Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу мүчө болгон. Бул уюмга Кыргызстандан башка Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения мүчө. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартиби тууралуу бир топ жеӊилдиктер каралган эле. Бүгүнкү күндө ал келишим жүзөгө аштыбы же кагаз бетинде гана калдыбы байкап көрөлү деп чечтик.
ЕАЭСке КИРЕР АЛДЫНДАГЫ УБАДАЛАР
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн жарандары бири-биринин өлкөсүнө барганда 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алышат, андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Мигранттар эмгектенүү үчүн уруксат кагазын албастан ишке орношо алышат.
Педагогикалык, юридикалык жана медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкаркы Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Ал эми мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.
Мигранттардын өздөрү менен чогуу жашаган балдары ишке орноштурган мамлекеттин мыйзамына ылайык мектепке чейинки мекемелерге барууга, билим алууга шарт түзүлөт.
Пенсиядан башка социалдык камсыз кылуулар көрсөтүлөт. Жалпы эмгек стажы эсептелет.
Мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык «Тез жардам» кызматын өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруунун бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.
Орусияда «кара тизме» көйгөйлөрү жеӊилдетилет (мисалы, мигранттын жубайы өзү иштеп жаткан өлкөнүн жараны болсо, анда ал жана анын балдары, ошондой эле эреже бузуунун жеӊил түрү менен «кара тизмеге» киргендер да тизмеден чыгарылат).
МИГРАНТТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Жогорудагы убадалар канчалык деӊгээлде ишке ашканын же ашпаганын мигранттардын өз оозунан угалы деп ЕАЭСтин мүчөсү болгон өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин айрымдарына кайрылдык.
«КӨЙГӨЙЛӨР АЗАЙДЫ»Жолдубай Мамашарипов, Орусия, Москва шаары :
– Орусияда 10 жылдан бери ар кандай жумуштарда иштедим, учурда спорт клубда машыктыруучумун. Мурункуга салыштырмалуу мигранттардын көйгөйлөрү азайды. Мисалы, ишке кирүү кыйынчылык туудурбайт жана полиция кызматкерлеринин, жергиликтүү калктын кыргыз жарандарына болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мурдагыдай патент алуу, орус тилинен сынак тапшыруу деген жок. Мектептерге жана жогорку окуу жайларына окуу бир аз жеӊилдеди. Жакында Москванын «Киргизия» кинотеатрынын алдында кыргыз ишкерлери үчүн атайын жай берилип жарманке болуп өттү. Анда кыргыз ишкерлери өзүнүн продукцияларын сатууга кеӊири укук алышты. Бирок «кара тизме» деген балакети күчөдү. Айлыктар көтөрүлгөн жок, азык-түлүк да кымбаттап жатат. «ӨЗГӨРҮҮ ЖОК»
Улан Чойтонбаев, Казакстан, Алматы шаары:
– 8 жылдан бери Алматы шаарында соода кылам. «ЕАЭСке кирдик» деген аты эле болбосо иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү жок. Казакстанда иштеп жүрүп «кара тизмеге» кирип калгандар чыга элек, Орусияда иштегендер четинен чыгып жатат. Каттоодо турбай 30 күн жүрүүгө уруксат берилиш керек эле, бирок мурункудай 5 күндүк бойдон турат. Полиция кызматкерлери каттоого турганыӊды, эмгек келишимин текшерүүдө.
Келишим түзүлгөн соӊ Кыргызстандын тиешелүү кызматкерлери анда көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышын Казакстандын бийлигинен талап кылышы зарыл. Дагы бир маселе ЕАЭСке киргенче биздин өлкө заманбап лаборатория салышы керек эле. Анысы курулбай, биздин эт менен сүт экспортко чыкпай турат. Андыктан Кыргызстанда мал арзан. Жемиштер Казакстанга сатылып жатат, бирок баасында айырма аз болгондуктан соодагерлерге пайдасы деле аз бойдон калууда.
«ЧЕК АРАДАН ӨТӨ АЛБАЙ АРТКА КАЙТТЫМ»Мекендештерибиздин арасында ЕАЭСтин мүчөсү болгон соӊ өздөрүнүн «кара тизмеден» чыгарынан үмүт кылгандар көп.Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынып, анын 1,5 жылы өткөн 16 миӊ кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө уруксат берилгенин билдирген эле.
Федералдык миграциялык кызматынын (ФМК) маалыматы боюнча Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 200 миӊ адамга жакын. «Кара тизмеге» кирген кыргызстандыктардын саны 80 миӊ кишиге жетет. Адам өзүнүн тизмеде бар-жок экенин ФМКнын сайтынан текшерүүгө болот. Бирок бул жакта да көйгөйлөр жаралып жаткандыгын мекендешибиз Рысбек Абдыразаков билдирди:
– Үй-бүлөм менен 15 жылдан ашуун Орусияда жашап, иштеп жүрдүм. 2 ирет метродон документтеримдин кээ бир жерлери туура эмес болуп полиция кызматкерлерине кармалып айып пул төлөп кутулгам. Бир жарым жыл мурун үй-бүлөм менен Кыргызстанга келгем. Кайра кетели десек, келинчегим экөөбүз теӊ «кара тизмеге» кирип калыптырбыз. Келинчегим аты-жөнүн алмаштырып, башка паспорт алып кайра кетти. Мен биздин бийликтер убада бергенинен «кара тизмеден» чыгышымды күтүп жаткам. ФМКнын сайтынан карап бир ай мурун чыкканымды билдим. Ош шаарындагы аэропортко барып «ФМКнын сайтын текшердим. Силер Орусиянын чек ара кызматынан «кара тизмеден» чыккан-чыкпаганымды билип бере аласыӊарбы?» десем, «бизде алардын так маалыматы жок» деп коюшкан. Анан балам Москвада окучу эле, аны алып жеӊил унаам менен Орусияга барайын деп жолго чыккам. Тилекке каршы, Орусияга кирерде чек ара кызматкерлери «сиз «кара тизмеде» экенсиз. 8 айдан кийин чыгасыз» деп киргизбей коюшту. Айла жок кайра артка кайттым. Тиешелүү кызматтардын жеткиликтүү маалымат бербегенинен жөн жерден чыгаша болдум. 6 миӊ чакырым жол жүрүп бензинге акча кетти. Аялым кош бойлуу болчу, мен Орусияга бара албай калгандыктан, ал кайра келиши керек болуп жатат.
«БОЛГОНУ БАЖЫ ТОСКООЛДУКТАРЫ АЛЫНДЫ»Андан соӊ Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бакыт Жылтыровдон мигранттын көйгөйлөрүнө жооп алдык:
– ЕАЭСке киргенде бажы тоскоолдуктары гана алынды. Көпчүлүк карапайым адамдар чек аралар да ачылат деген жаӊылыш ойдо экен. Мурда кандай болсо ошондой эле документтер, унаалар текшерилет. Мындан тышкары азыр товарлардын агымын аныктоо үчүн жүктөрдүн ээлери талон толтуруп жатышат. Бул болгону 5-10 мүнөт убакытты талап кылат. Биз аны салык органдарына жиберебиз.
«Кара тизмеден» чыгып, бирок чек ара кызматынын тизмесинен өчүрүлө элек фактылар көп. Мунун себеби Орусиянын аймагы чоӊ болгондуктан ФМКнын жиберген маалыматын чек ара кызматындагылардын базасына жеткирүү үчүн болжол менен 1 жарым айдай убакыт сарпталып жатат.
Кыргызстан ЕАЭСке кирер алдындагы берилген убадалардын айрымдары эмне себептен дале иш жүзүнө ашпай жаткандыгын билүү максатында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине байланышканыбызда алар жооп берүүдөн баш тартышты.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Асхат Субанбеков
koom@super.kg