Интернет айдыңында Ислам мамлекети террордук уюмунун катарында согушуп жүргөн өзбек улутундагы жигит аскер унаасы менен кошо өзүн өзү жардырып жиберген видеотасма пайда болгон. Анда 20 жаштардагы жигит бронетранспортёрго түшүп жатканы көрсөтүлөт. Ал коркуп ыйлап алган, аны курчаган согушкерлер коркпошу керектигин айтышат. Аздан соң ал түшкөн унаанын жарылганы көрсөтүлөт. Мына ошол өзүн өзү өлтүргөн жанкечти жигит кыргызстандык болуп чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» сайты маалымдады. Жалал-Абаддын тургуну Тахир Рахитов видеодон аскердик унаа менен кошо жарылган жанкечтини көрүп өз уулу экенин таанып калган. Каза болгон Бабур Исраилов 1994-жылы туулган. Кийин Орусияга иштеп кеткен. 2014-жылдан тарта дайыны белгисиз болуп, туугандары анын кайда экенин билишкен эмес.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 400гө чукулдаган. Согуштук аракеттерден улам ал жактагы 45 кыргызстандык каза тапканы айтылып келет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg