ОКСАНА АКИНЬШИНА

Келбетинен улам назик, эч кимге зыяны жоктой туюлган актриса Оксана Акиньшина чындыгында түнт, корс мүнөздүү, оюндагысын ишке ашырган көк бет айым. Дал ушундай мүнөзүнөн улам режиссёр жана актёр маркум Сергей Бодров ага кино дүйнөсүнө жол ачып берген. Актриса тартылган "Эже-сиңдилер" ("Сёстры") тасмасы ага атактуулукту, жаңы таанышууларды, баш айланткан сүйүүнү тартуулап, келечегине жол ачкан.

Толук аты-жөнү – Акиньшина Оксана Александровна
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 19-апрель
Туулган жери – Санкт-Петербург
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 2 уулу бар
Тартылган атактуу тасмалары – «Эже-сиңдилер» («Сёстры»), «Көпөлөктөр оюну» («Игры мотыльков»), «Высоцкий. Тирүүлүгүңө рахмат» («Высоцкий. Спасибо, что живой»), «8 биринчи жолугушуу» («8 первых свиданий»), «Борндун артыкчылыгы» («Превосходство Борна») жана башка

ТАРТИП САКЧЫСЫ БОЛУУНУ САМАЧУ
Орусиялык актриса Оксана Акиньшина ленинграддык катардагы үй-бүлөнүн кызы. Атасы унаа оңдоочу жайда эмгектенсе, апасы эсепчи. Актриса алгач атактуулук жөнүндө ойлонбогону менен, анын айланасындагылар «сен жок дегенде белгилүү модель болосуң» деп айтышчу экен. Себеби Оксана жаштайынан чырайлуу келбети, өзгөчө мүнөзү, кийинүү стили менен өзү теңдүүлөрдөн айырмаланып турчу.
Атасы менен апасы көп урушуп жүрүп кызына көңүл бурушпагандыктан актриса өзүмчүлдүккө көнүп калган. Каалагандай басып-туруп, мектепте жакшы окубай, ичип-чегип, жигиттер менен мамиле куруп, кыскасы, үлгүлүү кыздардын катарында эмес эле. Ал дайыма өзгөчөлөнүп турууну каалачу. Ошондуктан Оксана 13 жашында эле моделдик студияга ишке кирип, өзүн өзү каржылай баштайт. Дал ушул кадамы анын актриса болуусуна түрткү болгон. Бирок тасма талаасына келүүдөн мурун Оксана тартип сакчысы же мал доктур болууну кыялданчу. Алардын баарын режиссёр Сергей Бодров менен болгон жолугушуу жок кылган.

МОДЕЛДИКТЕН АКТРИСАЛЫККА
Бир күнү актриса иштеген моделдик студиянын жетекчиси жаш режиссёр Сергей Бодровдун тасмасына видеотандоого барууну айтат. Көп кыздардын арасынан 13 жаштагы Оксанага гана ийгилик кушу жылмайып, ал «Эже-сиңдилер» тасмасындагы башкы каармандын ролуна бекитилет. Анткени режиссёр башка кыздардай жагалданбаган, көп сүйлөбөгөн дал ушундай өзгөчө кызды издеп жүргөн экен. Мына ушинтип Акиньшина биринчи жолу актрисалыктын даамын татат.
Тасмадагы Светанын ролун ал майын чыгара аткарып, көпчүлүк сынчылардын мактоосуна татыйт. Бул ролу тууралуу Акиньшина: «Бир нече жылдан кийин ал каарманымды кайрадан ойногум келет. Тасмадагы өнөктөшүм Катя Горина экөөбүз тасманы тартуу учурунда бири-бирибизди жек көрүп жүрдүк. Анткени ага көп көңүл бурулуп жаткандай сезилчү. Баары бүткөндөн кийин биз чындап эле эже-сиңди болуп калдык»,- деп эскерет. Таланттуу кыз голливуддук режиссёрлордун да көңүлүн буруп, 2004-жылы «Борндун артыкчылыгы» тасмасына тартылып, Ирена Нескаянын ролун ойногон.
Кичине кезинде жылдызы жанган көпчүлүк балакай актёрлорго кийин чоң ролдор буюрбай кино тармагында өз ордун таппай калышса, Оксана алардын катарында эмес. Кинематография менен актёрдук жумушун биринчи планга койгон Акиньшина учурда атактуу актрисалардын бири. Ал экранда суйкайган назик бийкечтен тартып көз карандысыз күчтүү айымдын образына чейин бере алат. Оксананын жаштыгы жана укмуштуу актёрдук таланты ал жаратчу көрүнүктүү ролдору али алдыда экенинен кабар берет.

ЭРТЕ БАШТАЛГАН ЖЕКЕ ЖАШОО
Оксана 14 жашында атактуу актрисага айланып, 20 жаштагы актёр Алексей Чадов менен мамиле курган. Экөөнүн сүйүү мамилеси 2003-жылы тартылган «Көпөлөктөрдүн оюну» тасмасындагы кадрларда гана сакталып калды. Себеби Оксана бул тасманын саундтрегин жазган жана ырдаган көрүнүктүү музыкант Сергей Шнуров менен таанышып, Алексейден кол үзөт. «Эртең менен Шнур жакадан алып тургузуп мектепке сүйрөп барчу. А менин уктагым келип колума эмне тийсе ошону менен аны чапчумун. Кечинде болсо 3 бөтөлкө аракты ичип алып көңүлдүү кечтерди өткөрчүбүз»,- деп Оксананын ачылып айтып бергени бар. 5 жылдан кийин эки жаштын жарандык никеси соңуна чыгат. Бирок актрисанын сүйүү жаатында жолу ачык көрүнөт, себеби ал дароо эле Орусиядагы атактуу пиар-кампаниянын директору Дмитрий Литвинов менен таанышып, 2 айдан кийин ага турмушка чыгат. Экөө 2009-жылы уулдуу болуп, ага Филипп деген ысым ыйгарышкан. Көп өтпөй актриса күйөөсүн таштап, 8 айлык баласын алып Санкт-Петербургга апасыныкына кетип калат. Баласын апасына таштап актриса ырчы, кинопродюсер Арчил Геловани менен жашап, ага уул төрөп берет. Бирок Арчил актрисаны чанып, аны франциялык ишкер айымга алмаштырып кеткен.

"Эже-сиңдилер" тасмасынан кийин жылдызы жанган актриса: "Сергей менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат",- дейт.

"Көпөлөктөр оюну" тасмасында роль жараткан Оксана менен Алексей Чадов 11 жылдан кийин, 2014-жылы, кыргызстандык режиссёр Нурбек Эгендин "Мушкер" фильмине тартылышкан.

Жарандык никеде 5 жыл жашаган Сергей Шнуров менен.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Apyyke
2015-10-19 21:07:27
Мен болгондо Чадовдон кол узбосом керек эле. Мыкты актер го.
0
Oi_pikir
2015-10-21 11:18:42
Ушул актриса аябай жагат!
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-11-03 01:31:24
Ай чёрт Сергей деген күйөсү өзүнөн бир кыйла чоң окшойт азыр бойдок экен да абдан жакшы аткарат кинолорду
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан