Мээнин шишиги дарылоого кыйын, ал тургай өлүмгө алып келүүчү оору. Бул дарт эмнеден пайда болот жана кандай дарылоо жолдору бар? Өлкөбүзгө чет өлкөдөгүдөй заманбап ыкмалар келип жеткенби? Муну ар тараптан карап көрөлү.
«ШИШИКТИ БАШ СӨӨКТҮ ТЕШИП АЛЫП ЧЫГАБЫЗ»Кочкор Меӊдибаев, Улуттук госпиталдын №2-нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты:
– Акыркы кезде мээнин шишик оорусу да жашарып баратат. Бизге 18 жаштан баштап келишүүдө. Алгач шишик (рак) эмне экенин тактап алалы.
Шишик – бир гана клеткадан өсүп чыгат. Адамдын организминдеги, анын ичинде баш мээдеги клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Бирок кайсы бир себептерден улам мээнин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрөт. Клетка көзөмөлсүз бөлүнүп көбөйө баштайт. Дал ушул клетка «рак клеткасы» деп аталат. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп шишикти пайда кылат. Мээнин шишиги эмнеден келип чыгарлыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда тукум куучулук, радиация, мээнин жаракатка кабылышы, экологиянын бузулушу, андан сырткары химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Мээнин шишиги жалпы шишик ооруларынын 15 пайызын түзөт жана 2 түрү бар: залалсыз жана залалдуу. Эгер шишик айланасындагы ткандарды кысып, бирок аларга жайылбай өссө, анда залалсыз. Муну хирургиялык жол менен дарыласа болот. Бирок дарыланбай убагынан өткөрүп жиберсе, залалдуу түрүнө өтүп кетет. Залалдуу шишик өсүп отуруп тегерегиндеги клеткаларга жайылып кетет.
Биздин бөлүм 1 жылда 500дөй адамдын баш мээсинин шишигине операция жасайт. Өлкө боюнча мындай операциялардын саны 1 жылда 2500дүн тегерегин түзөт.
ШИШИКТЕРДИН НЕГИЗГИ БӨЛҮНҮШҮ
Нейроэпителиалдык шишиктер (эпендимома, глиома, астроцитома). Мээнин тканынан өсүп чыгат.
Мээнин кабыгынан өсүп чыкчу шишик (менингиома).
Гипофиз безинин шишиги (гипофиздин аденомасы).
Мээнин нервдеринин шишиги (невринома) жана башка.
БАШКЫ БЕЛГИСИ – БАШТЫН ООРУСУ ЖАНА АЙЛАНЫШЫ
Мээнин ар бөлүгү ар түрдүү кызматтарды аткарат. Оорунун белгилери да шишик мээнин кайсы бөлүгүндө өсүп чыкканына жараша болот. Мисалы, гипоталамус аркылуу ысык-суукту сезип, эмненин элеси экенин (адамдын, жаныбардын жана башка) ажыратып билип турабыз. Эгер гипоталамуста шишик өсүп чоӊоюп кетсе, анда адам ысык-суукту, элести ажырата албай калат. Каракуш мээ теӊ салмакты сактоого, кыймыл-аракетке жооп бергендиктен шишикте адам теӊ салмагын сактай албай теӊселип басат, кыймылдай албай калат. Шишик көрүүгө жооп берүүчү бөлүктө болсо, көрүү начарлайт. Угуу, даам жана жыт билүүчү бөлүктө болсо, анда даам, жыт билүү, угуу начарлайт. Негизи шишик түрлөрүн коштоп жүрүүчү жалпы белгилер болуп баш оору, баш айлануу, кусуу, эс тутумдун начарлашы, талма (кээ бирлерде)эсептелет.
ДАРЫЛООДО БИР ГАНА ЖОЛ БАР – АЛ ОПЕРАЦИЯ
Операция жасап гана айыктырууга болот. Так диагноз коюу үчүн магниттик-компьютердик томографияга тарттырабыз. Операцияда жалпы наркоз берилет жана трепанация ыкмасы (шишикти баш сөөктү тешип алып чыгуу) колдонулат. Операциядан кийин эмгекке жараксыз болгонуна байланыштуу белгилүү убакытка майыптыкка чыгарылат. Убактысы бүткөн соӊ кайра медициналык текшерилүүдөн (ВТЭК) өткөрүлөт. Эгер дагы деле эмгекке жараксыздыгы аныкталса, анда майыптык убактысы узартылат.
Залалдуу шишик болсо, аны алгандан соӊ Улуттук онкологиялык борборго жөнөтөбүз. Ал жактан химиялык же нур терапиясын жүргүзүшөт.
«ШИШИКТИ МУРУН КӨӉДӨЙҮ АРКЫЛУУ АЛАБЫЗ. АДАМ 1 АПТАДАН КИЙИН ИШКЕ ЖАРАП КАЛАТ»
Бакытбек Турганбаев, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш медициналык саламаттыкты сактоо борборунун директору
– Биздин борбордо акыркы үлгүдөгү заманбап ыкмаларды колдонобуз. Алып айтсак, баштын гипофиз безинин шишигинде (гипофиз аденомасы) атайын медициналык шаймандарды колдонуу аркылуу шишикти мурун көӊдөйү аркылуу алып чыгабыз(транссфеноидалдык аденомэктомия). Бейтап операция болгондон кийин 4 күндө үйүнө чыгып, 1 апта дегенде жумушуна бара берет. 1 жылдап майыптыкка чыгуу деген жок.
Өлкөбүздөгү ооруканаларда омуртка аралык грыжаны омуртканы ачып алып чыгаруу ыкмасы дале колдонулат. А биз атайын ыкма менен омуртканы ачпай, керектүү жерди көзөп эле шайман менен илип алып чыгабыз (эндоскопиялык дискэктомия). Башкача айтканда, операцияда кескилеп жаракатты көбөйтпөйбүз жана операциядан кийин оорутуу аз болот. Кан да аз кетет. Кээ бир мекендештерибиз чет өлкөгө дал ошол үчүн: жаракаттын аздыгы жана операциядан кийин бат калыпка келүү үчүн барып жатышат. Ал жакта операция кымбат тургандыктан үй-жайын, малын сатууга аргасыз болушат. А биздин борбордо дарылануу акысы чет өлкөдөгүдөн 10 эсе арзан. Демек, материалдык чыгым аз кетет.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg