ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын генералдык директору Нурбек Абдалиев жооп берет.

«4 КҮН ҮЧҮН 10 КҮНДҮН АКЧАСЫН БЕРЕБИЗБИ?»
– Мен шаардагы ЖОЖдордун биринде окуйм. Быйылкы жылдын 7-сентябрында 3 досум болуп батирге чыккан элек. Анда 1 ай жашап, келишим боюнча 7 миң сом төлөдүк. Анан башка батирге чыкмакчы болуп, башкасын таап үйдү бошоткуча 11-октябрь болуп кетти. Ошентип кожоюнга чалсак ал келип, «Силер батирден чыгарыңарды алдын ала айткан жоксуңар. Мен эми жаңы кардар тапканча дагы 4-5 күн өтөт. Ошондуктан 4 күндүкүн эмес, 10 күндүкүн 2400 сом төлөйсүңөр» деп буюмдарыбызды бербей койду. Биз «4 күндүкүн эле төлөйбүз» дегенибизге көнбөй жатат. Эмне кылабыз?

Курал, 22 жашта, Бишкек

– Ортодо түзүлгөн келишимди (жазуу жүзүндөбү же оозекиби баары бир) кароо керек. Эгер келишимде батирден кетериңерди алдын ала эскертүү, убагында бошотуу, эгер бошотпой калса жашаган күнүнө карап ошончо кошумча акча төлөө жагы каралса, анда кожоюндуку туура болуп чыгат. Эгер андай шарттар көрсөтүлбөсө, анда кожоюндун сиздерге койгон талабы мыйзамсыз. Мындай учурда сотко доо арыз менен кайрылсаңыздар болот. Кандай болгон күндө да буюмдар силердики болгондуктан кожоюндун аларды алып калууга укугу жок.

«АЯЛЫМ 2 КЫЗЫМДЫ МЕНИН УРУКСАТЫМСЫЗ ЧЕТ ЖЕРГЕ АЛЫП КЕТЕ АЛАБЫ?»
– Мен учурда аялым менен ажырашып жатам. Ортобузда 2 кызыбыз бар. Биз мыйзамдуу түрдө ажырашсак, аялым менин уруксатымсыз кыздарды чет жерге алып кетүүгө укугу барбы? Ажырашкандан кийин кыздарды мага такыр көрсөтпөй койсо сотко бере аламбы? Кыздарым 1 ай апасы, 1 ай мени менен жашашы үчүн эмне кылуу керек?

Абды, 34 жашта, Бишкек

– Аялыңыз менен ажырашкан учурда деле ал кыздарыңызды чет өлкөгө сиздин уруксатыңыз жок алып кете албайт. Ал үчүн сиз нотариус аркылуу ишеним кат берүүңүз кажет. Ал эми аялыңыз ажырашкан соң кыздарды сизге көрсөтпөй же жолуктурбай коё турган болсо, анда анын бул иши мыйзамсыз болуп эсептелет. Үй-бүлө кодексинин 71-беренесине ылайык, баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири баласы менен катташууга, тарбиялап багышууга жана билим алуу маселесин чечишүүгө укугу бар (эгерде бул баланын толук кандуу өсүп жетилишине, психикасына терс таасир этпесе). Үй-бүлө кодексинин 70-беренесинде ата-энеси эки башка жашаган учурда баланын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет. Макулдашууга келишпесе, анда бул маселе сот аркылуу чечилет.
Демек, аялыңыз менен макулдашуу мүмкүн болбосо, анда сотко арыз менен кайрылып, кыздарыңыз менен жолугушуу шартын, убактысын толук көрсөтүңүз.

«УЙ ЖЕГЕН БЕДЕНИН АКЧАСЫН КАНДАЙ ШАРТ МЕНЕН ТӨЛӨЙБҮЗ?»
– Биз, көчөдөгү жашоочулар, уйларыбызды талаага кезек менен жаябыз. Мындан 2-3 күн мурун кезек бизге келген. Уулум байкабай калган экен, уйлар айылдашыбыздын бедесине кирип кетиптир. Беденин ээси уйларды көрүп калып алардын бирин кармап, калганын айдап чыгыптыр. Эми бизге «бедени жегизгениңер үчүн 10 миң сом алып келсеңер гана уйду ала аласыңар» деп жатат. Акчаны кандай шарт менен төлөшүбүз керек? Уйлар канча өлчөмдөгү беде жегенине караппы же башкабы?

Мурат, 51 жашта, Чүй

– Бул маселени сот чечип бере албайт. Айыл өкмөтүнө же айылдагы аксакалдар сотуна кайрылып, өз ара чечип алсаңыздар болот.

«ДИПЛОМУМДУ АТА-ЭНЕМЕ БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ»
– Мен Оштогу окуу жайлардын бирин 2014-жылы бүтүргөм. Окууну бүтөрүм менен чет жакка иштегени кетип калгам. Эми дипломумду алдырайын десем, аны ата-энеме бербей жатышат. Өзүмдүн атымдан ишеним кат жазып жөнөтсөм да беришпептир. Дипломду алыш үчүн өзүм барышым керекпи?

Элдос, 22 жашта, Ош

– Сиздин жазып берген ишеним катыңыз аркылуу барган өкүл (ата-энеңиз) дипломуңузду алганга укуктуу. Болгону ишеним катта сиз ишенип тапшырган адамдын аты-жөнү, дипломду алууну ага тапшырып жаткандыгыңыз так көрсөтүлүшү керек. Эгер окуу жай дипломду ишеним кат аркылуу бербей жатса, мүмкүн сиз окуу жайга карыз эмес экениңизди тастыктап көрсөтүүчү баракча (обходной лист) толтурбагандырсыз.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Ledi89
2015-10-26 18:37:19
Кобунчо кулкулу сууролорго,
0
dawa
2015-10-26 20:10:27
Ledi89,
Туура айтасын баарыныздардын маселениздер жакшы. Жака чечилсин
0
admin_superstan
2015-10-27 10:36:57
Jaz3, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
Ayida
2015-10-27 13:33:23
Саламатсызбы админ!Мен kenesh@super.kg ге суроо жоноттум эле.Каралабы менин суроом?
0
admin_superstan
2015-10-27 14:13:02
Ayida, саламатсызбы!
Бардык каттар каралат.
+1
asel_kg89
2015-10-28 21:00:50
Менин эжем уй алды,жалалабад шаарынан вариатка.уйду 35мин$баалап,20мин$ алдын ала берип,гос рег.барып согласия жаздырышты.уй стакан адамдын атасынын атында экен.мындайча айтканда:келини согласияны жазып бериптир,жолдошу м.н.сурайын дегеним,уйду алдырып койбойбу кийин жана туура кандай документтерди тууралаш к.к.рахмат
0
admin_superstan
2015-10-29 11:25:54
asel_kg89, саламатсызбы!
Cуроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
0
Ayida
2015-10-30 07:31:55
admin_superstan,kenesh@super.kg жазган каттын жообун качан окуй алам?27 де жаздым эле.
0
amin1986
2015-10-30 22:34:43
Менин суроолорум жоопсуз кплууда
+1
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан