ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ

Тарыхта калган тагдырлар

Айрым изилдөөлөргө таянсак, кооптуулугу боюнча биринчи орунда шахтёрлордун, экинчи орунда милиция кызматкерлеринин, үчүнчү орунда журналисттердин иши турат экен. Мисалы, “1 миллион тонна көмүр казылгыча бир шахтёрдун өмүрү кыйылат” деген маалымат бар. Бирок биздин сөз кылалы дегенибиз такыр башка. Бүгүнкү сөз мекендин тынчтыгын, коопсуздугун, жалпы эле мамлекет ичиндеги тартипти көзөмөлгө алуу ишинде курман болгон эр-азаматтарды эскерүүгө арналат.

Эрик Окошов 1983-жылы 1-июлда Кант шаарчасында туулган. Атасы Табылды Окошов Аба десанттык аскер бөлүмүндө кызмат кылгандыктан, Литванын Каунас шаарына көчүп барат. Эрик ал жерде 3-класска чейин окуйт. 1992-жылы кайрадан Бишкекке көчүп келишет. Кичинесинен атасынын жанында жүрүп, парашют менен секирүүнү кыялданган Эриктин көксөгөнү жерден табылып, 9-классында алгачкы жолу вертолёттон секирет. 11-классты аяктаган соң Кыргыз техникалык университетине тапшырат да, 1-курсту аяктай элегинде окугусу келбей таштап коёт. Баары бир билим алуусу керектигин билип, КГУСТАнын студенти болот. 3-курстун аяк ченинде атасына келип “ата, сиздин жолуңузду жолдойм. Аскерге барам” дейт. Баласынын каалоосуна бут тосо албаган ата макулдугун берет. Медициналык кароодо май таман деп табылып, аскерге жараксыз делинет. Ошондо атасын ортого салып жатып, Эрик аскер кызматын өтөөгө аттанат. Бир жыл кызматын өтөгөн соң келишимдик негизде кызмат кылууга калат. Өжөрлүгү, көздөгөнүнө жетмейинче тынчыбаганы менен башкалардан айырмаланып, жаштыгына карабай, аба десанттарын даярдоо боюнча инструктор болгонго жетишет. Кызмат өтөп жаткан жоокерлерди гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтеринин кызматкерлерин да парашют менен секирүүгө үйрөтөт. Мына ушундай иштесе ишке тойбой турган гүлгүндөй жаш курагында жоокерлерди машыгуудан өткөрүп жатып бул дүйнө менен коштошот.

Ал каргашалуу күндү атасы, Мамлекеттик күзөт кызматынын аба десанттарын даярдоо боюнча инструктору Табылды Окошев мындайча эскерет.
– 2009-жылдын 21-январы. Эртең менен эрте туруп, аскерлерди машыктыруу үчүн Фрунзе-1 аэродромуна алып келдик. Парашюттан секире тургандар төрт топ эле. Жоокерлерди, офицерлерди алгач Эрик текшерип, андан кийин мен карап чыктым. Эрик элдин көзүнчө эч качан ата деп кайрылчу эмес. Жоокерлер секирип бүтүп калганда “урматтуу подполковник, мен да секирейин дедим эле. Уруксат бериңиз” деди. Макул болбой коё алган жокмун. 1100 метр бийиктиктен вертолёттон секирди.
Парашют салынган баштыкты камера дейт эмеспизби. Парашют камерадан толук чыкпай калды. Эрик парашюттун толук чыкпай калганын түшүнбөй калды. Түшүнсө дароо эле запастагыны ачмак. Запастагыны ачууга үлгүрдү, бирок баары кеч болуп калган. Катуу ылдамдыкта, күч менен келип жерге түштү. Ошентип, көз алдымда балам биз менен кош айтышты.
Кийин уксам, балам бизди таштап кетерин сезгендей парашюттан секирчү күнгө чейин интернет клубга барып, алыстагы жакындары менен көпкө сүйлөшүптүр. Бишкектеги туугандарын чогултуп бильярдга да барыптыр. Кыскасы, сезгендей баары менен коштошкон экен.

“Элине чын жүрөктөн кызмат кылуу Эриктин негизги максаты эле”,- деп досу Улан дагы күйүп отурду.
– Эрик элим-жерим дегенде ак эткенден так эткен кыргыздын чыныгы патриот жигиттеринен эле. Өзүнүн кесибин аябай жакшы көрчү. Биз менен жолукканда жумушундагы жаңылыктарын эле айта берчү. Акыркы жолу 21-январга бир жума калганда кафеде жолукканбыз. Ошондо “ага сержант наамын алдым. Буюрса, жазында үйлөнөм” деген. Сүйлөшкөн кызы бар болчу. Жакшы адамдар эрте кетеби, билбейм. Жан дүйнөсү таза, өтө жоопкерчиликтүү, айтканынан кайтпаган өжөр, туугандарына күйүмдүү эле. Достор арасында бирибизде маселе жаралып калса, аны менен кошо кайгырып, кошо санаа тартчу.
2009-жылдын жайында туугандары, достору биригип Эриктин жаркын элесине арнап аскер кызматкерлеринин арасында минифутбол турнирин өткөрдүк. Жеңүүчүлөргө кубоктор, төш белгилер тапшырылды. Буюрса, бул турнирди жыл сайын өткөрүп турууну максат кылуудабыз.

ӨМҮРҮН ЭЛГЕ АРНАГАН АЗАМАТТАР
Кылмышкерлерди кармоо, тартипти кө­зөмөлдөө эң опурталдуу иш десек жарашат. Канын-жанын эли үчүн арнап, ак милдетин өтөп келе жатып кылмышкерлер колунан каза тапкандардын айрымдарын сөз кылбай коё албадык.

Күлчоро Мендулатов. 1991-жылдын 25-апрелинде түнкү саат он экиде Күлчоро Мендулатов оперативдик топту куралдуу каракчыларды кармоого баштап бараткан эле. Алар отурган машинага жолдо турган мас адамдар таш ыргытып тийишишкен. Күлчоро мырза мастар менен сүйлө­шүү үчүн машинадан түшүп барган. Ошол учурда өзү келе жаткан машинанын айдоочусу үргүлөп кетип, Күлчоро Мендулатовду сүзүп кеткен.

Өмүрбек Жумакадыров. 2007-жылдын 19-январында кылмыш чөйрөсүндө аты белгилүү Нурматов Айбектин Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашырынып жүргөндүгү боюнча маалымат алынган. Кылмышкерлерди кармоо ИИМдин тез аракеттенүүчү атайын отрядынын жоокерлерине тапшырылган. Үч топко бөлүнгөн жоокерлер кылмышкерлер жашынган үйдү курчоого алышып, ортодо ок атышуу башталган. Кылмышкерлердин колунан биринчи топко жетекчилик кылган милициянын старшинасы Жумакадыров Өмүрбек окко учкан.

Эрлан Искендеров. 2007-жылдын 15-ап­рели­нен 16сына караган түнү милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кубан Жолдошев отурган автоунааны курчоого алышат. Оперкызматкерлер кылмышкерлерге куралдарын таштап сыртка чыгууларын талап кылышат. Бирок Жолдошев автоунаанын ичинен туруп милиция кызматкерлерин көздөй ок чыгара баштаган. Милициянын ага лейтенанты Эрлан Искендеровдун көкүрөгүнө эки жолу ок жаңылып, ошол жерден каза болгон.

Тынч жаткан элдин асманына кара булут пайда кылгысы келген душмандардын же болбосо чек арадан өтүп кеткиси келген кылмышкерлердин алдын тосуу чек ара кызматкерлеринин иши. Чек ара кызматкерлеринин арасында да иш учурунда каза болгондор жок эмес.

Курманбек Жаныбеков. 2006-жылдын 3-ян­варында Таш-Көмүр шаарынын аймагынан Нарын дарыясына чөгүп бараткан жоокерди куткаруу үчүн сууга секирген. Жоокерди аман алып калганы менен, чек ара кызматкери Курманбек өз өмүрү менен кош айтышат. Арадан бир ай өткөндө гана 8-февралда Жалал-Абад чек ара кызматкерлеринин издөөсү менен иш учурунда эрдик көрсөтүп каза болгон Жаныбековдун сөөгү Үч-Коргон ГЭСинен табылган.

Курманбек Ыкышев. 2006-жылдын
12-майында Баткен облусунун аймагына кирип келген куралчан террорчулар менен болгон узак кармашта баатырларча курман болгон. Ооба, мындайда айрымдар артка кылчактай коркоктук кылышат. Бирок Курманбек Ыкышовдун эрдиги башка кызматкерлерге үлгү болуу менен тарых барактарында сакталып калды.

Талантбек Дарчибаев. 2007-жылдын 4-декабрында өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон. ­Качып кеткен куралчан жоокер менен сүйлө­шүүгө барганда, жоокердин колунан каза тапкан. Буга чейин болуп көрбөгөн мындай чуулгандуу иш ушундай шумдуктуу окуя менен аяктаган.

Бейшенбек Раимбеков. 2000-жы­лы 12-августта Баткен облусунун Курбака аймагынан чек арадан тоскоолсуз өтүп кеткиси келген террорчуларды тосууда душман огунан каза тапкан.

Биз жогоруда акыркы учурда болгон айрым жоготууларды жаздык. Ооба, санай берсек, эл үчүн курман болгондордун эрдиктерин жазууга кагаз чак келбейт. Мындан ары жан кейиткен ушундай кырсыктар аз болсун, мекен үчүн көз жумгандарды эч качан эли унутпайт демекчибиз.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Marmiladka
2010-01-25 12:40:22
Ылайым ушундай патриот эр-азаматтар элибизде кобойо берсин!Бул агаларыбызга ийилип таазим этсек арзыйт!Озгочо К.Жаныбековдун тагдыры мени туйшолтту!
0
rokossovetz1987
2012-03-22 21:26:57
Эрик Окошев служил в рядах Национальной Гвардии в спецназе "Пантера" и там же остался служить на контрактной основе. Когда он солдатом был ему командир роты доверял и назначил ответственным за ротой,поверьте даже офицеру тяжело с такой обязанностью. Эрик великолепно справлялся с легкостью. А Эрика все уважали не только рота но и весь отряд спецназа. Ведь его авторитет был всегда на высоте не только в Национальной Гвардии но и у тех кто был связан с парашютом. Помню,во время из очередных прыжков
0
rokossovetz1987
2012-03-22 21:53:55
Помню, во время из очередных прыжков, у одного новичка был день рождение. И чтобы этот день запомнился пошел прыгать с парашюта. Когда он спрыгнул на свободный полет не раскрылся парашют, Эрик сразу за ним спрыгнул,догнал и открыл его парашют. Он спас человека от гибели! Когда приземлились тот плакал и благодарил Эрика говорив что он спасая его подарил жизнь в День Рождение. На такое мужество и храбрость не каждый может решиться и удается не легко. Он остался для нас символом мужества храброст
0
№ 377, 22-28-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан