Ак үйдүн 7-кабатында парламенттик шайлоодон кийин эле маанилүү кызматтык дайындоолор болуп өттү. Эсиңиздерде болсо, ири коррупциялык иштерге шектелип кармалган Данияр Нарымбаевдин ордуна Президенттик аппараттын башчысы болуп Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дайындалган болчу. 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыровду кайрадан Коргоо кеңешинин катчылыгына дайындап, Темир мырзанын ал жакта жасап бүтүрө турган иштери көп экенин айтып өттү. Ал эми Президенттик аппараттын башчылыгына тар чөйрөдө ажонун ишенимине кирген кадр катары айтылып жүргөн, 2011-жылдан тарта президенттин кеңешчиси болуп иштеп келе жаткан Фарид Ниязов дайындалды.
Фарид Ниязовдун улуту кыргыз, 57 жашта, бир уул, бир кыздын атасы. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кесиби инженер-гидротехник. 1991-1993-жылдары «Комсомольская правда» гезитинин Борбордук Азия боюнча атайын кабарчысы, 1995-1996-жылдары Аскар Акаевдин басма сөз кызматынын жетекчиси, 2001-2005-жылдары "Комсомольская правда-Азия" ЖЧКсынын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору, 2005-2010-жылдары «Коммерсантъ» гезитинин Бишкектеги өз кабарчысы болуп турган. 2010-жылдын 24-апрелинен тарта Убактылуу өкмөттүн маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси, 2011-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg