СҮЙҮҮҢӨР БОЛСУН ТҮБӨЛҮК, СУКТАНЫП БИЗ ДА ЖҮРӨЛҮК...

Жылдыздар турмушунан

Сүйүү кандай керемет сезим?! Бул сезимге кабылбаган жан болбосо керек... Сүйүү тамчыларына жуурулушуп турган жылдыздарыбыз жүрөктүн түпкүрүндөгү ыйык сезимдери менен бөлүшүштү.

Алина Жетигенова:
– Жашоомдогу эң чоң чыныгы сезим– жолдошум Эржанга болгон сүйүү. Ал өзүнүн жылуу мамилеси менен мени өзүнө тартып, баш ийдире алды. Бирок ырчы экенимди билчү эмес. Анан кайсы жакта жүрсөм да, издеп таап аркамдан жетип келчү адаты бар болчу. Жаңы таанышканыбызда экөөбүз тең отузга барып токтолуп калган куракта элек. Бирок сүйүүбүз 16 жаштагы улан-кыздардын сезимдериндей болчу. Бир жолу менин концертке катышарымды жарнамадан көрүп калып, учуп-күйүп жетип келиптир. Сахнада ырдап жатып анын көрүүчүлөрдүн арасында отурганын байкап калдым. Ошондо толкунданганымды айтпа. Анан сахнанын аркасына келип эч кимди көзүнө илбей, мени кучактап алып кинодогудай тегереткени эсимде. Сүйүүбүздө тоскоолдуктар болбой койгон жок. Бирок “сүйүүнүн көзү сокур” деген чын экен, биз эч нерсе уккан да, көргөн да жокпуз. Үй-бүлө курганыбызга 20 жыл толсо да, ошол кездегидей эле сезимдер менен жашап келе жатабыз. Жыл сайын 14-февралда сүйүү күнүн өзүбүзчө белгилейбиз.

Токтобек Асаналиев:
– Мен Саадатты алгач көргөндө эле кандайдыр башкача, жылдызы жарык адам экенин сезгем. Экөөбүздү бир досум тааныштырган. Сүйүү учкун тура, ошол учкун жанып, мен ал кызды жөн гана жактырбастан сүйүп калдым. Таанышканыбызга аз эле убакыт болгондо, сезимимди ичиме батыра албай Саадатка айтып дароо эле колун сурагам. Ал каадасын кылып “ойлонуп көрөйүн” деп койгон. Ошондо “эми кандай жооп алам?” деп далай ойлонуп-толгондум. Кудай жалгап чогуу түтүн булатууга макулдугун берди. Ал убакта мен ыр жазып, обон жаратып көргөн эмесмин да. Саадатка болгон махабатымдан улам “Саадатым” аттуу дастан жаратып салбадымбы! Бул жөн гана дастан эмес, жалаң жүрөктөн чыккан сөздөрдөн куралган чыгарма болду. Мына, Саадат экөөбүз бала-чакалуу болуп, дагы деле сүйүшүп бактылуу жашап келе жатабыз.

Замира Молдошева:
– Жолдошум Моңолдор менен Ысык-Көлдө таанышкам. Таанышкандан 3 күндөн кийин эле бул адамсыз жашай албасымды сездим. Бирок бул жүрөк менен эле эмес, акыл-эс менен да сүйүү болчу. Арабызда сүйөм-күйөм деген сөздөр айтылбаганы менен, сүйүүбүз эки тараптуу экенин көөдөнүм менен туюп жаттым. Токтолуп калганыбызга карабастан, жаш кыз-жигиттей болуп эртеден-кечке телефон чалыша берчүбүз. Эртең менен “ойгондуңбу?”, түштө “тамак ичтиңби, каяктасың?”, кечинде “эмне кылып жатасың?” деп эле сөзүбүз түгөнчү эмес. Ал ошол учурда көлдө коттедж салдырып жаткан. Азыр болсо “ошондо акчамдын баарын сага телефон чалганга коротчумун” деп айтып күлүп калат. Бирок 3 ай сүйлөшкөндөн кийин чалбай да, келбей да жоголуп кетти. Мен болсо экинчи көрбөй калат экенмин деп ыйлап жүрдүм. Жаңы жылды да Моңолдордун келишин күтүп үйдө жалгыз тоском. Анан бир жарым айдан кийин гана келген. Көрсө, жумуштарын бүтүрө албай жүрүптүр. Азыр тамашалап “сенин айыңдан Жаңы жылда жалгыз калгам” деп калам.

Айжан Газиева:
– Азыр сүйүп жүргөн адамыма мындан 3 жыл мурун жолуккам. Ал киши менден улуу. Алгач жөн гана сыртынан сүйүп жүрдүм. Кийинчерээк ортобузда жакындык пайда болуп, бири-бирибизге тартылып кеттик. Көптөн бери ыр жаза элек болчумун. Ага арнап ырлар жаздым. “Сүйөм сени” деген ырыма клип тарттырарда да сүйгөнүмдүн образын так чагылдыргым келип, Бактыбек байкеден ролду аткарып берүүсүн сурадым. Бирок жашоодо баары биз ойлогондой боло бербейт тура, биздин жолубуз бириккен жок. Көп ыйладым, кыйналдым. Азыр да мага айткан жылуу сөздөрүн эстеп сагынам. Балким, келечекте башка бирөөгө арзып, ашык болоттурмун. Бирок бул сезимимди мен жашоодогу эң чоң, терең сүйүүм деп айтар элем. Ага арнап жазган каттарымдан “Сүйүү каты” деген ыр жараткам. Ал ырда “эгер адамзат бакыт үчүн бардыгына кайыл болуп бул жарык менен кош айтышса, анда мен экөөбүз үчүн ар бир кечте жан бермекмин...” деген саптар бар. Менде азыр ырым менен ал адамга болгон махабатымды айтуудан башка арга жок.

Махабат Догдурбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Simpotka
2010-01-29 10:34:31
Ochen' trogatel'nuy rasskaz u Aijana. Kogda otnoshenie stroish' s starshim chelovekom ved' znaesh' chem mojet vse konchitsya ne tak li druz'ya.Kak govoritsya nado slushat' roditeley
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан