Жылуу бөлмөдө деле үшүп, кат-кат күпшүйүп кийинип, ал тургай төшөккө оронуп-чулганып алгандар бар. Андайлардын колу-буту жыландай муздак болуп, түндө жылыткычтарды кайтарып укташат. Башкалар үчүн калыптагыдай болуп эсептелген температурада алардын үшүй берүүсүнүн себептерин чечмелейбиз.
АНЕМИЯ
Эгер адам анемиядан жабыркаса же гемоглобиндин өлчөмү төмөндөп кетсе үшүй баштайт. Анткени кандын айланышы жайлап, организмди кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен жабдуу процесси бузулат. Мындай болгондо организм жылынуусу үчүн аргасыз кан тамырларды кеӊейтип, кандын айланышын батыраак жүргүзөт. Кан менен кошо жылуулук берүү күчөп, адамдагы жылуулук запасы жоголот да, адам үшүкчөөл болуп чыга келет.
Эмне кылуу керек?
Гемоглобиндин запасын толтуруу үчүн доктурга кеӊешке кайрылып, курамында темири көп азыктарды көбүрөөк жеш керек. Аларга эт, боор, бөйрөк, акшактар (гречка, күрүч, акталган арпа), кургатылган жемиштер, жумуртка, алма, сыр, капуста жана укроп кирет. ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ
A жана E витаминдери боордун тамак-ашты сиӊирүүсүндө, жылуулуктун иштелип чыгуусунда чоӊ роль ойнойт. Эгер алар тартыш болсо, демек, жылуулук аз иштелет да, адам үшүйт.
Эмне кылуу керек?
Аталган витаминдер уйдун боору, жумуртка,быштак, балык, сүт, шпинат, сабиз, петрушка, сүт, өнгөн буудай, өсүмдүк майында бар. Андыктан азыкка буларды көп колдонуу сунушталат. АШЫКЧА СЕМИЗДИК
Кээ бирлер толук адамдар дайыма ысып жүрүшсө керек деп ойлошот. Тескерисинче, алар үшүкчөөл келишет. Себеби ашыкча семиргенде май катмарлары кан тамырларды кысып, кандын жүрүшүн жайлатат. Андыктан организм өзү жылынышы үчүн кан тамырларды кеӊейтип, канды батыраак жүргүзө баштайт. Кан менен кошо жылуулук берүү жогорулап, адамдагы жылуулук запасы жоголуп, адам үшүкчөөлгө айланат.
Эмне кылуу керек?
Диетологго кайрылып, фитнеске же машыгуу залына барып, арыктоо үчүн аракет жасоо зарыл.ТОЛУК КАНДУУ ТАМАКТАНБОО
Тоӊуп жүрүүнүн дагы бир себеби – организмде калориянын жетишпестиги. Аз өлчөмдө, толук кандуу эмес тамактангандардын организминде жылынуу үчүн энергия өтө аз. Көбүнчө арык жана аз кыймылдаган адамдардын дене табы төмөн болот.
Эмне кылуу керек?
Жумушу жеӊилдер 1 суткада жалпы суммасы 2800 калорийди, оор жумуштагылар (мисалы, шахтёр, механизатор) 3700 калорийдин тегерегин түзө турган витаминдүү тамак-ашты кабыл алуусу кажет. 3 маал толук, ал эми 2 маал жеӊил шам-шум этүү талап кылынат. КАНТ ДИАБЕТИ
Аталган оору жаралганда организмдеги зат алмашуу бузулуп, нерв жана жүрөк-кан тамыр системинде да маселелер пайда болот. Өзгөчө кол-буттун учтарындагы нервдер жакшы иштебегендиктен бөлмө жылуу болсо да адам үшүй берет.
Эмне кылуу керек?
Эндокринологго убак-убагы менен көрүнүп, дарыланып, врач сунуштаган гана тамак-ашты жеш керек.
КАН БАСЫМДЫН ТӨМӨНДҮГҮГипотонияда (кан басымдын төмөндүгү) организмдин кан менен жабдылышы бузулуп, адам дайыма үшүп жүрө баштайт. Өзгөчө кан менен жылуулук кол менен буттун учуна жетишерлик деӊгээлде жетпей калгандыктан адам кабат-кабат байпак кийип, колун коюнуна катып жүрөт. "Көгөрүп үшүгөн" деген сөз анык ушуларга таандык.
Эмне кылуу керек?
Дарыгерге жазылып, текшерилүү менен витаминдердин курсун алуу зарыл. Ошондой эле оор эмес кара жумуш жасоо, эртеӊ менен чуркоо, таза абада сейилдөө, жашылча-жемишке, кышкысын кактарга жана жаӊгактарга басым жасоо зарыл.
Кан басымды көтөрүү үчүн калориялуу тамактануу керек экендиги да эсте болуусу оӊ.КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗДИН ООРУСУ
Калкан сымал без кичинекей экенине карабастан организмде энергиянын запасын туура бөлүштүрүүдө башкы орунга ээ. Эгер ошол безде оору, мисалы, гипотиреоз жаралса (йоддун жетишсиздигинен келип чыккан богок) без жарым күчү менен иштеп калат да, денеде зат алмашуу бузулуп, адам үшүкчөөл тартат. Өзгөчө буту дайыма муздайт.
Эмне кылуу керек?
Эндокринологго көрүнүп, дарылануу кажет. Ошондой эле курамында йод бар азыктар – курма, деӊиз капустасы, креветка, балык (өзгөчө сом, хек, сельд, горбуша, минтай, окунь, треска, камбала, лосось), жүзүм, кызылча, сүт азыктары дасторкондо болушу шарт.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg