№50-СИЗОдон 11-октябрь түнү качып кеткен 9 кылмышкердин бешөөсү колго түшкөн эле. 20-21-октябрь күндөрү алардын үчөө абакта каза тапты. Качып жүргөндөрдүн экөөсү милиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлдү. Дагы 2 кылмышкер изделүүдө. Өткөн аптада коомчулукту «коркунучтуу кылмышкерлер эртерээк кармалса экен» деген тынчсыздануу каптаса, эми «эмне үчүн тирүү кармабай жатышат? Жанында бычагы болсо, жарадар кылып кармоого болбойбу? Булардын баарынын көзүн тазалоо керек деген тапшырма барбы? Бар болсо, кимдин кызыкчылыгында?» деген күмөн ойлор каптады.
КЫЛМЫШКЕРЛЕР ТӨШӨК, НАН СУРАГАНЭске сала кетсек, 11-октябрдан 12сине караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50-СИЗОдон 9 кылмышкер качып чыккан. Алардын бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из жашырып кетишкен. Алардын колунан абак кайтарган 3 кызматкер каза таап, бирөө башынан алган оор жаракаты менен ооруканага түшкөн.
Моюну сындырылып, башы жарылган кызматкер 4 күн ооруканада жатып өзүнө келбей көз жумду.
УКМК жетекчилиги жалпы коомчулукка кайрылып, абактан качкандар тууралуу айтылган маалымат үчүн 300 миӊ сом сыйлык ыйгарыларын убада кылды. Издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, милицияга 16-октябрда кылмышкерлердин бири Бишкек шаарындагы Дордой конушу тарапта жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Атайын топ айтылган дарек боюнча барып, ал жашырынган үйдү курчоого алган. Колго түшүрүү учурунда Данияр Кадыралиев бычак менен милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, натыйжада аны атып өлтүрүштү. Ал сакалын кырып алган экен.
20-октябрда Сокулук районуна караштуу Арал айылынын аймагында жайгашкан сарайларга жакын жерден абактан качкандардын бири Азамат Мүсүралиевди атып өлтүрүштү. ИИМдин билдиришинче, качып жүргөн Азамат Мүсүралиев менен Алтынбек Итибаев деп болжолдонгон экөө сарайдагы малчылардын бирине кайрылып нан, төшөк сурашкан. Малчылардын айтымында, эки кылмышкер сарайдын жанындагы киши жашабаган үйгө түнөшкөн. Колдорунда бычак болгон, бирок кашардын тургундарына зыян келтиришкен эмес. Сарайдын жашоочулары милиция кызматкерлерине маалымат беришип, эртеси Мүсүралиев атылып өлтүрүлдү.
«КОЛДОРУНДА КУРАЛЫ ЖОК КАЙТАРЫШЧУ ЭКЕН»№50-СИЗОдо кызмат учурунда качкын кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн ички кызматтын старшинасы Фархат Орозбек уулунун апасы Жүзүмкан Баялиева жана колуктусу Мээрим Кадыр кызына жолугуп, ойлорун уктук.
– Уулум Фархат жумушуна так, ишиндеги ички кыймылды үй-бүлөсүнө айтып келе бербеген жигит болчу. Ал тургай уулум иштеген №50-СИЗО өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармай турган түрмө экенин эми билип отурам. Ушунчалык сырга бекем жан болгон экен. Кырчындай 25 жашында минтип зөөкүрлөрдүн колунан каза таап отурат. Ошол күнү күзөттө 12 адам болушу керек экен, бирок 7 гана адам болгон. Ичинде камераларды караган кызматкерлерге эч кандай курал, ал тургай дубинка дагы берилбейт экен. Ал эми ок атуучу куралдар сакчы мунарасында тургандарга гана берилет. Учурда коркконубуз эле өлүп калган кызматкерлерди окуяга күнөөлөп, эшикти ачып берип салышкан деп коюшпаса болду. Артында 5 айлык уулу калды. Үйлөнгөнүнө 1 эле жыл болгон.
Маркумдун келинчеги Мээрим Кадыр кызы көзүнө жаш алып буларга токтолду:
– Эртеӊ менен жакшынакай эле чай ичип чыгып кеткен. Эртеси эле өлүгү келди. Бул кызматта иштегенине 7 жыл болуптур. Башында 8000 сом айлык алчу экен. Кийин кошулуп отуруп 14 миӊ сом болгон. Фархат «абакта отургандардын шарты жакшы, 4 маал ысык тамак берилет, жаткан жерлери жылуу. Аларга эркиндик гана жетишпейт» дечү. Алардын тамак-ашына күнүнө 700 сомдон бөлүнөт экен. Эми эсептеп көргүлө, 8000 сом айлык алган кызматкер аны үй-бүлөсүнө жеткириши керек. А абактагы зөөкүрлөр күнүнө 700 сомдон жеп коюп жаткандарын. Маселени туура чечим менен калыс чечип, Фархаттын баатырларча курман болгонун эске алып, мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулушун сурайм.
«№50-СИЗО КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕГИ ЖАЛГЫЗ АБАК»№50-СИЗО оор кылмыш кылып өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлерди кармоочу өлкөдөгү жалгыз абак. ЖАМКнын маалымат кызматы билдиргендей, өлкөдөгү түрмөлөрдүн баарында, анын ичинде №50-СИЗОдо да электр жарыгы 1 мүнөткө да өчүрүлбөйт. Түнү абакты айланта курчаган бийик дубалда жарык берүүчү прожекторлор күйүп турат. Эгер абак жайгашкан аймакта жарык өчсө, түрмөнү генераторлор 1 саатка чейин жарык менен камсыз кылып турат. (Кылмышкерлер качкан 11-октябрь түнү аталган абакта электр жарыгы өчүп калган деген маалыматты ушул эле мекемеден таратышкан. Бирок «Түндүк электр тармактары» ишканасы «ал түнү Төмөнкү Нооруз айыл аймагында авариялык өчүрүү болгон эмес» деп билдирген). Камераларга 1ден 6га чейин адам киргизилет. Алар жасаган кылмышына жараша же башка себептерден улам бөлүштүрүлөт. Кылмышкерлер күнүнө эки сааттан гана кызматкерлердин коштоосунда эшикке чыгып турушат. Тамакты болсо камераларга киргизип беришет.
«ТҮНКҮ НӨӨМӨТКӨ КАЛГАН КЫЗМАТКЕРДИН КӨЗҮНӨН ТҮНДӨН ЧЫГАМБЫ ДЕГЕН ҮМҮТТҮ КӨРӨСҮӉ»
Аталган кызмат №50-СИЗО тууралуу кыска, чакан маалымат берүүдө. Ал эми атын атагысы келбеген ЖАМКнын мурдагы кызматкери абак ичиндеги айрым сырлар менен бөлүштү.
– Кыргызстандагы колонияларды өзүнчө бир шаарча деп элестетсеӊиз болот. Тегерете курчалган дубал. Ичинде жазасын өтөп жаткандар үчүн уктоочу жай, ашкана, мончо бар. Камералардан турмуш-тиричиликке керектүү буюмдардын дээрлик бардыгын тапса болот. Арасында тыюу салынгандары да чыгат. Маалынан кечиктирилбей тамактары берилет. Абактагылар керээли кечке бош. Мындай жагдайда эркиндикте жок кооз буюмдарды жасагандар да бар. Аларды ошол эле жерде иштеген кызматкерлердин жардамы менен сыртка чыгарып сатышат. Түшкөн акчасын тамеки, бирдик сыяктуу муктаждыктарына жумшашат. Бул абактагы жөнөкөй гана жай турмуш. Айтайын дегеним, алар эл төлөгөн салыктардын эсебинен жашап жатышат. Кандай гана кылмышкер болбосун, анын оюнда кантип качып кетсем деген ой турат. Мүмкүнчүлүгү келсе, алар адам өлтүрүүдөн да кайра тартышпайт. Жөн эле кырсыктап же жалаа менен түшүп калган адам да жазасын өтөп бүткөн соӊ абактан биротоло куйругун үзүп кеткени чанда кезигет. Көпчүлүгү кайра кылмыш кылып, түрмөгө кайтып келе беришет.
Союз мезгилинде абакта жазасын өтөп жаткандарды түрдүү кара жумуштарда иштетип, жок дегенде эмгектенүүгө үйрөтүшчү. Азыр алардын укуктарын коргоочу бейөкмөт уюмдар көбөйгөн. Келишет да, абактагылардын оюн башка нукка буруп кетишет. Мындан улам кылмышкерлер түрмөгө жатып алышып, өздөрүн кайтарган кызматкерлерди буту менен чакырып, «мага кийим бер, тамак эмнеге кечигет, мен сени бир коӊгуроо менен тынчытып коём» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Ар бир соттолуучуга аты, атасынын аты менен кайрылышат. Мындай сыйды кээде эркиндикте да көрбөйсүӊ. Түнкү нөөмөткө калган кызматкердин көзүнөн ушул түндөн аман чыгамбы деген үмүттү сезесиӊ. Көбүнчөсү жаш, аскер кызматын өтөп бүткөн соӊ күч органынын кызматкери болом деген максат менен иштеп калгандар. Түрмөлөрдүн имараттары эски, алдына 2 кылым болду десем жаӊылышпайм.ҮЧ КЫЛМЫШКЕР АБАКТАН КАЗА ТАПТЫ
Бул окуядан кийин коомчулукта түрдүү ойлор жаралды. Айрымдары «Канга кан, 4 кызматкердин өмүрүн алып, 10 баланы жетим калтырган зөөкүрлөр үчүн бул татыктуу өлүм» дешсе, айрымдары «эмнеге тирүү кармабай жатышат? Толгон милиция кызматкерлери жүрүп 1 бычакчан адамды кармай алышпайбы?», «мүмкүн, качкандар көп сырды билеттир. Колго тирүү түшүрсө айыбын ачып коёт деп корккондордун буйругу менен өлтүрүлүп жатышкан жокпу?» деген ойлорун айтышууда. Мындай суроо менен ИИМдин маалымат кызматына кайрылып, «алар Бишкек ШИИББинин СОБР кызматкерлери тарабынан бычак менен каршылык көрсөткөндүктөрү үчүн атылып өлтүрүлдү» деген гана жооп алдык.
20-октябрда кармалгандардын бири Таалайбек Жуманов жана Муратбек Жумалиев жүрөк оорусунан, эртеси Бакыт Кенжегулов баш мээсинен жаракат алып абактан каза табышты. Жогорудагы күмөн ойлорду бул окуялар ого бетер күчөтүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg