МЕНИН КУРБУМ...

Айымдарга кеңеш

Курбу. Бул беш тамгадан турган сөз аялзатынын жашоосунда чоң роль ойнойт. Бирок мындай жакын адамың атаандашка айланып кетиши мүмкүн. Эмне үчүн? Келиңиз, бул суроону бирге иликтеп көрөлү.

Курбусуна күйөөсүн же жигитин тарттырып жиберүү – азыркы учурда модага айланууда. Ошондуктан курбулукта да айрым эрежелерди колдоно жүрүү керек.

  • Жакын курбуңуздан көп нерсени жашырбайсыз. Бирок өзүңүздүн жеке турмушуңуз тууралуу ийне-жибине чейин айтып берүүнүн да кереги жок.
  • Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү сырлары, иштери болушу керек. Тактап айтканда, канчалык жакын болбосун, курбуңуз экөөңөрдүн ортоңордо да чек болууга тийиш.
  • Айымдардын эң биринчи жаңылыштыгы – курбусунун кеңешин эч ойлонбой кабыл алганы. Курбуңуздун кеңешин угуңуз, бирок чечимди өзүңүз кабыл алганыңыз оң.
  • Жигитиңиз же күйөөңүздүн жакшы сапаттары тууралуу курбуңузга көп айта бербеңиз. Өзүңүз байкабай кызыктырып коюшуңуз мүмкүн.

КУРБУНУН ТҮРЛӨРҮ
Адатта аялдардын достугу кө­пкө созулбайт дешет. Оюңду кө­­­зүң­дөн түшүнүп, ишеничке ээ болгон, кыйын кезде ийинин тоскон курбулар да бар. Андай курбу тагдырдын белеги. А бирок курбунун атына жамынган да айымдар болот. Курбуңуздун сизге кылган мамилесинен анын кайсы түргө киришин баамдап алсаңыз болот.

Курбу – атаандаш
Курбуңуздан “бул кийимиң сага жарашпайт экен.Чачың бетиңдин түзүлүшүнө жарашпайт" деген сыяктуу сөздөрдү көп угасызбы? Демек, ал айымдын сизге курбулуктан да атаандаштыгы күчтүү. Жагымсыз абалда калсаңыз башыңыздан сылап, жашыңызды сүрткөнү менен, оюнда “бул ушундай, жарыбайт. Менде баары жакшы” деп ойлойт. Мындай курбудан өтө сак болуу керек.

Курбу – бир тууган
Сен каякта жүрөсүң? Бүгүн бошмун, балаңды бакчадан алып коюуга убактым бар...” Сиз кур­буңуздан ушул сыяктуу сөздөрдү көп угасыз. Ооруп калсаңыз биринчи чуркап келет. Демек, курбуңуз сизге бир туугандай. Достукта сиз курбуңуздан көбүрөөк мээрим аласыз. Жашоо­до кур­буңузга сиң­динин ролун аткарып эле жүрө бербестен, ага да убагы келгенде жөлөк болгонду унутпаңыз.

Чыныгы курбу
Менин оюмча сен ушул нерсени туура эмес кылып койдуң. Тезирээк катаңды оңдо. Деги эле сен өтө кызуу кандуусуң же жоошсуң...” Өзүңүздүн даре­гиңизге айтылган калетсиз сөз­дү курбуңуздан көп угасызбы? Демек, ал сизге чыныгы дос. Ошондуктан терс жоругуңузду бетке айтып оңолууну талап кылат. Мындай мамилени эки тараптуу тең салмактуулукта турган чыныгы достук деп айтууга болот. Мындай курбу сыймыктанууга арзыйт.


Жылмайып коюңуз!

Үйүнө түнөбө­гөн аял күйөөсүнө “курбумдун үйүндө түнөдүм” дейт. Күйөөсү курбусуна чалат.
– Аялым кечээ сеникинде түнөдүбү?
– Жок, ай, мен аны көрбөгөнүмө бир айдан ашып кетти.
Эки-үч күндөн кийин күйөөсү үйгө түнөбөй калат да, аялына келип досунукунда болгонун айтат. Аялы дароо текшерип, досуна чалат. Анда досу:
– Ооба, ооба, меникинде түнөгөн. Мына азыр деле жанымда отурат,- дептир.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2010-01-26 14:47:43
Аралаш тамаша театрынын интермедияларынан го, жылмайып коюуучу текст
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан