«Мен биринчи атаман», «Ак толкундар», «Жаш сулуу» аттуу ырлар бир кездеги хит ырлардын катарында эле. Азыр да аталган чыгармаларды жаш аткаруучулар жаңыртып ырдап эл оозунан түшүрбөй келишет. Бул керемет обондордун жаратуучусу, ырчы-аткаруучу Мухтар Атаналиевдин атактуулукка карай сапарын кеп кылууну эп көрдүк.
«30 ЖАШКА ЧЫККАНДА ЫРЧЫ БОЛДУМ»
– Мектепте жакшы окуган бала элем, бирок 8-класска чейин музыка менин корккон сабагым болчу. Ырдагандан аябай уялчумун. 9-класста аккордеон, гитара, комузда ойноп жашырынып ырдаганды үйрөндүм.
Мектепти бүтүп Политехникалык институттун тоо-кен факультетине тапшырып өтпөй калгам. Көрсө, ошол кезде эле акча берип өтүшчү экен. Атам «акча сурап жатат, берелиби?» дегенинен көнбөй койдум. Анан айылга баргандан уялып, бир училищенин ширетүүчү бөлүмүндө окуп калдым. Андан кийин 2 жыл аскерде болдум. Кийин дагы Политехникалык институтка тапшырып өтпөй калдым, көк бет экенмин, 4-жолу тапшырып, 1985-жылы акча бербей эңсеген окуу жайга өткөм.
Биздин окуу жайда Бек Борбиев, Мыктыбек Арстанбек активдүү студенттер болчу. Анан биз Искусство институтуна концерт коюп барсак, студенттери суктанып карашчу. «Каякта окуйсуңар?» деп сураса, «Политехте» десек, «ал жакта музыкалык факультет барбы?» деп таң калышар эле.
«МЕНДЕЙЛЕР ЫРДАСА УЯТ ДЕЧҮМҮН»
– Жакшы ырдаганым менен, өзүмдү сахнанын адамы деп эсептечү эмесмин. Ырчы деген Асанкалый Керимбаев, Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыровдой болуш керек деп ойлочумун. Мага окшогондордун ырларын сахнада ырдоо уят, элди алдоо дейт элем. Ошол себептен чыгарган ырларымды жашырып жүргөм, бирок кайсы жерде болбосун ырдап артист болуп калчумун. Жакшы эле өзүмдү куруучу катары көрөйүн десем да ыр жакка ооп туруп алдым.
Кара-Балтада акимчиликте жер комитетин жетектеп иштеп жүргөм, ошондо келечекте аким, анан министр болом деп максат коюп иштей берсем болот эле да. Бир жолу Бишкекке келсем Мыктыбек Арстанбек «окуп жүргөндө ыр чыгарчу элең го, мен телевидениеде иштейм, ырдап көрбөйсүңбү?» деп калды. Бир студияга алып келгенинен ырдап коюп кетип калдым. Бир күнү иштен келип эл катары эле телевизор көрүп жатсам, мен ырдап чыгып жатпаймынбы. Көрүп алып өзүмдү жактырып, аябай ырчы болгум келди. Аны же эч кимге айта албайм. Өзүм 30 жашка чыгып калгам. Бишкекке келип 3 күн ыр жаздырып, клип тарттырып, мурунку жумушума эч эле баргым келбей койду. Ошентип жүрүп 1998-жылы ырдап чыктым. Жердеш, тааныштарымдын баары «сен ырдашың керек экен» деп колдошту. Өзүмдү артист сезип калдым. Мыктыбек менен бир жумада «Жаш сулуу» деген ырыма клип тарттырдык. «Мен биринчи атаман», «Ата-энеме кат» деген ырларымды жаздырып, радиолорго бере баштадым. 10 күндөн кийин үй-бүлөмдү борборго көчүрүп келдим. Акимге кирип арыз жазып жумуштан бошоп, концерттерге катыша баштадым.
Майрамбек Осмонов, Кубик Калыков, Манас Бердибеков, Борончу Кудайбергенов менен институтта окуп жүргөндө тааныш болчумун, алар мени концерти болсо эле чакырышчу. Бир жолку концертке барсам афишада жазылган 10 чакты ырчынын бирөөсү да жок. Алып баруучу чык деп мени сахнага чыгарып жибергенинен ырымдын атын айтып эле ырдап кирдим. Ырдап бүтүп кирип кетсем алып баруучу кайра эле мени чакырат. Экинчисинде көрүүчүлөр кол чабышты, ырым жакты окшойт. Үчүнчү жолу чыкканымда элдер ызы-чуу, «башка артисттериңер жокпу?» деп кыйкыра баштады. Сахнада турам, буттарым иштебей калган. Ушунча чыгып алдым, ырдай берейин деп ырдап бүтүп кирип кеттим. Ошондо эл келип «бизди алдадыңар» деп сабап салабы деп аябай коркком.
