Тамак-аш азыктарын туураган жыгач тактайды аптасына бир жолу тазалап туруңуз.
Ашканадагы майлыктардын майын кетирүү үчүн...
Жуурдан 1 саат мурун жылуу сууга бир аз уксус кошуп, майлыкты чылап коюңуз. Андан соң кадимки кир жууган самын менен жуусаңыз, майлыгыңыз бат тазарат.
Жумуртканын сапатын текшериңиз
Идишке суу куясыз. Жумуртканы салганда калкып чыкпай түбүндө калса, анда жаңы жумуртка. Эгер жарым жартылайы чыгып калса, эскирип бараткан жумуртка. Сактабай, колдонуу кажет. Ал эми толугу менен калкып калган жумурткага көп убакыт болгон, колдонууга тыюу салынат.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg