Күз келип той-аштын мезгили башталып, өнөр адамдарынын шымалана иштеп жаткан учуру. Калктын катарынан калбай той берип, бата алып жатышкан атактуулар да арбын. Алардын бири ырчы, тамада Жеңишбек Айтиев 14-октябрь күнү жаңы салган ак өргөөсүнө жакындарын чакырып кош той берип, 3 уулуна сүннөт той берди. «Үйүм бир эле кабат, бирок ичинде бардык шарттары бар»,- деген ырчы төмөнкүлөрдү кошумчалады. 