Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Ош облусунун Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки жашар наристе оор абалда келип түшкөн. Алган жаракатынан улам кыз эсине келбей эртеси күнү көз жумган.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Өзгөн райондук ооруканасынын дарыгерлери кыздын ур-токмоктон улам каза болгондугу тууралуу маалыматты 27-октябрда жергиликтүү милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен. Ыкчам иликтөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында наристенин өлүмүнө шектүү катары анын апасынын бир тууган жездесин кармашкан. Наристе кыздын апасы Өзгөн районунун Коммунист айылынын тургуну 22 жаштагы Айчүрөк Жапар кызы, ал эми атасы Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургуну 31 жаштагы Медер Абдылда уулу экендиги жана экөөнүн ажырашып кеткендиги белгилүү болгон.
«ТАРБИЯЛАП КОЁЮН ДЕГЕМ»
Кылмышка шектүү Мурасбек Курмушуев сурак учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Балдызым Айчүрөктүн биздин үйгө келип убактылуу жашап жатканына 1 жумадай болгон. 26-октябрь күнү саат 20:00 чамасында анын кичинекей кызы сийип койгону үчүн тарбиялоо максатында шапалак менен жамбашына уруп койгом. Кыздын абалы начарлап кеткенинен ооруканага жеткиргенбиз, тилекке каршы, ал каза болуп калды.
«КЫЗЫМДЫ САБАП ӨЛТҮРГӨНҮН АЙТЫШКАН ЭМЕС»Маркум кыздын атасы Медер Абдылда уулу менен байланышып, окуя тууралуу буларды уктук:
– Келинчегим Айчүрөк экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. 2014-жылы 1-январда кыздуу болгонбуз. Ортодо пикир келишпей бир ажырашып, кайра табыштык. 2015-жылы 1-майда кайрадан таарыныша кетип, улуу жездеси Асан менен эжеси Бермет (кылмышка шектүүнүн жубайы) экөө келип келинчегимди алып кетишкен. Кызымды бербей алып калгам. Арадан бир ай өткөндөн кийин, тактап айтканда, 12-июнда мен базарга, апам да жумуштары менен бир жакка кетип, кызым менен атам үйдө калышкан. Ошол күнү келинчегим менен кайнатам үйгө келип, кызым эшиктин алдында ойноп жүрсө келинчегим «шымын которуп коёюн» деп ошол бойдон аны алып кетип калыптыр. Ажырашып жүргөндө келинчегиме көп ирет «кайра кел, жарашалы» деп айткам, бирок келбей койгон.
Экөөбүз жашабасак да, телефон аркылуу сүйлөшүп турар элек. 24-октябрда байланышканыбызда Айчүрөк: «Жазы айылына Мурас жездемдикине барып жашап турам. Ошол айылдагы бала бакчада иштемекчи болдум» деген. Кызым ооруканада жатып көз жумганын 27-октябрь күнү түштөн кийин коӊшумдан уктум. Ошол замат ооруканага бардым. Келинчегиме жолуга албай, анын ата-энесинен сурасам, «ойноп жатып чоӊ таштын үстүнөн кулап түштү» деп айтышты. Бажам сабап өлтүргөнүн айтышкан эмес. Чынында, кызымдын бетинин оӊ тарабында жана чекесинде көк ала так бар эле. Экспертизадан өткөрүп, наристени кыйнабай эле коюуну чечип, сөөгүн жерге берип койгонбуз. Угушумча, окуя болгон күнү келинчегим үйдө болгон эмес. Өзгөндө бир кафеде идиш-аяк жууп иштеп, үйгө кеч барыптыр.
Ал эми кызымдын токмоктолуп каза болгонун SUPER.KG порталынан окуп калдым. Ошондуктан окуяны кайрадан териштирүүгө кириштим. Заара кылып койгону үчүн өлтүрүп салышканына ачууланып жатам. Кызым 2 жашка да толо элек болчу, 1 жаш 10 ай болгон. Мындай болорун билгенимде эчак эле алып келмек элем. Эми өлтүрүп коюшканы аз келгенсип, аялымдын туугандары кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бербей жатышат. Келинчегим да мени менен байланышпай качып жүрөт.
«КЫЗДЫН АПАСЫНЫН АБАЛЫ ООР»
Маркум наристенин апасы Айчүрөк менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын Тилек аттуу тууганы менен байланышып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:
– Карындашым менен күйөөсү ажырашкан соӊ күйөөсүнүн башка аял алганын укканбыз. Айчүрөк кызы менен атасынын үйүндө жашап жүрүп, жездесиникине келгенине аз эле болгон. Минтип кырсык болуп кетти. Мурасбектин кичинекей кыздары туугандарга «атам Айчүрөк эженин кызын «эмнеге сийдиӊ?» деп башка чапканда дубалды сүзүп жерге кулап түштү» деп айтышыптыр. Ооруканадан дарыгерлер кыздын башына кан уюп калганын айтышты. Жоготуудан улам карындашымдын абалы оор. Нерв оорусуна чалдыгып, бир колу жана бир буту жакшы иштебей калды. Ооруканага барып ийне сайдырып, дарыланып жатат. Ал эми күйөөсү болсо басып да келген жок. «Келинчегим менден качып жүрөт» дегени калп.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАМАЛДЫ»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) боюнча кылмыш иши козголгон (мыйзам боюнча бул берене менен айыпталгандар 8 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылат). Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Жазы айылынын 39 жаштагы Мурасбек Курмушуев аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал күнөөсүн моюнуна алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg