Тамашоучу Эмил Эсеналиев социалдык тармактагы баракчасына бир сулуу кыз менен кыналып түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Тапан жигит менен түшкөн сырдуу бийкеч ким экенине кызыгып тамашоучуга байланышканыбызда: «Сүрөттөгү сулуунун аты Айгерим. Чүйдүн кызы болот. Сүйлөшө баштаганыбызга эки айдан ашты. Ал дагы чыгармачылыкка жакын, өзүбүздүн эле чөйрөбүздөгү кыз»,- деп жүрөгүнүн ээсин тапканын айтты. Тамашоучунун чыгармачыл досторунун баары четинен үйлөнүп жатышканына караганда, Эмил мырзанын да тою алыс эмес сыяктуу.