СУУНУН ДА ӨЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫ БАР, АЛ ЭМИ «ЛЕГЕНДАНЫКЫ» ӨЗГӨЧӨ…

Жашоодо ишенимдүү кадам шилтеп, илгери гана умтулган инсан тууралуу сөз кылгыбыз келди. Бул адамдын ийгиликке болгон бекем ишеними аны курчап турган айланасындагы инсандардын бардыгын кайдигер калтырган эмес. Ал жеке эле өзү эмес, жалпы эли, коом учурда эмнеге муктаж экендигин, эмнеге суусап тургандыгын сезе билген. Ал жарк этип келип-кеткен өмүрүндө миӊдеген адамдардын жалпы сүйүктүү ишине айланган жаркын иштин түзүүчүсү болуп калды. Анын философиясы эӊ эле жөнөкөй – өлкөнүн жыргалчылыгы жана улуттун саламаттыгы үчүн талыкпай эмгектенүү болчу. Албетте, идея үчүн болгон дал ушундай умтулуулардын жана тынбаган эмгектин аркасында ага ийгилик жылмайып, максат кылган ойлорунун бардыгы ишке ашып отурат.

(Эгембердиев Таабалды Бердигуловичтин жаркын элесине арналат)
Тээ 1997-жылдары Таабалды Эгембердиев кокусунан эле булактын суусуна туш болуп калат. Кийин бул суунун курамы идеалдуу чекке жакын экендиги анык болот. Ошондон тартып «Шоро» компаниясы алгачкылардан болуп «Легенда» аталышындагы газдалбаган булак суусун чыгара баштайт. «Легенда» деген аталыш да тагдыр чечүүчү мааниге ээ болдубу, айтор, ага-ини Эгембердиевдердин ысымы да тарых бетине жазылып калары бышык. Себеби бир тууган Эгембердиевдер мурда эч кимдин оюна келбеген ишти жасап, ар бири уламышка айланганын ким тана алат? 15 жыл мурун бөтөлкөдөгү сууну ичип калабыз деген ой ата мекендик керектөөчүлөрдүн эч кимисинин түшүнө да кирбесе керек. Ал эми Эгембердиевдер биздин жарандарыбызга бөтөлкөдөгү сууну ичүү маданиятын таанытуу, сиӊирүү жагынан алгачкы карлыгачтардан болушту.
Тагдырдын «тар жол, тайгак кечүүсү» кандай болгондугу тууралуу Т.Эгембердиевдин жакындары, жолдоштору өз ойлору, эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Тээ 90-жылдары,- деп баштайт аӊгемесин Эгембердиев Жумадыл Бердигулович, - Таабалды байкем Японияга жана Европанын бир катар мамлекеттерине барып келген. Ар бир келген сайын көргөн-билгендерин айтып түгөтө алчу эмес эле. Чет өлкөдө сатып алынган сууну ичип гана тим болушпастан, чай менен кофе демдегенди тим коёлу, аны тамак даярдоого да пайдалана тургандыктарын көп айта турган. Ошондо эле биз келечекте сөзсүз бөтөлкөдөгү сууну сатабыз деп чечкенбиз. Бул идеяны мен кош колдоп колдодум. Арийне бир аз жүрөксүп, коркуп турдук, себеби мындай продукт рынокто такыр эле болгон эмес. Биздин керектөөчүлөр крандан аккан сууну эле ичишчү. Көпчүлүк түшүнбөй, «кадимки эле сууну сатып жатышат» деп чыгышты. Дал ушул стереотип менен көбүрөөк күрөшүүгө туура келди. Биздин суу крандан алынган суу болмок тургай, «кадимки» да суу эмес экендигин көрө албагандар ар кандай күмөн жаратуучу сөздөрдү таратып жатышты. Мындай булганыч иш-аракеттерге биз көз жумуп коюп, четте карап тура алган жокпуз. Биз баскан жол оӊой болгон жок. Бул продуктуну рынокко киргизүү, сиӊирүү баарынан кыйын болду, анткени рынок буга даяр эмес эле. Ал эми техникалык мүнөздөгү маселелер: өндүрүшкө керектүү жабдыктарды издөө, аны иштетүү сыяктуу өндүрүштүк маселелер акырындык менен чечилип жатты. Бизди кызыктырганы башка – «Легенданын» негизги идеясын калктын калыӊ катмарына жеткирүү жана аны өткөрүү эле. Дал ушул продуктунун рынокко кириши менен биздин маркетинг сапарыбыз башталган. Мына ошондон тарта биз компания үчүн маркетингдин маанисин түшүнө баштаганбыз. Табигый жаратылыш суулары багытында биз ассортимент саясатын иштеп чыктык. «Легендадан» сапаты боюнча эч кем калышпаган «Байтик» аталышындагы газдалган булак суусу, «Арашан» суулары чыгарыла баштады. Биз керектөөчүлөрүбүз тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууларын кааладык. Албетте, маркетинг көп күч-аракетти гана албастан, көп чыгымды талап кыларын да түшүнүп турдук. Чыгымдарды агам экөөбүз инвестиция катары карадык. Баа саясатын иштеп чыгууда «Легенда» сыяктуу сапаттуу продукт тийиштүү наркка ээ болушу керек деп ишендирүүгө аракет кылышты. Бирок агам суунун баасы жөнөкөй адамдын чөнтөгүнө туура келүүсүнө басым койду, дагы кайталай кетейин, ал үчүн акчанын, кирешенин анча мааниси жок болчу.
Бул продуктуга көптөгөн аталыштар сунуш кылынган,- деп эскерет «Шоро» компаниясынын башкы директору Исираилов Бактыбек Мамбетович. Эсимде, бир жолу Таабалды жана Жумадыл Бердигуловичтер менен Алматы шаарында болгон көргөзмөдөн келе жатканбыз. Жол бою жаӊы продуктуга кандай ат коюу керектигин кызуу талкуулап келдик. Ошондо Таабалды Бердигуловичтин оозунан «Легенда» деген сөз чыкты. Биз эмнеге мындай дегенсип аны суроолуу тиктеп калдык. Ал ар бир жаӊы башталыштын бул булактыкы сыяктуу эле өз тарыхы боло тургандыгын айта баштады. «Бул булактын өз энергетикасы бар, бул жер кылымдардын тарыхын өз ичине сактап келет, бул жер уламышка айланган жер. Бул тарыхты биз кийинки жаш муундарга өткөрүп бербегенибиз жарабас»,- деди. Ошондо эле ал терс жоромолдорго карабастан, бул суу уламышка айлана тургандыгын, себеби кемени кандай атасаӊ, ал ошондой сүзүп жөнөй тургандыгын айткан эле. Эми бир канча жылдар өткөндөн кийин булак суусуна ушундай ат ыйгарып, Таабалды Бердигулович көрөгөчтүк кылган экен деп так кесе эле айта алам. Анткени бүгүнкү күндө биздин «Легенда» суубуздун аталышы энчилүү атка айланып, бөтөлкөдөгү газдалбаган сууну билдирип калды. «Легенда» адамдардын сатык сууга карата мамилесин өзгөртүп, ата мекендик рынокто газдалбаган сууну керектөө маданиятын сиӊирүүгө салмактуу кадам таштады.
Булак кокусунан табылып калган,- дейт Таабалды Бердигуловичтин уулу Кайрат Эгембердиев. – Атам балык уулаганды жакшы көрө турган. Биз балык кармаганы көп барчубуз. Күндөрдүн биринде Ала-Арча капчыгайына жөнөп калдык. Менимче, ал жаратылыш коюнунда кооз тоолорго суктанып эс алганды жакшы көрчү окшойт. Табият коюнунда тоолордон кубат алып, алардын бийиктигине жана кенендигине суктанып, ошол атмосферага чөмүлүп, жаратылыш менен бир болуп кетер эле. Өзү да бийиктикти жана эркиндикти сүйгөн бүркүт сыӊары жашап өттү. Тоолордун алптыгына жана биздин ажайып кооз табиятыбызга болгон сүйүүсү булактын табылып калышына себепкер болду.
Күн бүркөк эле. Мен машинеден алыс кетпей, атамды күтүп балык уулап жаткам. Эсимде, ал аябай толкунданып келип, мага эч нерсе айтпастан эле канистр сурап бир жакты көздөй жөнөдү. Мен аркасынан жөнөдүм, көрсө, баягы булакка бара жатыптырбыз. Андан соӊ биз атамдын иниси, менин байкем Жумадылга жөнөдүк. Карап отурбастан, булактын суусунан чай кайнаттык. Чайын ичип көргөн соӊ көктөн издегенибиз жерден табылганын түшүндүк.
Таабалды Бердигулович булак таап алгандыгы жөнүндө бизге кабарлагандан көп өтпөй эле, - деп компаниянын эмгек сиӊирген кызматкери, башкы инженер Ворошилова Надежда Васильевна өз эскерүүлөрү менен мындайча бөлүшөт:
– Дароо кечиктирбестен кадам-кадам менен кызуу иш башталып, анын башынан аягына чейин өзү катышып жүрдү: жумушчу команданы түзүп, ага өзү жетекчилик кылды, долбоорун түзүп, эсеп-кысабын жүргүздү, каптажды даярдоо менен алек болду. Биз суудан өтүү үчүн трос менен бекитип асма көпүрө жасадык. Көпүрөнүн курулушуна президент жеке өзү жетекчилик кылды. Эсимде, бир жолу жумуш учурунда ал сууга кулап түшүп, аны тезинен ооруканага алып кетишкен, бирок кечкисин кайтып келип жумушуна киришкен эле. Ошентип анын жеке көзөмөлү жана түздөн-түз катышуусу менен булакка карай алгачкы жол салынган болчу.
Курулуш иштерди баштаардан мурда сууну лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү үчүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаменттерине жөнөтүшкөндүгү баарынан маанилүү болду. Ошондой эле бир жыл бою суунун химиялык курамын изилдөө үчүн аккредиттешкен лабораторияда изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Оӊ натыйжалар белгилүү болуп, суу колдоо тапкандан кийин да сууга көзөмөл жүргүзгөнүбүздү улантып, жогоруда аты аталган инстанциялар менен биргеликте атайын изилдөө иштерин жүргүзүп жаттык. Аба ырайынын бузулушу менен, ошондой эле жылдын 4 мезгилинде суунун көрсөткүчтөрү өзгөрөр-өзгөрбөсүн билүү биз үчүн абдан маанилүү эле. Ошондуктан аба ырайынын ар кандай шарттарында: жаан жааганда, кургакчылыкта, муздар активдүү эрип жатканда да суунун үлгүсүн алып изилдедик. «Легенда» дайыма суунун курамынын туруктуу көрсөткүчтөрүн көргөзүп жатты. Атүгүл бул көрсөткүчтөр бүгүнкү күндө да ошол эле калыбынан жазбай келүүдө. Бул, демек, биз ишенимдүү булакка ээ болгонубузду билдирип турат.
Таабалды Бердигулович өзү дайым айткандай, бизде керектөөчүгө «Легенда» булак суусунун басып өткөн оӊой эмес жолун жеткирүү максаты оргуштап турат. Керектөөчү этикетка кагазы чапталган кооз бөтөлкөдөгү сууга ээ болот, ал эми мунун аркасында жөнгө салынган бир катар татаал иш-аракеттер турат эмеспи.
«Легенда» булак суусу башаттан ишканага алынып келинген соӊ физикалык-химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча суунун техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерүүчү лабораториялык көзөмөлдөн өтөт. Лабораториялык көзөмөлдүн жыйынтыгы менен өндүрүштүн планына ылайык сууну сактоого жана андан кийин бөтөлкөлөргө куюштурууга алуу чечими кабыл алынат. Азыктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сууну технологиялык жактан иштеп чыгып, бир нече этап менен тазалоодон өткөрүшөт: биринчи этап – механикалык фильтрлердин жардамы менен сууну керексиз нерселерден тазалоо; экинчи этап – суу бактерициддик лампалар жана мембрандык фильтрлер тобу аркылуу тазалоодон өтөт. Мунун натыйжасында физикалык жана микробиологиялык коркунучтуу факторлордун алдын алынат. Кийинки технологиялык операцияда газдалбаган суу автоматташтырылган куюштуруу линиясына келип бөтөлкөлөргө куюштурулат.
Суу өндүрүшүн башкаруу коопсуз жана сапаттуу продукцияны өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү бизнес процесстерди дайыма жакшыртып турууга багытталган өз иш
аракеттерин жана эрежелерин тартипке салуучу ISO 22000-2005 аттуу тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча эл аралык менеджмент системасына ылайык ишке ашырылат.
– Биздин ар бир керектөөчүбүз биздин суунун тазалыгына ишенишине умтулабыз,- деп сөзүн жыйынтыктайт Жумадыл Бердигулович. – «Легенда» булак суусун ууртап жатып ар бир адам өзүн булактын башатында тургандай, тоонун таза абасынан кере дем алып, табияттын мемиреген тынчтыгына ырахаттанып, көгүлтүр асманга суктанып, тоолордон күч-кубат алып жаткандай сезимдерге бөлөнүшүн каалайм. Себеби тоолордо адам баласынын өмүрүнүн булагы болгон таза суу сакталып турат эмеспи. Кылымдар бою кебелбеген мөӊгүлөрдөн агып келген булак суусу жомоктогу мүрөктүн суусундай эле касиетке ээ. Мындай суу курамы боюнча идеалдуу келип, анын ар бир тамчысында жашоонун деми бар.

Наргиза Койлубаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Eliza-2014
2015-11-17 18:12:04
Рахмат сиздердин Легенда суунуздарды мен дайыма ичем, 5литр сууну 2кун ичем, магазинге барган сайын Легенда суусун алып келип турам, башка сууларды деле ичип кордум бирок Легенда мага жагат. банкасы уйго толуп кетип эми пакеттегисин алып калдым
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан