Бишкекте "банкоматтар аркылуу жарандардын банктардагы эсебинен акчаларын уурдаган" деп шектелип 22 жана 23 жаштагы 2 жигит кармалды. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Украинага барып, мыйзамсыз жасалган жабдууларды сатып алып, аларды кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. "3 айдын ичинде ИИМдин иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өлкөдөгү банктардын биринин адистери менен биргеликте шектүүлөрдү аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча иш жүргүзүшкөн. Керектүү маалыматтар чогултулган соң Чүй облусунун 23 жаштагы С.В. аттуу тургуну жана Бишкек шаарынын 22 жаштагы Ж.Р. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Алар жарандардын жалпысынан 5 миллион сомун уурдашкан",- деп билдирет мекеме. Мындан тышкары Бишкек ШИИББи ушундай кибер кылмыштарды жасаган адамдар Кыргыз Республикасында биринчи жолу кармалганын баса белгиледи.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg