"Дайыма уруш-жаңжал, бири-бирибизди түшүнбөйбүз. Мындай карасаң баары эле жайында. Бирок бактылуу болууга, тынч жашоого эмне жетишпейт?.."
Мындай суроолор тынчын алып, жооп таба албай жүргөн түгөйлөр биздин күндө көп болсо керек. Бул суроого жоопту фэн-шуй чеберлери үйдөгү эмеректердин жайгашуусунан издеп көрүүгө кеңеш беришет. “Түгөйлөрдүн мамилесине бөлмөдөгү буюмдардын кандай тиешеси бар?” деп түшүнбөй калдыңызбы? Анда төмөнкү макалага көңүл буруңуз.
КЫТАЙ СЫРЛАРЫНЫН БИРИ – ФЭН-ШУЙ
Фэн-шуй – кытайлардын байыртадан келе жаткан энергия агымдарын башкаруу жана интерьер искусствосу. Ал байыркы Кытайда пайда болуп, нечендеген кылымдардан бери бул өлкө элинин жашоосунда кеңири колдонулуп келет. Кытайлар фэн-шуйдун жардамы менен үй курууга, адам сөөгүн көмүүгө жер тандашат. Ошондой эле үй-бүлөдө ынтымак, сүйүү, ден-соолук болсун үчүн бөлмөлөрдүн эшик-терезелерин, андагы эмеректерди фэн-шуй эрежелери боюнча жайгаштырышат. Анткени фэн-шуйдун эрежелерине маани берип, колдонгон адамдардын үйүндөгү аура, мамилелер жакшырып, ал үйдө жашаган адамга дем-күч, жакшы маанай тартуулап, жакшылыктарга жетелейт.
КОНОК БӨЛМӨСҮ
Ар бир үйдө конок бөлмөсү бар. Үйгө ырыскы-бакыт, ынтымак чакыруу үчүн бул бөлмөнү фэн-шуй эрежелерине ылайык жайгаштырып, энергия агымдарын туура багытка салуу артыкбаш болбойт. Кире бериштеги эшикке конок бөлмөсү канчалык жакын жайгашса, достор, жакындар сиздердин бүлөңүздөргө ошончолук көп көңүл бөлүшөт. Ошондой эле конок бөлмөдө ян энергиясы көбүрөөк болуш максатка ылайык. Андыктан бул бөлмөгө калың килемдерди, күрөң, күңүрт түстөрдү жакындатпаңыз. Конок бөлмөнүн дубалдарына маанайды түшүргөн сүрөттөрдү, бетин бырыш баскан адамдардын сүрөттөрүн илбеңиз. Анткени мындай буюмдар инь энергиясын алып жүрүшөт да, сиздин конок бөлмөңүздөгү жаркын маанайды, энергияны бузат.
Өтө чоң көлөмдөгү шкафтарды бөлмөдөгү энергия агымына жолтоо болбосун үчүн дубалга такай коюу керек. Ал эми диван, кресло өңдүү эмеректерди аларга жанаша коюуга болбойт.
Үйдүн дубалдарын негизги жана бөлмөлөр аралык деп бөлүүгө болот. Конок бөлмөнүн негизги дубалы тарапка стулдарды, креслону, диванды да жайгаштырууга болот. Анткени дайыма негизги дубалга далысын салып отурган адам абдан күчтүү энергия алат да, өзүнө ишенимдүү, иши ийгиликтүү болот. Андыктан бул тарапта үй ээси өзү отурганы максатка ылайык.Конок бөлмөнү бакчадан кыркылып келген гүлдөр эмес, жакшысы үй өсүмдүктөрү менен кооздогон пайдалуу. Ошондой эле бөлмөдөгү жарыкка да маани берүү керек. Эгер бөлмө абдан чоң болсо, анда так ортодогу бир люстра бөлмөнү жетишерлик деңгээлде жарык кыла албайт. Мындайда бөлмөнүн бурчтарында көлөкө пайда болуп, инь энергиясы топтолот. Ал эми конок бөлмөдө инь энергиясынын көп болушу жогоруда айтылып өткөндөй үй-бүлөдөгү ийгиликтерди азайтат. Андыктан жарык жакшы жетпей жаткан бурчтарга кошумча лампа жайгаштырууга болот.
Конок бөлмөнүн борборун белгилөө абдан зарыл. Эгер бул иш жасалбаса үй-бүлөдө жалпы кызыкчылык, максат жоюлуп, өз ара ынтымак, улууга баш ийүү, сыйлоо мамилелери жоголот. Конок бөлмөнүн борборун анча чоң эмес килем же стол менен белгилеп коюуга болот. Эгер үйдүн шыбы өтө бийик болбосо, люстра да бөлмөнүн борборун белгилөөчү элемент боло алат. Анткени бөлмөнүн борбору конок үйгө кирген ар бир адамга көрүнүп, көңүл борборунда болушу кажет.
АШКАНА: ОТ МЕНЕН СУУНУН ГАРМОНИЯСЫ
Бири-бирине такыр келишпеген эки элемент, суу менен от айкалышкан жай ашкана болуп саналат. Андыктан фэн-шуйга ылайыктап ашкананы жайгаштырууда от менен сууну туура айкалыштыра билүү керек. Мисалы, плитканын, духовканын карама-каршысына эч качан раковина же муздаткычты орнотууга болбойт. Ошондой эле буларды бири-бирине өтө жакын коюуга да болбойт. Андыктан алардын арасына шкаф же идиш салуучу үкөк коюңуз.
Очок же плита кандай жайгашуусу керек?
Бөлмөдөгү эмеректерди фэн-шуйга ылайык жайгаштыруу ар бирибиздин колубуздан келет. Болгону убакытты аябай, маани берип коюу кажет. Фэн-шуй эрежелерине ылайыктап уктоочу, жуунуучу, балдардын бөлмөлөрүн да жайгаштырууга болот. Ал эрежелер менен келерки сандарыбыздан тааныша аласыздар.
Шаиста Шатманова
kenesh@super.kg