«МЕН ООРУКЧАН БОЛГОНДУКТАН АЗИЗА МЕНИ КАРАП ЖҮРЧҮ»
– Ошол кезде концертке ырдаганыма 50 сом акы алып, аэропорт жактагы үйүмө жетиш үчүн акчамды аяп үйгө жөө барып келчүмүн. Ал акчага балдарыма нан, чай алып барар элем. Сыймык Бейшекеев менен айылда кошунабыз, тууганчылыгыбыз да бар. Ага жолугуп калып ырларымды угузсам, "жакшы ырларыңыз бар экен, гастролго чогуу чыгалы" деди. Ошентип мен Сыймыктын тобу, Нуриса Абазова, Абды Кадырматов менен гастролго кетип калдым. Кыргызстанды түрө кыдырып келип, кийин жеке концерт бергим келип, ырдап чыккандан 6 айдан соң эле 2 жолу катары менен концерт бердим. Ошентип кол жеткистей туюлган кыялым тез эле орундалып калганына өзүм деле таң калгам. Музыкалык билимим 4-класстагы боюнча калган. Мен болгону 6 жыл ыр жаздырып сахнага чыгып иштедим. Калган жылдары сынак уюштуруп жүрүп ырдай алган жокмун. Кызык жери, эл мени 20 жылдай сахнада жүргөн деп ойлошот экен.
Ошол кезде эркек ырчынын жанында бир ырчы кыз болбосо аны ырчы катары көрүшчү эмес. Токтогулга барганда Сыймык Азизаны ырдатып көрүп жактырып, бирок Нуриса болгондуктан алган эмес экен. Сыймыктын «жакшы ырчы чыкчудай» дегенин угуп, 2000-жылы Азизаны шаарга чакырып, 4 жылдай иштештик. Көптөр «Азиза менен Мухтар үйлөнүп алыптыр» деген сөздөрдү чыгарган. Чындыгында, 1993-жылы бир ооруга чалдыктым, ал 20 жылга созулду. Алсыз болуп, жегеним такыр аш болчу эмес. 7 врачка барсам 7 түрдүү диагноз коёт. Акыры мени сахна айыктырды. Азиза мага бир тууган карындашымдай эле болуп калган, ал мени дайыма карап жүрчү. «Эл ырчысын эл тандайт» деген фестивалда «өзүнчө ырдап чык» деп ырларымды берип, жеке ырчылыкка узаткам.
«ЖУБАЙЫМДЫН УЛУТУ УЙГУР ЭКЕНИН ҮЙЛӨНГӨНДӨН КИЙИН БИЛДИМ»
– Мен институтка өтпөй жатып 1-курска киргенимде жубайым Мукадас 3-курста окучу. Мени коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөндө жактырган окшойт. 1986-жылы таанышкандан 2 күндөн кийин эле бири-бирибизге жипсиз байланып калдык. Таң атары менен эле бири-бирибизди издеп калчубуз. Жубайым Ноокен районунан болот, 8 ай сүйлөшүп баш коштук. Үйлөнгөндөн кийин паспортун карасам улуту уйгур деп жазылып турат. «Бул эмне?» десем, «уйгур болсом эмне экен?» деди, эч нерсе эмес деп жашап жатканыбызга 20 жылдан ашты. Көрсө, Мукадастын атасы да апасы да уйгур экен. А менин апам өзбек кызы, атам кыргыз.
3 уул, 1 кызым бар. Улуу баламды ата-энеме студент кезде эле берип койгом. Азыр үйлөнүп-жайланып ошол жакта. Эки балалуу болгон. Ал эми кызым 15 жашында мектепти токтотуп, жоолук салынып турмушка чыгып кетти. 2 уул, 1 кыздуу болду, азыр төртүнчүсүн күтүп жатабыз.
2006-жылы «Эл ырчысын эл тандайт» деген долбоорду баштаганда ишкер Урмат Барыктабасов демөөрчү болуп, 400 миң сом бермек болгон. Ошондо ызы-чуу болуп Барыктабасов качып кетип, ырдайм деген балдардын шагы сынбасын деп 5 машинамды, үйүмдү сатып, долбоорду үзгүлтүккө учуратпай аягына чыгаргам. Ошондо 6 жыл ырдап тапкан үй-жайымды сатып чыгармачыл балдарга жумшап ырчылыктан кеттим. Эки жыл жаңы конушта дүкөн ачып картошка, пияз сатып жүрдүм. Дүкөнгө кирген эл «сизге сакал өстүрүп, сатуучу болгон жарашпайт экен, сиз ырдаңыз, картошканы биз саталы» деп кейип жүрүштү.
Мукадас Атаналиева, жубайы:«ЖОЛДОШУМ БАЙЛЫККА УМТУЛБАГАН АДАМ»
– Студент кезде жатаканада жашап жүргөндө менин бөлмөмдө жашаган кыздар менен Мухтар дос экен, алар аркылуу таанышканбыз. Эмнесин жактырганымды деле билбейм, жаш кездеги сүйүү сезими болсо керек. Мүнөзү жумшак, адамгерчиликтүү, мени алдабайт, менден эч нерсе жашырбайт. Кызганбайм десем калп болуп калат го, ырдап жүргөндө кызганчумун. Азиза менен ырдап жүргөндө сөз болгон, бирок көзүм менен көрбөгөндөн кийин эч нерсе деп айта албайм.
Анын ырдабай калышына мен себепкер болуп калдым окшойт. Анткени дин жолуна түшүп, талаалап жүрбөй биздин кашыбызда болгонун кааладым. Гастроль, той деп жүрүп үй-бүлөдөн алыстап кеткен. Балдар деле ата деген келип кетчү адам экен деп түшүнүп калышкан эле.
Мухтар такыр байлыкка умтулбаган киши. Бирөөнүн акысын жебейт. Ырдап чыга электе бажы кызматына жетекчи бол деп чакырса «Ал жерде бала багам деп жүк ташып ары бери өткөндөрдөн алган арам акчага курсагымды сылап тургум келбейт" деп барбай койду. Болгону үй, машина алдык, бул эми байлык эмес, муктаждык да.
Гүлнара Тойгонбаева: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН КЕТЕ БЕРСЕ ДАГЫ МЫКТЫ ЫРЛАРДЫ ЖАРАТМАК»
– Мухтар менен студент кезде таанышкам. Ал бизден улуу болсо да биздин курста окучу. Бир жатаканада жашап калдык, ырдаганын угуп окуу жайдагы ансамблдин жетекчиси Рафаэль Сарлыкбековго сунуштап топко алганбыз. Ошентип «Амистад» ансамбли Москва, Ашхабад, Алматы, Куба, айтор, көп жерге ырдап барып келгенбиз. Институтту бүткөндөн кийин Мухтар Токтогулга кетип калган. Учурда кино тартып жүрөт деп угам. Динге да аябай берилип кетти. Өзү да ак пейил, чыныгы чыгармачыл адам. Чыгармачылык менен кете берсе дагы сонун ырлар жаралмак деп ойлойм.
Мыктыбек Арстанбек: «ЖОЛУНАН ЧЫККАН КИШИНИН КӨҢҮЛҮН КЫЯ АЛБАЙ, БАЛАСЫНЫН АТЫН МАРКЛЕН КОЙГОН»
– Мухтар институтта окуп жүргөндө эле атактуу болчу. Гүлнара Тойгонбаева, Сапар Асанов бир кубалык жигит болуп төртөө «Амистад» деген ансамблде ырдашчу. Чет жактарга жаштардын фестивалдарына чыгып кыргыз студенттеринин намысын коргоп келчү. Биз Бек Борбиев, Акылбек Жапаров, ыраматылык Мухтар Өмүракунов болуп окуу жайды удаа бүткөнбүз.Өмүракунов үйлөнгөндө мен тамада, Бек Борбиев менен Мухтар ырдап тоюн өткөрдүк. Студент кезде Бек, Мухтар үчөөбүз байпак чыгарган цехке барып концерт коюп, акысына байпак алып кийген элек. Теледе иштеп жүргөндө 1991-жылы «Күлкү-91» деген фестиваль өткөргөм, ошондо Атаналиев интермедия аткарып, жеңүүчү аталган. Мунун куудулдук да таланты бар, аны менден башка эч ким билбейт.
Ырчы болуп чыгуусуна себепкер болуп калдым, бирок өзүнүн эмгеги чоң. Атактуу болгондо да Мухтар баштагыдай жөнөкөй адам бойдон калды. Студент кезде да жок дегенди билчү эмес. Бир жолу 15 күн жоголуп кетти, издеп таппай калдык. 15 күндөн кийин келди, «каякта жүрдүң?» десек, «бир киши жардам берип кой дегенинен ошонун жүзүм багында жүрдүм» дейт. Андан да кызыктуусу, балалуу болуп кудуңдап жолдо баратса, астынан бир киши чыгып, «эмне мынча маанайың жакшы?» десе, «балалуу болдум» дептир. «Ат коё элек болсоң атын Марклен кой» десе, барып баласынын атын Марклен коюптур. Көрсө, ал Рустам Кабылбеков деген акын киши экен.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg