Алмаз Шаадаев, ырчы: «ЫРЧЫ БОЛУУМА SUPER.KG СЕБЕПКЕР»

«Келчи, жаным, келчи», «Жаным, ай», «Татынасыӊ» аттуу ырларды ырдап жүргөн Алмаз Шаадаев аттуу ырчы бар. Аз-маз болсо да эл оозуна алынып келе жаткан жигит ушул күздө борбор калаабызга жеке концертин бергени камынып жаткан кези. Биз Алмазды кепке тартып окурмандарыбызга бул жигит тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 11-сентябрь
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм жана саякат бөлүмүн аяктаган

– Алмаз, айтсаӊ, эмне үчүн ырчы болууну тандагансыӊ?
– Бала кезде эле ырчы болууну кыялданчумун. Мектепти аяктап жатканда Искусство институтуна тапшырайын десем ата-энем «Өзүӊ кыргыз-түрк лицейин аяктап жатасыӊ, классташтарыӊдын баары чоӊ окуу жайларга тапшырышат, сен артист болом дейсиӊби? Башка окуу жайга тапшырып деле ырдай бер» деп болбой коюшту. Анан Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып туризм жана саякат факультетинде окудум. Адам жүрөгүнө жакын кесипке ыктайт экен. Бала кездеги изги тилегимди жүзөгө ашыруу үчүн ырчы болууну тандадым.
– Бала кез демекчи, сакадай бою сары алтын баланын таттуу балалыгы кайда өткөн?
– Ата-энемдин ишине байланыштуу 9 айлыгымда чоӊ ата, чоӊ энемдин колуна беришиптир. 4-класска чейин Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында окудум. Андан кийин ата-энем Нарын шаарына алып келишип, түрк лицейинде окуумду уланттым.
– Сен SUPER.KG порталынын активдүү форумчусу болчусуӊ. Азыр деле форумдагы талкууларга катышып турасыӊбы?
– Менин ырчы болуп калышыма аталган порталга форумчу болушум да себепчи. 2011-жылы Алмаз Шаадаев деп сайтка катталдым да, активдүү форумчуга айландым. Сайт уюштурган форумчулардын жолугушуусуна барып турчумун. Бир жолку кезигишүүдө ырдап койдум. 2011-жылы «Супер активдүү, ырчы форумчу» деген наам алып, «Супер-Инфонун» концертинде «Жаным, ай» аттуу ырымды аткаргам. Эки жыл мурун сыр сөзүмдү унутуп калып форумга катышпай калдым.
– Чыгармачылыгыӊа кандай баа бересиӊ?
– Өзүмдү өзүм каржылап, өстүрүп келе жатам. Продюсер менен иштешкениме жарым жыл эле болду. Аябай намыскөймүн. Бирөөгө барып жагынып мени чыгарып койчу, тигинтчи-минтчи дегенди жаман көрөм. Башка ырчылардай болуп акча менен таанылып, бир жылда эле концерт берген жокмун. Эл аралап гастролдо жүрүп такшалдым, жакында борбор калаага тушоо кесүү концертимди берүүгө камынуудамын.
– Айрым ырчылардын ырынан чыры көп болот. Сенин артыӊдан да жаман сөз ээрчийби?
– Жаман иш кылсам артымды тазалаганга аракет кылам. Мүнөзүм кырс болгонгобу, бир көргөн адам бой көтөрүп жүрөт, керсейип алыптыр дейт экен.
– Жанаша баскан сүйүктүүӊ барбы?
– Көп эле кыздар менен сүйлөштүм. Бирок келечекте ушул бийкеч колуктум болот деп ээрчитип жүргөн сүйүктүүм жок. Болсо маекке чогуу келмекмин (күлүп). Жубайымдын апама окшош болуусун каалайм. Мени колдон-буттан алып колдоо көрсөтүп турушу маанилүү. Бою менден узун болсо деп кыялданам. Көбүнчө узун бойлуу кыздарга «сиздин боюӊуз узун экен, экөөбүз «пара» болчудайбыз, таанышып албайлыбы?» деп тамашалайм. Бул менин узун бойлуу кыздар менен таанышуудагы фишкам.
– Маегиӊе рахмат.

"2011-жыл, форумчулардын жолугушуусунда. Азыр жаӊы топ, башка тайпалар пайда болуптур".

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Апамдын 12 миң сомуна "Жанымай" ырын жаздырып, элге таанылгам" дейт Алмаз Шаадаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Kunbeken
2015-11-02 10:23:25
Унуно береке мам уну жагат.
0
Gulirka.95
2015-11-02 11:30:07
Almaz baike maga a9bai jagadyz. Chygarmachylygynyzga igilik.
0
XxX_1
2015-11-02 17:19:21
Суперстанда ачкан темаларын коруп калам ))
0
SMS Aroma
2015-11-02 18:32:06
Азаматсын,Шаадаев ! Мыкты форумчулардан болчусун, дагы да мыктылыгындан жазба !!! Ийгилик , концертин аншлаг менен отсун !
0
Bonia9189
2015-11-02 18:55:25
Азамат уну,келбети,жонокойлугу баардыгы сахнага керек адам экен,бар бол чыгармачылыкта албан албан ийгиликтерди каалайм,концертинди аншлаг менен откоруп алышына тилектешмин☺
0
Senuchunzhashaim
2015-11-02 21:00:12
Ийгилик концертинизге! Бир куну форумга суйроп жатып алып кирдим эле кайра киреви десем ошону менен исчез болду байкежим)))
0
Gulichka.milichka
2015-11-03 01:42:01
Ооуу убагында форумду дуркуроткон гооо ушу жигит
0
Erkem
2015-11-04 11:56:03
Эмнеге менин билдируулорум жок?
0
admin_superstan
2015-11-04 12:06:36
Erkem, саламатсызбы!
Сиз бул макалага алгачкы жолу комментарий жазыптырсыз. Башка бөлүмгө жазган эмес белеңиз?
0
Erkem
2015-11-04 14:27:37
Чукодой бою сары алтын жигитта, чыгармачылык, деги эле омур жолуна албан-албан ийгиликтер саксашым...:-*
0
seni.gana
2015-11-04 19:44:42
Алмаз.. Жакшы ырдайт биз студент кезде манаста кее бир кечелерге чыгып ырдап калчу
0
Erkem
2015-11-05 00:29:20
Эх шаадаев 2011-жылкы форумдун жолугушуусун айтып бойдок кездин эн кызыктуу эсте каалаарлык кундорунун бирин эске салдынгоо...супердин тамаша торуна илинип,СССР менен ЖЫЛДЫЗдын баш кошконуна ишенип,тан атканча каалоо-тилек айтып,тытып бийлеп,укмуш чачыраганбыз...:-Pбир суперге таарынычым жылдын дебютуна наминант болдун десе узак жол артып барып,бир жонокой диплом ала албаганымда суперден...минтип уй кожейке болуп отуруп калганымда жок дегенде абысындарыма корсотуп,мактанып тураар белем...эх кечиресинер темадан алыстап кеттим окшойт ээ...
-1
Deniza88
2015-11-05 19:51:22
Erkem, ))))
0
altyshka_23
2015-11-07 14:27:24
Ийгилик каалаймын
0
Azura
2015-11-07 21:52:19
Ийгилик!!!
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан