Мекени Мексика болуп эсептелген ашкабак адамдын организмин жашартуучу, боор, бөйрөк, ашказан-ичеги ооруларын айыктыруучу касиетке ээ. Төөнүн карды жарылган коӊур күздөгү арзанчылыктан пайдаланып, сиз да ашкабактын пайдасын көрүӊүз.
АШКАБАКТА БЫШКАН ТООК
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак (чоӊдугу тооктун санынан чоӊураак) – 2 даана
Тооктун саны – 4 даана
Картошка – 4 даанаБаклажан, пияз – 1 даанадан
Сарымсак – 1-2 тишче
Каймак – 200 грамм
Сыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы
Туз, мурч татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун сандарын туздуу сууга салып, 15 мүнөт кайнатып алабыз. Баклажанды чоӊ бөлүктөргө бөлүп кесип, туздуу сууда 20 мүнөттөй кармайбыз.
2. Ашкабактарды экиге бөлүп, ичиндеги данектерин чыгарган соӊ ичин оюп, кырабыз.
3. Сарымсакты өтө майда, пиязды орточо, ал эми картошка менен баклажанды төрт чарчы туурап, өз-өзүнчө идишке салабыз.
4. Эми көмөч казанга майдан куюп, пиязды, картошканы өз-өзүнчө кууруп идиштерге салабыз.
5. Көмөч казанга башка май куюп, баклажанды кууруйбуз. Куурулгандардын үстүнө туз, мурч кошуп, аралаштырабыз.
6. Ашкабактардын ичин сарымсак менен сүртүп, куурулган жашылчаларды бөлүп салабыз.
7. Электр мешинин табасынын ичине пергамент кагазын төшөп, ашкабактарды коюп, алар жыгылып кетпеши үчүн чийки картошкалар менен жөлөп коёбуз.
8. Ашкабактардын ичине каймактан бөксө куюп, үстүнө тооктордун санын жайгаштырабыз. Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Эми буларды алдын-ала 180 градуста ысытылган электр мешине салып, 1 сааттай бышырабыз. Ашкабактардын үстүнкү бети күйүп кетпеши үчүн фольга менен жаап коюӊуз.
«КҮЗДҮН ӨӉҮ» СУЮК ТАМАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Эт (уйдун) – 500 грамм
Ашкабак – 500 грамм
Картошка – 500 грамм
Сабиз – 150 грамм
Пияз – бир даана
Өсүмдүк майы – 80 грамм
Сельдерей, укроп, туз, калемпир – каалоого жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Пияз жарым шакекче, эт, ашкабак менен картошка орточо төрт чарчы, ал эми сельдерей менен укроп майда тууралат. Сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт.
2. Казанга майды куюп, этти кууруп алабыз. Анан пиязды, сабизди салып кууруйбуз. Булардын үстүнө картошканы салып, ал куурула түшкөндө ашкабакты, сельдерейди кошобуз. Үстүнө 2-2,5 литр сууну куюп, туз, мурч кошобуз.
3. Тамак даяр болгондо идиштерге куюп, үстүнө укроптон себелеп дасторконго сунабыз.
АШКАБАКТАГЫ КУУРДАК
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 3 килограмм
Уй эти – 700 грамм
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Суу – 300 грамм
Картошка, сабиз, помидор – 3 даанадан
Болгар калемпири, пияз – 1 даанадан
Сельдерей – 2-3 талча
Сарымсак – 3 тишче
Мурч – жарым чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Эт, картошка, помидор орточо төрт чарчы, ал эми болгар калемпирин, пияз, сельдерей, сарымсакты майда туурап, ар бирин өзүнчө идишке салабыз. Сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт.
2. Көмөч казанга майды куюп, алгач этти, анан пиязды, сабизди, болгар калемпирин, помидор, сельдерей, мурчту кошуп кууруйбуз. Картошка өзүнчө идишке куурулат. Картошканы мурунку куурулгандардын үстүнө кошобуз. Суудан куюп, баары толук бышкыча жай отто кайнатабыз.
3. Ашкабактын баш жагын тегерете капкак кылып кесип алабыз. Ичин данектеринен тазалап, оюп, кеӊейте кырып, сарымсак сүйкөйбүз.
4. Ашкабакты электр мешинин табасына коюп, ичине көмөч казанда бышкандарды куюп, ашкабак капкакты бекем жабабыз. Сыртын өсүмдүк майы менен майлайбыз.
5. Алдын-ала 180 градуста ысытылган электр мешине салып, ашкабак жумшарып бышкыча кармайбыз (1 сааттан ашык). Тамак даяр.
Эскертүү: Фаршталган ашкабак жегенге ылайыктуу болушу үчүн ичиндегилерди тарелкаларга бөлүп салып, кесимдерге бөлүнгөн ашкабакты четине жайгаштырса болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg