Акын Барчынбек Бугубаевдин жубайы:«3 КЫЗЫМ МЕНЕН ҮЙСҮЗ КАЛДЫМ»

Кыргыз эли ушул жылдын 17-сентябрында дагы бир таланты таш жарган акын, дастанчы, журналист Барчынбек Бугубаевден ажырады. Жазмакер замандаштарынын кээ бирлери «генийден айрылдык» дешсе, дагы бирлери «таңы атпаган таалайсыз акын каза болду» деп жазып чыгышты...

АКЫН ТУУРАЛУУ АЛТЫ ООЗ КЕП
Барчынбек Бугубаев 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Мантыш кыштагында төрөлгөн. 1981-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. Эмгек жолун аталган университеттин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган. 1990-жылдан тарта «Билимге жол» гезитинин редактору, 1991-1995-жылдары Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 1998-2002-жылдары «Кыргыз туусу» гезитинде эмгектенген.
Чыгармачылык чыйыр жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталып, бир нече китептерди жарыкка чыгарган.
1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.

«АЛДАП, ҮЙДҮ ТАРТЫП АЛГАН»
Акын менен акыркы жылдары бирге өмүр сүргөн жубайы Майрам Жумабаева бир кызын жетелеп, «эки кызым балдар үйүндө, чындык таппай чырылдап жүрөм» деп ыйлап редакциябызга баш бакты:
– Барчынбек экөөбүз 2005-жылы баш кошуп, 3 кыздуу болдук. Анын Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушунда 2 бөлмөлүү үйү бар. 2007-жылы мен иш сапарда жүргөндө Барчынбекти Жолдошбек деген агасы эсин жоготкончо мас кылыптыр. Анан үйүбүзгө жеке нотариусту алып келип, ага»үйүмдү агама белек кылдым» деп жаздыртып алган экен. Андан соң Барчынбектин паспортун, аскердик күбөлүгүн, үйдүн документтерин алып, өзүн да мас абалында машинеге салып айылга алып кетип калыптыр. Барчынбек эсине келген соң «үйүмдү бербейм» деп агасы менен урушуп, Иса деген кайнагамдыкына барып мени чакыртып, Кочкор РИИБине арыз жазган. Ошондо кайнагам «документтерин, үйүн өзүнө берем, мас болуп сатып жибербесин деп өзүмө каттатып койдум» деп түшүнүк кат жазып берген. Бирок документтерин бербегендиктен Барчынбек экөө телефондон урушуп жүрүшкөн. Ошол учурда биз ЗАГСка катталалы деп жүргөн элек. Кайнагам Барчынбектин бардык документтерин кайтарып бербегендиктен катталбай да калдык.
2013-жылы январь айында эки кызым күйүп калышкан. Ал кезде үчүнчү кызым боюмда бар болчу. Ооруканадан чыккандан кийин кыздарымдын күйгөн терилери кургап кыйналып кетишти. Барчынбек «кыздарга салкыныраак жакка барып кымыз ичирип кел» деп мени Ат-Башыга жиберген. Өзү арак ичпей, жакшынакай эле жүргөн. Келсем мас экен. «Мени кечирип кой. Жолдошбек менен биринчи аялым Кымбат уулум Шамилди алып келди. Жолдошбек мени мас кылып үйдү өзүнө каттатып, жер тилкенин жарымын коңшубузга 10 миң долларга сатты. Ал акчага Шамилге Кочкордон жер тилкесин алып берем деп алып кетти» деди.
Шамил 9 айлык кезинде 1989-жылы Барчынбек биринчи аялы менен ажырашып, ошол бойдон уулуна жолуккан эмес. Ал акчага кайнагам өзүнүн Нурак деген баласын үйлөнтүп, калганына мал алып, Шамилге акча бербей кубалап жибериптир. Ал эми жер тилкесинин жарымын сатып алган коңшулар үйдүн чырлуу экендигин билип, кийин башкаларга сатып жиберишти.

«УУЛУ АТАСЫН САБАЧУ»
2014-жылдан тарта Шамил биздин үйгө келип чогуу туруп калды. Ал да көп ичип келип үйгө тынчтык бербей, мени кубалачу. Атасына «Жолдошбек байкеңден жеримди же акчамды алып бер, ансыз да кичинекейимде караган жоксуң» деп мас болуп чыр салып, колу да тийип жүрдү. 2015-жылдын 15-январында Шамил мас болуп келип, Барчынбекти үйдөн кубалап чыккан.
Барчынбек уулунан коркуп үйдөн качып чыгып Тилек деген кайнимдикинде, Күмүш аттуу кайнежемдикинде жүрдү. Мен да Шамилден коркуп төркүнүмдүкүндө жашап калдым. Же иштебейм, кыздарым да кичинекей. Акыры Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө арызданып барсам, социалдык кызматкерлер «биз андай тынчы жок жерге балдарды жашатпайбыз, күйөөң ичет, иштебейсиңер» деп кыздарымды балдар үйүнө алып коюшту. Барчынбек үйгө 2015-жылдын август айында эле келген, ал ортодо мен сиңдимдикинде жашап жүрдүм.
16-сентябрь күнү кечки саат 10дордо мага Барчынбек телефон чалды, кызуу экен. «Жашоого тоюп кеттим. Кыздарымдын үнүн уккум келди. Шамил баягыдай чыр салып жатат, Жолдош байкеме чалсам албай жатат» деди. Эртеси эртең менен Барчынбекке телефон чалсам албайт. Көп өтпөй эле Улан деген кайним Барчынбектин каза болгонун билдирди. Барчынбек бир табыпка көрүнүп, уу коргошун менен дарыланып жаткан экен. Шарапат деген кайнежем "баласы сабап өлтүргөн жокпу, сойдуралы" дегенинен экспертизадан текшерттик.
Жолдошум каза болгондо кол жазма 4 китебин, каза болгондугу тууралуу справкасын Жолдошбек кайнагам алып кеткен, ошону, үйдүн документтерин бербей жатат. Барчынбек өлөр алдында өз колу менен «үйүмдү кыздарыма, Майрашка каттатып бергиле» деп кат жазып кетиптир. Аны Курман айтта барганда таап алдым. Ал үйдү Барчынбек өзү салган. Кайнагам Жолдошбектин да, уулу Шамилдин да ал үйгө тиешеси жок. Кайнагам жердин жарымын саткан, ошонун акчасын Шамилге кайтарып берсин. Ал эми биз жашаган үй 3 кызына калсын. Алар да атасынан калган үйгө жашап, балдар үйүндө эмес, менин кашымда чоңоюшу керек.

«ИНИМ ҮЙДҮ МАГА ӨЗҮ КАТТАТКАН»
Акындын агасы ЖОЛДОШБЕК АСАНБЕКОВ менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ал аял мыйзам түрүндө инимдин аялы эмес жана ал үйгө тиешеси жок экендигин баары билет. Ал келин мени жамандап, ар нерсени айта берет экен. Ошол аялга иним башка жерден жер тилкесин сатып алып үй салып берди. Ал аялдын мурунку жолдошунан баласы бар, иним ага машина сатып берип, «кыздарым ушул үйдө жашайт, сени менен мындан ары аласа-бересем жок» десе болбой эле артынан ээрчип жүрдү. Барчынбекке 2-3 жолу аялынын көзүнчө эле «бул келин чындап аялың болсо, нике күбөлүгүн албайсыңарбы» десем такыр болбой койгон. Барчынбектин мыйзамдуу аялынан Шамил деген уулу бар. Азыр ал үйдө ошол бала жашайт, үй ошонуку. Бирок үй мага катталган. Барчынбек мага «байке, тээтиги аял жанды койбой жатат. Үйдү сизге каттата турайын, өзүм башка жактан үй алганы жатам» деп өз колу менен кагаз жазып берип, үйдү мага каттатып койгон. Бирок башка үй алууга жетишпей калды. Мага ал үйдүн кереги жок, мага бир тууган керек. Инимдин кыркылыгын өткөргөн соң шаарга барып Шамилди үйлөнтөм да, үйдү ага каттатып берем.

«АТАМДЫ САБАГАН ЭМЕСМИН»
Андан соң акындын уулу Шамилге жолуксак, ал окуя тууралуу төмөнкүдөй жообун айтты:
– Негизи, атам каза болгондо сойдурбай эле коёлу дегенбиз. Майрам эже «атасын уулу сабап өлтүрдү» деп жалаа жаап, сойдурууга туура келди. Экспертиза атамдын киши колдуу каза таппаганын далилдеди. Мурда да ушул эже эптеп атамдын жалгыз мураскери мени жок кылып, үйдү өзүнө алып калууну көздөп менин үстүмөн 5 ирет милицияга арыз жазып, бирок тилегин таш капкан. Кайсы уул атасына кол көтөрсүн?! Атам тирүү кезинде бул эжени кубалап жиберген, болбой эле келе берип, тынчтык берчү эмес, азыр да мени тынч жашатпай жатат. Үй мага да, бул эжеге да катталган эмес, атамдын агасына катталган. Анан эмнеге менден талашып жатат түшүнбөйм.

«3 КЫМЫНДАЙ КЫЗ ЭМИ КАЙДА ЖАШАЙТ?»
Ал эми акындын бир тууган эжеси Күмүш Асанбекова бул чырды келининин пайдасына чечилишин кааларын айтты:
– Жолдошбек Барчынбектин жер тилкесинин жарымын 10 миң долларга сатып, 1 уй эле алып, калган акчасын бербей койгонун Барчынбек 2015-жылдын июнь айында мага айткан. Инимдин артында кымындай 3 кызы калды. Алар эми үйү жок кайда жашайт? Кудай үчүн калыс сөзүм – үйдү кыздарына берип, ошолор жашаса деген ойдомун. Шамил болсо боор көтөрүп чоңоюп калды, эптеп өз оокатын кылып кетер.

«ҮЙДҮ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ БӨЛҮШТҮРСӨ БОЛОТ»
Бул окуя боюнча «НАСА» юридикалык компаниясынын укук маселелер боюнча координатору Чолпон Жумаева төмөнкүдөй кеңешин айтат:
– Майрам Жумабаеванын нике күбөлүгү жок болсо да сотко арыз менен кайрылып, анын жубайы экендигин жана кыздары ошол күйөөсүнөн экендигин далилдесе болот. Коңшуларынан, туугандарынан 3төн жогору кишини күбө кылып, алар 3 кыздын атасы ошол киши экендигин ырасташса, сот «кыздардын атасы экени анык» деп чечим чыгарат. Андан соң экинчи ирет сотко «бул үйдө акыркы жылдары коммуналдык кызматтарды төлөп биз жашаганбыз, кайнагама формалдык түрдө каттатып койгон» деп арыз менен кайрылып, күбөлөр аркылуу далилдесе, сот ишти карап көрүп үйдү улуу баласына, 3 кызга жана Майрам Жумабаеванын өзүнө мыйзам чегинде тең бөлүп берет.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жолдошум каза болуп, үч кызым менен көчөдө калдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Pantherka
2015-10-19 11:01:23
Кудай тараза го эмнеси болсо да, олгон адамды алдаган баарибир жарыбайт.
+2
bema_bema
2015-10-19 13:59:50
Торотуп таштап кетсе аларды апасы эле бакканга милдеттубу?Уйду тенге болуп берип калсын соттор.
+2
shiko
2015-10-19 23:18:50
Эркек сыягы жок акматова. Инин дин 3 кызы турган да уйду коруно которуп кетесинби.дагы жарымын сатып.ишин канча экен.кооп соз жазгым келди бирок админ баняга жиберет да
+3
Chtc
2015-10-21 15:32:36
Эх, кызбалдардын да тагдырын ойлоп койгула.Шамил керек болсо ошол атадан калган кыздарды бутунан тургузууга да милдеттүүсүң!!!
+3
Ledi89
2015-10-24 19:37:35
Акча акча ушунчалык ширинби,бир тууганын алдап уйун тартып алган сени Алла озу жазалайт.
0
jypar.i
2015-11-04 22:39:14
Көп нерсеге жанагы жинди суу күнөлүү,ичкилик деген эмнени кылбайт
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан