ЖИГИТКЕ 70 ӨНӨР АЗДЫК КЫЛАТ

Кош өнөр

“Өнөргө мүнөз төп болот,
Өнөрлүү жигит кеп болот.
Өнөрдү баалап кыргыздар,
Өнөрлүү өлбөйт деп коёт”,- демекчи, төмөндөгү макала элибизге аттын кашкасындай таанымал болуп калган инсандарыбыздын көпчүлүк билбеген өнөрлөрү тууралуу болмокчу.

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты:
“АЛДЫМА АШПОЗЧУ САЛДЫРБАЙМ”
– Коомдук иш менен алек болуп жүрө берип оюмдагы көп нерселерди жасаганга жетишпейм. Бирок ошентсе да балык улоого дайыма убакыт табам. Мына ушул балык кармоого болгон кызыгуумдан улам экинчи өнөрүм ачылды окшойт. Балыкты бышыруу боюча алдыма ашпозчу салдырбай калдым. Бул өнөргө кызыгуум бир жолу салмагы 5 килограмм чыккан балык кармап, аны өз колум менен бышыргандан башталды. Учурда балыктан жасалган тамактар тууралуу китептерди да алып окуп жатам.

Садык Шер-Нияз, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү:
“ТӨКМӨЧҮЛҮК ӨНӨРҮМ БАР”
– Менде төкмөчүлүк өнөр бар. Кайсы жерде экени эсимде жок, Турсунбек Акун менен айтышып жеңип алгам. Жеңилдим деп таптакыр айтпаган Турсунбек мырза ошондо гана жеңилгендигин моюнуна алган. Кээде көңүлүм келгенде, бирөө менен сөз айтышка чыгууну самап калам.

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник:
“ЖЫГАЧ УСТАМЫН”
– Мектепте окуп жүргөндө кол эмгеги сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Өз колум менен бир нерсени жасап үйрөнүп алганымда ушунчалык рахат алат элем. Мына ошондон улам болуш керек, усталык өнөрүм бар. Дачама барсаңар, өз колум менен жасаган үстөл жана отургучтарды көрө аласыңар. Устаканам да бар. Ал жакты устачылыкка керектүү буюм-теримдерге бүтүндөй толтуруп алгам.

Өзүбек ажы Чотонов, “Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун жетекчиси:
“ТАМСИЛ ЖАЗА КОЁМ”
– Кесибим боюнча хирургмун. Бул кесибим менен 11 жыл иштедим. Бир топ илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө да үлгүрдүм. Негизи, кичинемден өзүмдү ар тараптан сынап келем. Мисалы, түрдүү социалдык роликтерге сценарий жазып жүрөм. Алар: “Атасын таштап кеткен бала”, “Ыймандуу келин” жана башкалар. Андан сырткары, көңүлүм келгенде тамсилдерди да жаза калам. “Каракчы менен жылан” деген тамсилим бар. Ал эми спорт жаатында теннис менен шахматты жакшы ойнойм.

Аскар Салымбеков, ЖКнын депутаты:
“САЙМА САЯМ”
– Мен жаш кезимде кызыккан бир өнөрүмдү айтып берейин. Кичинемде сайманы жакшы сайчу элем. Бир жолу 8-март майрамында апама өз колум менен жүз аарчыга гүл сайып бергеним эсимде. Азыр болсо спорт оюндарынан лыжа тебүү менен көк бөрүнүн ар кандай сырларын үйрөнүп, машыгып жүрөм.

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты:
“САЯПКЕРЛИККЕ КЫЗЫГАМ”
– “Ат сыйлаган жолдо калбайт” дегендей, бала чактан бери эле саяпкерликке кызыгып келем. Ат чабыштарга да катышып жүрөм. Учурда чарбамда Орусия, Казакстандан алынып келинген асыл тукум күлүктөр бар. Тулпар чыкчу жылкыны бир караганда эле баамдай алам. Буюрса, күлүктөрүм көптөгөн байгелерди да алып жатышат.

Сабырбек Жумабеков, Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору:
“УКМУШ УСТАМЫН ДА”
– Мен темир устамын десем жаңылышпайм. Бул өнөр ошол эле хирургиялык операцияларды жасоодон улам пайда болгон. Кээде эки сөөктү аштоо үчүн темирден жасалган кошумча материалдар керектелет. Алардын кээ бирлерин чет жерден заказ кылганым менен, көбүнчөсүн өзүм эле кадимки токардык станокто жасап коём.

Керим Турапов, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору:
“БАГБАНЧЫЛЫК ЖАЙЫМ БАР”
– Багбанчылык – мен сүйгөн иштердин бири. Короодогу жер-жемиштерди кыйыштырып дегендей. Башкача айтканда, өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдеп, аны тажрыйбада колдоном. Бирок бала чагымда жыгач уста болчумун. 5-классымда өз колум менен атама ээр чаап бергем. Учурда деле үйдүн майда-чүйдө оңдоо-түзөө иштерине уста чакырбай эле өзүм жасап алам.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан