Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айыма Айылчиева, ырчы: «АЙЫЛДА МАЛ КАЙТАРЫП, УЙ СААП ДЕЛЕ КОЁМ»

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж


Жаш экенине карабай көптөгөн сынактарга катышып, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу ырчы Айыма быйыл мектепти аяктап жатат. «Кыргыз тилин түшүнөм, бирок сүйлөй албайм» деген ырчы жеке жашоосу, чыгармачылыгы, келечектеги пландары тууралуу кеп салып отурду.

– Салам, Айыма! Эки ай мурун берген интервьюӊда «кыргыз тилин үйрөнүү үчүн кошумча сабак алып жатам» дедиӊ эле, бүгүн өз тилиӊде сүйлөп берет турбайсыӊбы?
– Саламатсыздарбы? Ооба, аракет кылып көрөйүн. Азыр концерт, мааракелерге чакыруулар көп болуп жаткандыктан ийримге кыйратып бара албай жатам. Ошентсе да кыргыз, англис тилдерин үйрөтүүчү ийримдерге жазылгам. Анткени быйыл 11-классты аяктап, АКШдагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырсамбы деп турам.
– Чет өлкөгө окууга кетсеӊ чыгармачылыгыӊ аксап калбайбы?
– Азыр апам экөөбүз ошол тууралуу ойлонуудабыз. Балким, ырларды жаздырып коюп кетем же ал жактан жаздырып анан жиберемби, айтор, бул маселени чечебиз. Азыр менин музыкалык билимим жок, жадакалса ноталарды да тааныбайм. Ошондуктан чет жактан музыка тармагында билим алсам дейм.
– Байкашымча, апаӊ сенин колдоочуӊ, эӊ биринчи продюсериӊ окшойт. Ата-энеӊ жөнүндө айтып берчи...
– Атам Кубанычбек Айылчиев МАИ кызматкери, апам Айнура Сагынбаева «Түндүкэлектр» ишканасында иштейт. Ал мендей кезинде ырдап, фортепианодо ойночу экен. Музыкалык мектепти да бүткөнүнө карабай ата-энеси каршы болуп ырдатпай коюшуптур. Ошондуктан менин ырдаганымды колдоп, кеӊеш берип турат. Үч бир тууганмын, эки иним бар. Улуусу Адил 12 жашта, мектеп окуучусу, кичүүсү Амир 6 жашта, бала бакчага барат. Инилерим да жакшы ырдашат. Өткөндө Адил «апа, мен да ырдап чыгам» деп чыгынды эле, апам «бир үйгө бир эле ырчы жетет» деп койду. Адил менен Амирди кичинесинен өзүм багып чоӊойтком. Апамдар каякка барышпасын мага ишенип таштап кетишчү.
– Үйдүн улуу кызы болсоӊ тиричиликке да бышык болсоӊ керек?
– Ооба, кадимкидей эле үй иштеринин баарын жасайм, үй жыйнап, идиш жууп, тамак жасап дегендей. Үйдө жалгыз болгондо ойдогудай жыйнайм. Көӊүлдөнсөм өзүмө жаккан тамак-ашты жасап коём. Көбүнчө торт, пирожное, печеньелерди жакшы бышырам. Бирок бирөө мажбурлап жумшаса, такыр жасагым келбейт.
– Анда мүнөзүӊ да оор окшойт...
– Мүнөзүм ачык болгону менен, өзүмдүкүн бербеген эркемин. Ошондой эле ашыкча эле өзүмдү сындап, өзүмдү өзүм жей бермейим бар. Кичине кезимде тентек болгон экенмин. Азыр, тескерисинче, жоошмун. Бир жолу кооз көйнөк кийип керебеттин үстүндө секирип бийлеп-ырдап жатып тоголонуп кетип, башым жылыткычка тийип жарылганга аз калган. Ошону ата-энем видеого тартып койгон экен, көрүп алып аябай күлдүк. Энергиям ашып-ташкан кыз болупмун.
– Энергияӊ ашып-ташса, өзүӊө сын көз караш менен көз салып турсаӊ мектепте да жакшы окуйсуӊбу?
– Мектепте 8-класска чейин жакшы окудум. Ырдай баштаганда сабактарды көп калтырып жетишпей калгандыктан «4» деген баалар да аралашып кетти. Бирок артта калбайын деп кээде тапшырмаларды алдын ала алып, жооп берип баа алып коём. Ырдаганымды мугалимдерим да колдоп турушат. Чыгармачылыгыма кызыгып, колдорунан келген жардамын беришет. Москвага сынакка жөнөгөндө мектебим акча чогултуп беришкен. Өткөн жылы Казакстанда бир долбоорго катышып, 1 жыл сабакка барган жокмун. Ал жактан келгенде сынак тапшырып, мугалимдеримдин жардамы менен кайрадан окуумду улантып кеттим.
– Алгачкы сүйүүгө кабылып көрдүӊ беле, негизи эле кандай жигиттер жагат?
– Алгачкы сүйүү башымдан өткөн. Классташ баламды жактырып, махабат даамын таткам. Азыр болсо жигит жандоо оюмда жок, ага убакыт да тар. Көӊүлүмдүн баары окууда. Жигитим мындай болсун, тигиндей болсун деп талап деле койбойм. Эӊ негизгиси мага жакса болду.
– Күйөрмандарыӊ да көбөйүп калгандыр, өзүӊдү жылдыз сезген учур болду беле?
– Чыгармачылыгымды сыйлагандар көп эле. Ошентсе эле өзүмдү жылдыз сезип, алардан бийикмин деп ойлогондон таптакыр алысмын. Ырдап коюп эле өзүн кыйын сезүү – бул акмакчылык. Анткени кимдир бирөө спорт жагына жакын болсо, айрымдар соода кылганга шыктуу, кээси кийим тиккенди жактырат. Ар бир адамдын өзгөчөлүгү бар. Ошол сыяктуу ырчынын алардан эч айырмасы жок деп ойлойм. Мен бат-баттан балдар үйүнө, майыптар үйүнө кайрымдуулук иштерин жасап барып турам. Аларды көргөн сайын тобо келтирип, жөнөкөй болуп, манчыркап көөп кетпегенге шарт түзүлөт.
– Өзүӊ орус чалыш кыз экенсиӊ, кыргыздын классикалык ырларын ырдаганга ким түрткү болду?
– Кичине кезимде «Ай, комузчу, комузчу» деп ырдаганым менен, жалаӊ англис, орус тилиндеги ырларга басым жасачумун. Чоӊ ата, чоӊ энемдин сунушу менен «Ак бата», «Атам менен энеме» деген ырларды ырдап калдым. Бул ырлардын текстин алгач окуганда айрым сөздөрүнө түшүнсөм, көбүнө түшүнбөй койдум. Анан маанисин которуп беришти, түшүнүп ырдап чыктым. Менин оюмча, эӊ негизгиси ырдын сөзү жакшы болуш керек.
– Ошондо чоӊ ата, чоӊ энеӊ да шаарда силер менен чогуу турабы?
– Жок, чоӊ апам Көлдөн, чоӊ атам Кара-Балтадан, таятам Алайдан, таенем казак кызы. Кара-Балтага чоӊ атамдарга бат-баттан барып турам. Мурун ал жактагы кыздар менен тоого чыгып мал кайтарып келчүбүз. Уй саап, анын астын тазалап жардамдашчумун.
Эне тилди жакшы билбегендиктен алар мага орус тилинде сүйлөшөт. Түшүнөм, бирок эркин жооп кайтара албайм. Чоӊ апам «кыргызча сүйлө!» деп урушат. Мен аларга жакын болгондуктан башка неберелеринен кызгана берем.
– Продюсер менен иштешүү планыӊда жокпу?
– Буга чейин продюсерлерден иштешели деген сунуштар түшкөн. Бирок апам макул болбой койду. Азырынча апам, менеджерим Мирзада үчөөбүз эле иштешебиз го. Учурда өзүмө кызыктуу образ, өзгөчө стиль издеп жатам.

«БУЛ ДА МЕН ЖӨНҮНДӨ»

  • 5-класста үнүм аябай ичке эле. 6-класстан өткөндө кыргылданып, такыр башкача болуп чыга келди.
  • Мектептен такыр боёнбойм.
  • Чийүү, география, алгебра сабактары жагат. Ал эми жакпаган сабактар химия, физика.
  • Дайыма кечигүүчүлөрдүн катарындамын.
  • Ата-энем тойлордо, кечелерде ырдаганыма каршы. Ошондуктан үгүт кампаниясында ырдаган жокмун.
  • Өзүмдү-өзүм каржылап калганыма көп болду.
  • Буга чейин жөнөкөй эле телефон көтөрчүмүн. Өткөн жылы АКШга барып смартфон сатып алгандан кийин заманбап телефон менен ооруп калдым.
  • Шоу чөйрөдөн көрө албастарды байкадым. Интернеттеги баракчама ар кандай комментарийлерди жазып кетишет. Мурун ага маанайым чөгүп жүрчү, азыр көнүп калдым. Тескерисинче, күлүп алдыга гана умтулуудамын.
  • КВНде ойногондон ырахат алам. Мектептин КВН боюнча курама командасында ойноп, Алматы шаарына чейин барып келгем.
"Кичинемде тентек, энергиям ашып-ташкан кыз болгон экенмин".

"Аяна экөөбүздү достуктан мурун музыка бириктирди".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Айыма Айылчиева: "Эл көзүндө жүргөндүктөн, идеалдуу болгонго аракет кылам"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(55)
Super TV
31.10.2015. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын кичинекей жөжөшка, ушундай натуральный адам. сага ийгилик, кен келечек, кыргыздын бактылуу кызы бол.
Медиа-портал
01.11.2015. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-12-2013
Соӊку аракети:
22-05-2018 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уроссия гой ))
+1
Онуп осо бер. Талантына таазим !
Super TV
01.11.2015. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
28-07-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 07:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик биринчиси кечиримдуу. Эмки баарлашууда кыргызча кутобуз
Медиа-портал
01.11.2015. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
25-08-2015
Соӊку аракети:
22-08-2017 09:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
ИИ жожо милашкагоо, "туура тушунуздор анда эмесе"-деп койгонун,эч нерсе эмес буйурса жакшы суйлоп каласын деген ишеничтебиз!!!
Медиа-портал
01.11.2015. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
29-04-2018 12:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Бактыгул Бадыевадан деле интерьвю алгылачы сураныч
02.11.2015. 09:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
04-10-2015
Соӊку аракети:
23-01-2017 22:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
уважаю молодец)))
Super TV
02.11.2015. 09:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
12-10-2016 16:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии оа Айгеримдин жашаган уйуно барып интервью алгылачы кандай болуп калды экен
02.11.2015. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Кыргыз болуп туруп, кыргызча суйлой албаганы окунучтуу.
02.11.2015. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
19-12-2017 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+4
Баары жакшы, бирок маек ээси озу деле ынгайсыз болгону эне тилинде суйлобогону экен. Таланты, тарбиясы, сырткы келбети ички дуйносуно шайкеш келген корунуп турат. Эми элдин купулуна толгон корунуктуу инсан болуу учун сын-пикирди туура кабыл алса, келечеги кен болот.
02.11.2015. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
25-12-2014
Соӊку аракети:
21-06-2017 19:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыма, азамат! Чыгармачылык ийгилик!
Медиа-портал
02.11.2015. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
айыма сестренка молодец! дайыма чыгармачылыгына ийгилик! азаматсын
02.11.2015. 11:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
07-02-2016 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Махабаттын даамын таткамын дейби..
02.11.2015. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
16-09-2018 09:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+1
мен 2013-жылы Дайырдын концертинен коргом биринчи жолу. кичинекей ширин кыз болчу. анда да жалан англисче ырдаган. сага ийгилик! азаматсын. элдин сынына сынбай журо бер!!!
02.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалаймын.Кыргызстанды дуйного тааныткан ырчы бол.Жонокойлугундон жазба
02.11.2015. 16:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
12-09-2016 12:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик каалайм.
02.11.2015. 16:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Zarema94, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
02.11.2015. 16:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
26-10-2012
Соӊку аракети:
03-11-2015 00:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Айыма,жонокойун жагат мага,Аяна бой которгон кыз экен,удачи тебе сестрёнка!
02.11.2015. 22:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
01-01-2016 04:33
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗ тилин жакшы билбесен уят!!!
03.11.2015. 00:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
21-09-2015
Соӊку аракети:
31-07-2016 12:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эс алчы карындашым!!! Кыргыз кызы болуп туруп кыргызча суйлой албаганын окундурот Кыргызды кыргыз кылган бул кыргыз тили!!!
03.11.2015. 01:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
05-04-2013
Соӊку аракети:
09-06-2018 10:47
Жынысы:
Белгисиз
0
ulan_sabina, тандайы катканча танкылдап ырдаган эже агайларды эле ким сыйлап жатты жатыптыр билген оокатын кыла берсин да.
03.11.2015. 02:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
17-09-2016 02:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Узген
0
Чет олкодон билим алуу мен учун дагы аткарылбаган арзуу болуп калды. Мункун барып калармын деген умут менен кун кечииуудомун. Айыма мен сени жакшы кором канча жолу кайталап жазууга даярмын.мин мин мерте кайталап жазууга даярмын.
03.11.2015. 02:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
0
Садаган кетейин ийгилик, кыргызчаны созсуз уйрон.
03.11.2015. 12:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
09-10-2015
Соӊку аракети:
28-03-2016 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түрция
+2
Бул Айыма жакшынакай кыз, токтоо, жонокой,адамгерчиликтуу,кичи пейил,корунот адамды бир коргондо суйлогон созунон билсен болот азамат ийгилик сага ойлогон максаттарына жет,Ал эми Аяна менин анча табитиме туура келбейт бой которгон озуну кыйын сезген башканы тенине алгысы келбеген кыз,мен айтаарым Айыма досунан улгу алса коп жакшылыктарга жетет!
03.11.2015. 16:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
+1
Sandrana,
Туура айтасыз, Аяна озун которгон кыз, суйлогондо эле асманга учуп чыгып мойну кайрылып суйлойт. Бул кыздын жонокойлугу абдан жакты.
04.11.2015. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Senuchunzhashaim,сен Аяна жөнүндө жакшы билесиңби, же өзүңдүн көрө албастыгыңбы?
05.11.2015. 03:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
0
jypar.i,горалбай эмне? Ар ким оз оюн айтууга укугу бар. Мен болгону эковун салыштырдым. Аяна ким болсо да мага баары бир.
04.11.2015. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Sandrana, Аяна сага жакпаса эле, бой көтөргөн кыз болуп калабы? Сен Аяны жакшы тааныйсыңбы, же жөн эле жазып койдуңбу? Бул эки кыз тең жакшы кыздар, башка өлкөдөн мындай таланттар чыкса, колдогонго аракет кылышат. Биз деле сын эле жаза бербей, жакшы сөздөрдү айтып, көңүлдөрүн көтөрөлү да. Мен экөөнө тең ийгилик каалайм, бар болгула!
03.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош. Өзгөн
+2
Ооба,кыргызча билбегени жаман экен. Бирок өзү аябай жакшы кыздай. Ырдаганы да жагат,Аянага салыштырмалуу жакшы ырдайт.
04.11.2015. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
28-10-2015
Соӊку аракети:
11-09-2018 19:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
исфана бишкек
0
Молодец.ийигилик.!
06.11.2015. 04:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
01-11-2015
Соӊку аракети:
20-08-2017 01:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы туртмоо жинди эмес экенсин кебир кыздар ды туугандар той топурларда ушинтип урушканын угуп калат элем : оллаа мен дагы туртмоо жинди экенсин туртмойунчо кылбайт турбайсынбы озун билип деп ))
Медиа-портал
08.11.2015. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
0
Орус тилин билгени жакшы,озунун тилин билбесе бул эн окунучтуу!Ата-энесинде куноо, кыргыз тилин уйротпогон!
08.11.2015. 14:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
05-07-2012
Соӊку аракети:
06-06-2016 18:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
уят еле кырыз кызы кыргызча уйронуп жатам дегени
08.11.2015. 21:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
07-09-2015
Соӊку аракети:
12-09-2018 01:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы кыз экен талантын ташкындай берсин,буюрса чогу иштешебиз деген ойдомун сага однаклассниктен дружба таштаган элем кошконсун,Иманалиев Нурзамат ошол менмин,мендагы буюрса музыканын аркасынан жугуруп жургон убагым
08.11.2015. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
07-09-2015
Соӊку аракети:
12-09-2018 01:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
Super TV
30.11.2015. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
26-06-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Умница ))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: