Жан шерик
“Ак тилек менен алганым жубайым сен” деп Бек акебиз ырдагандай, ар бир адам жакшы ой-тилек менен үй-бүлө курат. Ырчы Ынак Осмоналиев жубайы Сырга менен “Жан шерик” рубрикасында үй-бүлөлүк сырларынан бөлүшөт.
“АЛГАЧ КАРЕКТЕР ЧАГЫЛЫШЫП...”
Ынак: – Мен 10-классты бүтүп жаткан кезде иним Уландын Алиппе майрамы болуп, апам бошобой калып ордуна баргам. Ал кезде жубайым Сырга 7-класста окучу экен. Бир көрүп эле жактырып калдым. Ошондо колума аккордеон алып Бек Борбиевдин “Тазасы барбы сүйүүнүн?” деген ырын ырдадым. Ырдап бүтүп карасам, Сырга башкача бир толкунданып туруптур. Ошентип, Сырганын жүрөгүн ырым менен багынткам. Кийин сураштырсам, биздин кошунабыз экен. Мен аны байкабай жүрүптүрмүн.
Сырга: – Ынак экөөбүздүн үйүбүздүн аралыгы 50 метр. Экөөбүз эки мектепте окугандыктан, бири-бирибизди тааныбай жүрүптүрбүз. Алиппе майрамында Ынактын ырдаганын чындап жактыргам. Ошондон кийин Ынак биздин үйдүн короосунан кетпес болду. Менин жигит күткөнгө жашым жете элек, чочуп жигиттер менен сүйлөшкөндөн тартынчумун. Телефон чалса деле коюп салам, үйгө келсе чыкпай, айтор, Ынакты көп эле убара кылгам.
Ынак: – Ошентип сүйүүм жоопсуз калгандыктан, Сырганын башка жигити бар го деп ойлогом. Дос балдар да «Сырга Нурлан деген бала менен сүйлөшөт» деп айтышкан. Ошондо кызганычтан «Алыстаса менден карааның, кызганычтуу карап каламын» деген саптары бар “Алыстаба” деген ырымды жараткам. Сыргадан үмүтүм үзүлүп, шаарга окууга кетип калдым. Кышкы каникулда айылга барып эртең шаарга кетем деп жатканда Сырга чалып калды, ошондо сүйүнгөнүмдү айтпа! Көрсө, балдар мени кызгандыруу үчүн калп эле «Нурлан деген бала менен сүйлөшөт» деп коюшуптур да.
“БЕШ ЖЫЛ СҮЙЛӨШТҮК”
Ынак: – Ошентип 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, 1998-жылы 26-декабрда баш коштук. «Сүйүү балдарга өтүп кетет» дегендерге таң калам. Ортосунда сүйүү жок эле балага байланып жашагандар ошентип айтса керек. Кудайга шүгүр, 3 кыз төрөп берди. Кыз төрөгөн аял эркек да төрөйт деп үмүт кылып жатам.
Сырга: – Үчүнчү кызым боюмда барда УЗИге барган сайын «эркек бекен?» деп сурай берчү. Кыз экенин билсем да «билбейм, ары карап жатып алыптыр» деп коюп жүрдүм. Төрөлгөндө эркек болсо болмок дегендей кылды, бирок азыр кызын аябай жакшы көрөт.
“АКЧАНЫ СЫРГА КАРМАЙТ”
Ынак: – Сырга – биздин үйдө акча сактоочу банк. Иштеп келип чөнтөгүмдөн чыккан акчанын баарын карматам. Бирок банкта канча каражат бар экенин көзөмөлдөп турам. Албетте, косметикасынан баштап кийимине чейин каржылоо менин моюнумда.
Сырга: – Ынак базарга барганды жаман көрөт. Үйгө буюм керек болсо деле, кийим керек болсо деле өзүм барып алып келем. Ал кыздарды карап үйдө калат.
Ынак: – Мен негизи, үйдөгү аялдын жумуштарына кийлигишкенди жаман көрөм. Кээ бир аталардай болуп жалаяк жууп, ашканага баш бакпайм. Болгону, кыздарымды киринткенде суу куюп берем, анан чачын алам.
Сырга: – Үч бала менен үйдө алышып отурганымды билбей, кээде «бир күн кечке эмне кылдың?» деп күйгүзөт. Анда мен «кыздарыңды бир күн кара, анан түшүнөсүң» деп таштап кетип калам.
“СЫРГАГА ГҮЛ СУНУУДАН ТАЖАБАЙМ”
Ынак: – Ошонун баарын түшүнүп, сенин көңүлүңдү көтөрөйүн деп күнүгө гүл алып келем да. Биздин үйдө дайыма гүл турат. Тойдонбу, концерттенби, айтор, Сыргага гүл алып келгенден тажабайм. Жубайыма арнап “Сырга” деген ыр жазгам, жакшы көрүп кеткенде өзүнө ырдап берем. Бирок кээде менден деле ката кетип калат. Үйгө кеч келгенде Сырга кызганып калса, «сенин оюң жаман, кантип эле мен кыздарды ээрчип кетип калайын? Мен сени эч кимге алмаштырбайм» деп өзүм жакшы адам болуп, байкушумду жаманга чыгарып салам.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg