Башталгыч мектептеги билим берүү жаатында жаралган маселелер ар бир ата-энеде, ар бир окуучуда бар. Биздин редакцияга ата-энелерден бир нече суроолор келип түшкөн. Аларга Бишкек шаарындагы №77-орто мектептин окуу-тарбиялоо бөлүм башчысы, адеп окуу китептеринин авторлорунун бири Сабира Өжөрбаева жооп берет.
«ЫР ЖАТТАЙ АЛБАЙТ»
– Эжейи үй тапшырмага ыр жаттоону көп берет. Бирок уулум экөөбүз жаттай албай кыйналабыз. Кээде «3-класс болсоӊ да жаттай албайсыӊ!» деп жиним менен чаап жиберем. Кошунабыздын уулу балам менен окуйт, ал өзү эле жаттап алат экен.
Сейит Карагулов,
Каныш-Кыя айылы
– Ар бир баланын табигый жөндөмү болот. Кээ бирөөлөр ошентип бат жаттай албайт, кээ бирлер тез эле илип кетет. 3-класстын окуучусу эмес, жогорку класстын окуучулары деле кээде «эжей, мен жаттай албай койдум, маанисин эле айтып берейинчи» дей беришет. Бала ырды жаттаардан мурун маанисин түшүнүшү керек, ошондо оӊой жаттайт. Мен мектептен алгач ырды доскага жазып хор менен окутам, кайра ар бирин жалгыздап окутам, анан өчүрүп салып ырдын ар бир сабын ар кайсы окуучуга айттырам. Кол көтөрүп эч нерсе үйрөтө албайсыз. Окуса гана жакшы адам болорун жеткире түшүндүрүү керек.«ДАЙЫМА БИР ПАРТАДА ОТУРБАСЫН ДЕДИМ»
– Арткы же алдыӊкы партада отуруунун окуучунун сабакты кабыл алуусуна таасири барбы? Менин баламды артка отургузуп коюшуптур, чырылдап жүрүп бир ыкманы киргиздирдим. Балам жанындагы классташы менен 1-күнү 1-партага отурса, кийинки күнү 2-партага жылышат, ушинтип улам артка жыла берет. Артындагылар алдыга жылышат, кыскасы, күнүгө орун алмашып турушат.
Таттыбүбү Темирова,
Талас шаары
– 1-партада отурабы же акыркы партадабы, окуучунун сабакты кабыл алуусуна таасири тийбейт. Артта отуруп деле жакшы окугандар бар. Окуучунун бир орунда отурбай күнүгө көчүп жүрүшү туура эмес. Бир орундукка отургузуп «ушул жерге дайыма отурасыӊ» десек, анда ал окуучу ошол партага жоопкерчиликтүү болот. Бир орунда отуруу жоопкерчиликке, туруктуулукка үйрөтөт. Адатта мугалимдер жакшы окугандарды бөтөн мугалим же комиссия келип текшерип калса деп алдыга отургузуп коюшат. Бирок балдардын белгилүү бир партага отурушу эки жагдайда каралышы керек. Биринчиси – бою узундар артка отурушу кажет. Анткени доска бардык балдарга көрүнүп турушу абзел. Экинчиси – көрүүсү начарлар алдыга отурушат.
«ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨ АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Уулум Адилет 5-класста, кызым Айжаркын 4-класста окуйт. Уулум берилген тапшырманы жаттабайт, бирок суроого ойлонуп жатып туура жооп берет. Ал эми кызым жаттама. Балам ойлонгуча кызым шак жооп берип салат. Бирок жаттамалар убакыттын өтүшү менен унутуп калат деп корком.
Акылай Тургунова,
Балыкчы шары
– Азыркы билим берүү жаатында мугалимдин негизги талабы – адабий окууданбы, математикаданбы окуучуга теманы түшүндүрүп, кайра ошону турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Негизи, жаттама балдардын логикалык ой-жүгүртүүсү өспөй калат.
Эмне кылуу керек? Телевизор, уюлдук телефон, компьютерге алаксытпай, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карай китеп окутуш керек. Жаттаган жакшы, бирок жаттаган нерсесинин маанисин да түшүнүү андан жакшы. Кичинекей эле тамсилди алалы. Анда түлкү коёнду алдап койду. Аны окуган бала эмнеге түлкү алдап кетти деп ойлонуп, ой-чабыты ар кайсы жакка кетет. Балдардын ой-жүгүртүүсүн өстүрүүдө ата-энелердин да салымы чоӊ болушу керек. Окуучу мектепте убактысынын аз гана бөлүгүн өткөрөт, көпчүлүк убакта үйүндө болот. Ошол учурда ата-эне баласы менен аӊгемелешип, бир окуяны талкуулап, баланын оюн угуп, кеп байлыгын өстүрүшү керек.
«КЫЗЫМ САБАКТАН КАЧАТ»– Кызым Айнуру орус мектепте 3-класста окуйт. Кыргыз тилин үйрөтө албай койдум. Кыргыз тили жумасына 2 жолу болот, боло турган күнү эле сабакка баргысы келбей калат.
Гүлүм Ырсалиева,
Бишкек шаары
– Окуучу эмне үчүн бир гана кыргыз тилин окугусу келбей жатат? Себебин изилдеп көрүш керек. Балким, мугалим менен окуучунун ортосунда келишпестик бар, же ата-энеси, айлана-чөйрөсү таптакыр орусташып кеткен адамдар. Ошондон улам балага өзүнүн эне тилинде сүйлөмөк түгүл маанисин түшүнүү кыйынга турат. Кандай болгон күндө да баланы кыргыз тилин үйрөнүүгө, сабагын калтырбоого мектептен мугалим, үйдөн ата-эне кызыктырып жардам берүүлөрү керек. Бала өз эне тилин билбей жатканын түшүнбөшү мүмкүн, бирок бул иш ата-эне үчүн туура эмес.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg