Экран артында
“Күлкү – ден соолуктун мүлкү” деген сөздү улай “Супер ТV” телеканалы “Тамаша тор” аттуу жаңы долбоорду баштады. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн долбоордун режиссёру Сүйүн Откеев, долбоордун катышуучулары жана алгачкы курмандыктары менен маектештик.
– Сүйүн, алгач “Тамаша тор” долбоору тууралуу жалпы маалымат берип өтсөңүз.
– Жакшы болот. Бул долбоор “Супер TV” телеканалынын “Супер-Инфо” гезити жана “Медиа Star” студиясы менен биргелешип жасаган иш-аракети. Буюрса, ийгиликтүү башталды. Долбоордун максаты боюнча биз жылдыздардын жардамы менен элди тамашага салмакчыбыз. Жакында эле “Тамаша торубузга” алгачкы курмандыктарды түшүрдүк.
– Кызык экен. Демек, ар бир көрөрман бул тамашага кабылып калышы ыктымал турбайбы?
– Дал ошондой. Бул жолу биз Урмат Усеновдун жардамы менен кыздарды тамашага салдык. Алдын ала “Супер-Инфо” гезити аркылуу “таланттуу кыздарды комедиялык жанрдагы тасмага тартылуу үчүн кастингге чакырабыз” деп жарыя берген элек. Окурмандар арасында чоң кызыгуу жаралып, бизге 800гө жакын кыз телефон чалды. Алардын ичинен бир нече кызды кастингге чакырдык. Сценарий боюнча тандоону өткөргөн жигит кыялы чатак киши болуп кыздардын жинине тийди.
– Ачуулуу кишинин ролун ким аткарды?
– Бул роль үчүн да кастинг жарыялап, бир топ жигиттин ичинен Болот аттуу жигитти тандап алганбыз. Болот ролду келиштире мыкты аткарды. Биз болсо “сынактын” жүрүшүн башка бөлмөдө камералар аркылуу байкап отурдук. Анан кыздардын мамилесине жараша Болоттун кулагына наушник аркылуу тапшырмаларды айтып турдук. Алгач ал кыздардын көзүнчө аялы менен телефон аркылуу катуу уруша кетет да, ошол жини менен кыздарга кыйкырып-өкүрүп, ойго келбеген нерселерди аткартат. Бир аздан соң тартылчу тасманын продюсеримин деп Урмат Усенов кирет да, болбогон нерсе үчүн Болот экөө мушташа кетишет. Уруштун айынан Болоттун жүрөк оорусу кармап калат. Мунун баарына күбө болуп отурган кыздардын жасаган аракеттери абдан күлкүлүү болду. Бирок ошентсе да кыздар катуу коркуп калып, бир балээ болбосо экен деген кооптонуулар болбой койгон жок. Белгилеп кетүүчү нерсе, Урматтын актёрдук чеберчилиги жок болсо да, берилген ролун жакшы аткарып берди. Биз аны күлүп жибереби же жеткиликтүү ойной албай калабы деп корккон элек.
– Аябай кызыктырып койдуңуз. Бул тамашаны качан көрө алабыз?
– Буюрса, жакынкы аралыктан баштап ар жекшемби сайын кечки саат алтыда “Супер TV” телеканалынан көрсөңүздөр болот. Андан сырткары, кийинчерээк “Супер-Инфо” гезитинин сайтындагы медиа порталдан да көрө аласыздар.
– Элге күлкү тартуулаган жакшы иш баштаганыңыздар үчүн рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!
Ачуулуу адамдын ролун аткарган Болот:– Мен Искусство институтунда актёрдук чеберчилик жаатында билим алуудамын. Ошентсе да кыйын эле болду. Эң оор нерсе, өзүм бойдок болуп туруп тажаал аялы бар кишинин образын жаратып, аны менен урушуу болду. Бирок андай аялдан Кудай сактасын (күлүп). Анан да кыздарга кыйкырарын кыйкырып алып кайсы маалда беттен алат экен деп коркуп турдум. Унчукпай баарын аткарып коюп чыгып кетип жатышса, кийинки кыз да ушундай болсо экен деп ичимден тиленип алам. Жүрөгүм ооруган жерин аткарарда улам эле күлкүм келет десең. Бирок кыздар тамаша экенин ойлоп да койбостон жанталашып жардам берип жатышса, ыраазы болот экенсиң.
Тамашанын курмандыктары: Айсулуу:
– Кастингге сиңдим экөөбүз келгенбиз. Болот байке аялы менен кырылып жатканда биз да тил угуп калбайлы деп коркуп отурдук. Жүрөгү ооруп жыгылып калганда, биздин ыйлаганыбызды көрүш үчүн атайын жасап жатат го деп ыйласа ыйлап берели деп коём. А сиңдим болсо коркуп кетип ыйлап жиберди. Аны көрүп чын эле жүрөгү ооруп калган турбайбы, эми бизди күнөөлүү кылышат го деп кайгырдым.
Рыскүл: – Ойдо жок нерселерди аткартып жатса деле кастинг деген ушул экен, чыдаш керек деп айтылгандардын баарын жасай бериптирмин. Ичимден болсо тобо, ушундай мүнөздөгү адамды 1-жолу көрүшүм деп коём. Анан Урмат кирип келсе аа, чын эле абдан олуттуу тасма окшойт деп калдым. Болот эстен танып жыгылып калганда Урмат “оозуна үйлө, мен көкүрөгүнө массаж кылам” десе, коркконумдан буйдалбай айтканын жасай бердим.