КЫЗЫЛ АЛМА

Интеллигент чөйрөдөгү үй-бүлөнүн жашоосу баяндалат. Сүрөтчү Темир менен диктор Сабиранын жашоосу башкаларга бактылуу көрүнгөнү менен, чынында экөөнүн турмушу теӊирден тескери экени сүрөттөлөт. Темир качандыр бир учурда бейтааныш сулууга көзү түшүп, ал бийкечти сүйүп калып, канча убакыт өтсө да оюнан чыгара албай коёт. Кеч күздө бактан кызыл алма таап, аны ага белекке берүүнү чечет. Сулуу кыз кызыл алманы алганы менен, сүрөтчү экөө бирге боло албайт.
Сабира жолдошунун кызы Анара үчүн жашап жатканына көзү жеткенден кийин жаӊыдан турмуш баштоону чечет. Тасманын аягында кайрадан кеч күз сүрөттөлөт. Темир бактардын арасында сүрөт тартып жатканда Анара кызыл алма таап алат. Быйтыйган колдору менен үзүп келген кызыл алма атасынын жетпей калган сүйүүсүн унуткарып, турмушта өз жолун табууга түрткү болот.

ТАСМАГА ЖАН БЕРГЕНДЕР

Режиссёру – Төлөмүш Океев
Сценарийин жазгандар – Чыӊгыз Айтматов, Төлөмүш Океев
Жанры – Драма
Чыккан жылы – 1975-жыл
Узактыгы – 70 мүнөт
-1975-жылы – Советтер Союзу тарабынан IX Дүйнөлүк кинофестивалда көрсөтүлгөн.
-1975-жылы – Швейцариянын Локарно шаарында Эл аралык кинофестивалда диплом менен сыйланган.

Башкы каармандар

Темир – Сүймөнкул Чокморов
Сабира – Гүлсара Ажибекова
Бейтааныш сулуу – Таттыбүбү Турсунбаева
Анара – Анара Макекадырова

Сүймөнкул Чокморовду каармандын (Темирдин) жаш кезин ойногон учурунда жаш көрсөтүш үчүн Япониядан жасалма чач (парик) алдырышкан.

Кинодогу сүрөттөрдүн бардыгы Сүймөнкул Чокморовго таандык. Көпчүлүк сүрөттөрүн тасма тартылып жаткан учурда жараткан.

Кеме үстүндөгү той эпизоду Тамга айылында тартылган. Караколго, Тоӊго, Түпкө жүк ташыган кемелердин эӊ чоӊун тандап алышып, ага желек-шарларды байлашып көл үстүндө бир айда тартып бүтүшкөн. Режиссёр Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева ал күндөрдү мындайча эскерет: «Тойдун эпизоду күнүгө кеч киргенче тартылат. Дублдар кайталанат, күндө той, биз үчүн чыныгы майрам болгон. Той чындап болбосо да, музыка, шампандар чыныгы болчу».

Музыкасын жазган орус-венгер композитору Шандор Каллош кинотоп менен жүрүп Кыргызстанга, анда жашаган кыргыздардын табигый, жөнөкөй жашоосуна ушунчалык берилип, жакшы көрүп калган экен. Ал Төлөмүш Океевге кыргыз жеринде тоодо чабан болуп жашагысы келерин айтыптыр. Режиссёр ага Бөкөнбаевдеги Ленин колхозунун башкармасынан тоодо кой багып жашаганга уруксат алып берет. Композитордун койлорду өзү кайтарып, чоочундарды, ууру-бөрүнү жолотпогон итине башка чабандар көз артышып итин сатып алууну каалашат. Сатпай койсо уурдаганга аракеттенишет. Ойлору ишке ашпай калганда итин ууландырганга чейин барышат. Чабандардан көӊүлү калган композитор жарым жылга жетпей режиссёр менен коштошконго жарабай, таарынган бойдон кетип калган экен.

Тасмадагы сүт тиши түшкөн бото көз кичинекей Анаранын ролуна Төлөмүш Океев кичүү кызы Алиманы тартайын деп ойлогон, бирок ал дал келбей калып, оператор Сагын Макекадыровдун кызы Анараны тартышкан. Учурда актриса Италияда жашайт.

Сабира менен Темир көл жээгинде басып үй-бүлөлүк мамилелерин териштирген эпизодду тартып жатканда Гүлсара Ажибекова ыйлай албай кыйналганын Азиза Океева мындайча сүрөттөйт: «Улам бир дубль тартышып жарабай калып, кайра токтошот. Кеч кирип кетип, эртеси тарта башташат. Ошентип убаралана бергенде атам жанына барып түшүндүрүп жатып күтүүсүздөн жаакка чаап жиберди. Ызаланган актриса шолоктоп ыйлап ийди. Атам «Баштадык!» деген команда берип тартып кирди. Тартып бүткөндөн кийин атам кечирим сурады. Гүлсара Ажибекова да түшүнүп таарынган жок».
Азиза Океева тасманы франциялык көрүүчүлөргө көрсөткөндө «1975-жылдары ушундай жакшы жашачу белеӊер? Ушундай жарашыктуу, модалуу кийинчү белеӊер?» деп таӊ калышкан экен.

Тасма баш-аягы эки айдын ичинде Бишкекте, Ысык-Көлдүн Тамга айылында тартылган.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
karakchyyy
2015-10-26 10:47:37
Мыкты фильм аябай жагат
+4
Titi
2015-10-26 11:01:51
Каяктан корсом болот
+2
bolotbai3
2015-10-26 19:13:51
Titi,[moderated] дан коро аласыз деп ойлойм
0
dubai
2015-10-27 00:09:07
админ,Гульсара Ажибекова жонундо маалымат берип коёсуздарбы,омур баян,жараткан рольдору жонундо.
0
admin_superstan
2015-10-27 10:37:21
dubai, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
Shanson
2015-10-30 12:27:27
Фильмди көргөн эмесмин. Кыргызстанда жер түгөнүп калгансып эле тасмалардын баары эле Ысык-Көлдө тартыла бергени кызык..
-3
Drongo
2015-10-30 19:53:14
Shanson,.Копчулук чет элдиктер Кыргызстан десен,дайыма Ысык -Колду сурашат,кызыгышат.Ошондуктан копчулук фильмдерди колдон тартканга аракет кылышса керек.Сизге, Ысык-Кол жакпайбы?
+1
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан