Жакында 43 жаштагы адам аялын сабап өлтүрүп, кылмышын жабууга аракет кылган деп шектелип кармалды. Ага 5 баланы төрөп берген аялын сабап өлтүрүүгө эмне себеп болгонун төмөндө окуӊуз.
«7 ЖАШТАГЫ НЕБЕРЕМ КӨРҮПТҮР»
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү Өзгөн РИИБине 64 жаштагы Датка Токсонбаева аттуу Кара-Кулжа районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4 күн мурда «токко урунуп өлдү» деген кызы киши колдуу ажал табышы мүмкүн экендигин билдирген.
– 13-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жашаган 38 жаштагы Гүлайым Пусуева аттуу кызым каза тапкан. Ал Кара-Кулжа районунун Жийде айылында туулган. Күйөө балам жана анын туугандары «түшкү саат 12лер чамасында нан жасап жатканда кокусунан электр меши жарылып кетип токко урунуп каза тапты» дешип, сөөктү ошол эле күнү жерге берип салышыптыр. Алгач күйөө баламдын айткандарына ишенип жаткам. Бирок кызым жерге берилгенден көп узабай, тагыраак айтканда, 17-октябрда алардын үйүнө барсам, күйөө балам жарылып кетти деп айтып жаткан электр меши жарылбай эле жакшынакай ордунда турат. Жүрөгүм бир нерседен шектенип балдарынан сурасам, кызымдын 7 жаштагы уулу «атам апамды ошол күнү сабап, муздак бөлмөгө камап салган. Мени жанына жолотпой койду» деди. Ошондон соӊ гана кызымдын сөөгүн кайрадан каздырып, бул ишти дыкат иликтеп берүүнү өтүнүп милиция кызматкерлерине кайрылдым. Күйөө балам менен кызым турмуш кургандарына бир топ жыл болгон, артында 5 баласы калды.
«АЯЛЫМ МАС БОЛУП ОЙГОНБОЙ КОЙГОНДО САБАП САЛГАМ»
Арыз ээсинин бул кайрылуусунан соӊ Өзгөн РИИБинин кызматкерлери маркумду кайрадан каздырышып, сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. 21-октябрь күнү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анда маркумдун киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Рахман Тургунбаев кармалган. Тергөө учурунда ал кылган күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып көрсөтмө берген:
– 10-октябрь күнү болжол менен түшкү саат 12лер чамасында үйүбүздөн анчалык деле алыс эмес жерде жайгашкан үлүш жерибизге чөп чапканы барганбыз. Ал жактан чөп чаппай эле келинчегим жана анын курбусу үчөөбүз 2 бөтөлкө арак ичтик. Кечки саат 7 чамасында мас болуп уктап жаткан келинчегиме «тур, үйгө кетели» десем турбай койду. Анан ачуум келип ошол жерден ур-токмокко алсам, аялым эсин жоготту. Үлүш жерибизден үйүбүзгө чейинки аралык 150 метрдей. Коӊшу-колоӊдор көрүп калбасын деген ой менен аны үйгө чейин колунан сүйрөп келип толук курулуп бүтө элек, от жагылбаган муздак бөлмөгө жаткырып койдум. 2 күн жатты, 3-күнү карасам аялым кырылдап, жаны чыгып баратыптыр. Бул ишти жашыруу максатында аялымдын эски кийимдерин чогултуп келип, үстүнө, бут жагына үйүп туруп өрттөп жибердим да, өзүм талаага кетип калдым. Арадан 1 жарым сааттай убакыт өткөн соӊ кайра келип, «аялым нан бышырып жатканда ток уруп, күйүп калыптыр» деп кошуналарымды жардамга чакыргам. «КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Рахман Тургунбаев аттуу Өзгөн районуна караштуу Адыр айылында туулган маркумдун күйөөсү кармалды. Учурда ал кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө тастыктагандай, эгер маркумга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндө, мүмкүн ал тирүү калмак.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg