен да Москвадамын.
0
KubaBuba
2010-03-16 18:23:48
Ушул сайтта эле уксан болот Ракета=))) Зари бир гана АЛГА!!
0
Mekalayka
2010-05-18 16:16:57
Она классная!
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан